Мо Ян
Котормо жана котормочулар жөнүндө
2012-жылы Нобель адабият сыйлыгын утуп алган кытайлык белгилүү жазуучу Мо Ян ушул жылдын башында германиялык окурмандарынын суроолоруна жооп берип жатып, котормо жана котормочулар жөнүндөгү суроого 2014-жылы үчүнчү Эл аралык синологдордун адабий котормо боюнча симпозиумуна катышкандагы айткан ойлорун жооп катары кыскартып бөлүштү. Аталган макала Мо Яндын өздүк Bechat баракчасына жарыяланган. Бул ойлор кыргыз окурмандары, котормочулары үчүн да кызыктуу болот деген ойдо которуп сунуштоону туура көрдүм.
Мо Ян: котормо жана котормочулар жөнүндө
Жалпыңыздарга салам! Мен Мо Ян болом.
Өткөн жолку китеп тизмесин бөлүшкөндө калтырган пикирлердин арасында айрым окурмандар адабий котормо тууралуу менин көз карашымды сурашкан экен. 2014-жылы мен үчүнчү Эл аралык синологдордун адабий котормо боюнча симпозиумуна катышып, ушул тема боюнча айрым ойлорумду айткам. Бүгүн ошол пикирлерди кайра силер менен бөлүшкүм келет.
I
Котормо болбосо, дүйнөлүк адабият да болмок эмес. Мындай сөз бир аз аша чапкандай угулушу мүмкүн, бирок анын жүйөсү бар. Котормо — бул техникалык маселе гана эмес, илимий маселе, андан да маанилүүсү — сезим маселеси.
Котормонун негизги принциптери — «ишенимдүүлүк, жеткиликтүүлүк, көркөмдүүлүк». Батышта да көптөгөн улуу котормочулар дал ушул принциптерди карманышат.
Кээ бирөөлөр котормочуну “каракчы” же “саткын” дешет. Мен болсо котормочу “ак жүрөк” болушу керек деп эсептейм. Анткени “ак жүрөк” деген түшүнүк котормонун эң негизги принцибине — тактыкка туура келет.
Мен совет жазуучусу Шолоховдун «Тынч Дон» чыгармасынын бир нече варианттагы котормолорун окугам, айрым майда-барат деталдар эсимде өзгөчө сакталган.
Котормочу Жин Рын мырза ат тынчсызданганда улам-улам туягын кагып, чапчыганын сүрөттөйт. Кийинчерээк айрым котормолордо бул жер «туягын кыймылдатты» деп берилгенин көрдүм. Тил жагынан туура болгону менен, жазуучу катары да, окурман катары да «туяк кагуу, чапчуу» деген сөз алда канча таасирдүү, кытай окурманынын кабылдоосуна көбүрөөк ылайык деп сезем.
Дагы бир деталь бар: романда каарман аял Аксе́нья Григорий менен акыркы жолу качып бара жатканда, Григорий аялына ат минип баратканда этият болууну эскертет — ат башын ылдый салып, минген адамдын «болуогайын» (тизесин) тиштеп алышы мүмкүн дейт. Баарыбызга белгилүү болгондой, «болуогай» деген сөз «тизени» билдирет. Кийин айрым котормолордо муну түз эле «тизе» деп жазышкан. Бирок окурман катары мага «болуогай» көбүрөөк жагат, анткени, бул өтө жандуу, элдик, образдуу сүйлөм.
Кытай жазуучуларынын чыгармаларын башка тилдерге которгондо да котормочулар «чапчуу» менен «кыймылдатуу», «болуогай» менен «тизе» сыяктуу көптөгөн тандоолорго туш болушат.
Кытай жазуучусу катары мен силерден «чапчуу» болушун, «болуогай» болушун каалайт элем.
Кыскасы, бул — тил маселеси.
II
Экинчи талаш — котормочу котормо процессинде сезимин кошушу керекпи же жокпу деген суроо.
Айрым синологдор «нөлдүк котормо», «нөлдүк сезим» болушу керек деп эсептешет, башкача айтканда, котормону мөшкөй техникалык иш катары көрүшөт, котормочу оор басыктуу акыл менен ар кандай техникалык иштерди аткарышы керек дешет.
Ал эми котормочу чыгармага терең берилсе, каармандардын тагдыры анын ички дүйнөсүндө күчтүү резонанс жаратса, анда анын котормосу сезим кошулган котормо болуп калат.
Мен экинчи көз карашка көбүрөөк ыктайм.
Эгер котормочу чыгарманы чындап сүйсө, анда сөзсүз түрдө автор менен да, каармандар менен да кандайдыр бир эмоционалдык үндөштүк түзүлөт. Мындай шартта жасалган котормо сөзсүз сезим камтыган котормо болот. Адабий котормодо таптакыр мөшкөй техникалык котормо деген нерсе чындыгында жок.
Котормодогу сезим автордун сезими менен шайкеш болушу керек, чыгармадагы каармандардын эмоциясына дал келиши керек. Бул иштин кыйынчылыгы — коомдук фондун жана тилдердин айырмачылыгында.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.