Мо Ян

Котормо жана котормочулар жөнүндө

Мо Ян

Окурман катары чыгарманы окуганда туура эмес түшүнүү болушу мүмкүн. Кытай окурмандары да кытай жазуучуларын окуганда жаңылыш түшүнүшү ыктымал. Жазуучу бир образды бергиси келет, ал эми окурман башкача даам сезиши мүмкүн. Мындай “ката окуу” — кеңири таралган көрүнүш жана тилдин өзүнө таандык сулуулук.

Биз котормочудан автордун эмоциясы менен шайкеш болууну каалайбыз. Андай болсо, жаңылыш түшүнүү болуп кетсе да коркунуч жок — кээде жаңылыштык өзү да кооз болушу мүмкүн.

Албетте, мен котормочу сезимин кошушу керек деп эсептейм, бирок бул сөзсүз котормо техникасынын тактыгына негизделиши шарт.

 

III

Мен котормочулардын эмгегине абдан ыраазымын. Котормочулар болбосо, кытай адабияты дүйнөлүк адабияттын бир бөлүгү катары толук калыптана албайт эле.

Котормо иши чынында өтө оор. Чыныгы котормо — бул да чыгармачылык, бирок бул пикирге айрымдар шек келтиришет. Айрым көз караштар боюнча, котормочу жарата албайт, анын иши мөшкөй техникалык иш дешет.

Мен айткан чыгармачылык — чектелген маанидеги чыгармачылык: өз стили бар тилди башка улуттун тилине которуп жатып, түп нусканын тилдик өзгөчөлүгүн мүмкүн болушунча так, жандуу жеткирүү — мына ушуну мен чыгармачылык дейм.

Биз чет элдик адабиятты кытай тилинде окуганда, адатта котормочунун тилине шек келтирбейбиз.

Акыркы жылдары көптөгөн кытай котормочулары Латын Америка адабиятын, мисалы Маркестин чыгармаларын которушту. Бул тил биздин көнүмүш стилден айырмаланып, бизге жаңычыл сезилди. Биз аны автордун өз стили деп кабыл алабыз. Биз Бальзакты, Гюгону жана башка француз улуу жазуучуларын окуганда да алардын тили дал ушундай деп ойлойбуз. Бул да — чыгармачылыктын бир түрү. Мындай тил, менин оюмча, кытай адабий тилинин маанилүү курамдык бөлүгүнө айланган.

 

 Которгон: Дабыт Абдылбары уулу, филология боюнча PhD доктор, котормочу

16.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.