ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Рубаилер

ЗАХИРЕДДИН МУХАММЕД БАБУР

Чачындай сансыз бириккен тал-тал

өрүмгө,

Сай-сайды бойлоп кыялым сен деп

бөлүнгөн.

Ак шоола болуп үмүтүм алга жетелеп,

Жүрөсүң дайым рухтун бийик төрүндө.

Алыста жүрүп сарсанаа, муңум

туюлбай,

Үйрүлө берем өзүңдү каптап куюндай.

Каалаган ишиң ишеним менен

тапшырсаң,

Башымды сайып аткарар элем

кыйылбай,

Таяныч болуп алтын тоо мейли тиресин,

Өксүкмүн дале жетишпей турса бир

өзүң.

Татканым уубу, тамшанткан таттуу

балбы же,

Жашоомун супсак өзүңсүң шекер,

ширеси.

Жомоктой улам кызыткан чырай

буйурду,

Туткундап алып көңүлгө бекем туйулду.

Ышкыңа жанып, ынтызар болгон

өзгөчө,

Издеп келмени, же жообун жөнөт

кыйыр бу.

Тартууга берип жашоонун бардык

жыргалын,

Бурайын сага ааламдын бүткөн

нурларын.

Тетири карап, жактырбай кылган

ишимди,

Башканы күсөп, жүзүңдү менден

бурбагын.

Талдабай терең таркаган ушак- айыңды,

Көз жашың төгүп, коротпо карек

майыңды.

Убакыт өткөөл, өкүнсөң кийин кеч

болот,

Ай-жылдар кетер калтырып турган бул

жайын.

Бактыга бүткөн буурул таң, чак түш, кеч

күндү,

Адамдан алат аябай мезгил эч кимди,

Кылымдын мизин майтарып турган гүл

чачып,

Аңыздуу чырай, баатырдык болот

чечкиндүү.

Дос тутсаң жаттан ким алмак сенин

мазаңы,

Ишеним менен келгенге тартпайт

жазаны.

Илбесең көзгө элдин да, шахтын

назарын,

Эртеби-кечпи тартасың анын азабын.

Сүйүүнүн күчү жүрөгүн жара тилгенде,

Шахтын да калбайт дарманы жыргап

күлгөнгө,

Көз ирмем сайын жаралып жаңы

ишеним,

Махабат дарты азаптуу болот билгенге.

Жылдыздай жанып бет маңдай менин

тушума,

Ортоктош болуп жашоомун жайыкышына.

Кылымдын берген азабын кылча

туйдурбай,

Өмүрүм өткөз көңүлдү кылып кушубак.

Байланып башым азаптуу ышкы күчүнө,

Акылда калчап мендик деп сени

түшүнөм.

Төп келбей калса көңүлдүн салган

толгоосу,

Шектенип кээде чочуймун көргөн

түшүмөн.

Кууганын кармап маш болуп бүткөн

тайгандай,

Жаштыкта бардым ар түрдүү ишке

тайманбай.

Ачышат жүрөк алыскы Индус жеринде,

Туулган жер демин ойлосом ийне

сайгандай.

Козголбос тоодой сырыңдын түбү

бекемби,

Ачылып чети жылытат качан чекемди.

Ачкычын таппай карайлап жүрүп

жашоодон,

Азабың тартып, мээримиң көрбөй

кетемби.

Айтылса ушак келтирип намыс-арыңа,

Тутулган айдай кабагың бүркөп

каарыба.

Көңүлү толо Бабурдун билсең бир гана,

Жарыктык дүйнө жана да сенин

барыңа.

Тынч албайт жаным убада-шертин

албасам,

Кыйнайсың түштө ээн чөлгө таштап

уктасам.

Бейиштин гүлүн сунгандан артык иш

болор,

Ынтызар жанга жылуулук берип

ыктасаң.

Билгенге таасын көрүнөт өмүр баяным,

Азапка баткан күндөрүм өксүк аялуу.

Сен келсең эгер тилегим чыгып

ордунан,

Калкырмын көккө баспай эки аягым.

Турмуштун жолу тайгалак, таштак,

татаалдык,

Кечирип баштан күндөрдү нечен катаал

бу.

Чегинбей артка тирүүлүк берген

жолумдан,

Көп ирет элден мээримсиз адам

аталдым.

Түпөйүл кылып кусалык бийлеп рухту,

Азаптуу санаа көңүлдүн кушун курутту.

Жүрөйүн жеңил, мейли же татаал жол

менен,

Кызыл гүл сага, сагынчым бирок

туруктуу.

Булбулдай ырдап агарган ар бир

таңында,

Кай жакта жүрсөң болоюн дайым

жаныңда.

Көңүлүңдүн уусу, дарысы дагы сөз экен,

Жакшы сөз тилеп жүрөйүн сенин

камыңда.

Артыкча болсо көрсөткөн элге

кысымың,

Алыска тарап жел менен кошо ысымың.

Ишеним кетип, саламың калып суу

кечпей,

Салкындык каптайт, көңүлдүн качып

ысыгы.

Аралап жүрүп өксүткөн дарттын арасын,

Жүрөктү басты сагыныч, куса жарасы.

Кайгынын суусу кууратмак болгон бул

күндө,

Дабагер болуп оорунун тапчы чарасын.

Обонго салып кылыгың, кыздык

назыңды,

Келтирчи күүгө мукамдуу доошун

сазыңдын.

Чертилген күүдөн сезейин жашоо

жыргалын,

Чыгарып эстен алдыда күндүн азын бу.

Майтарып мизин колумда өткүр

жарактын,

Табышмак болуп жооп жок жолуң

караттың.

Жаралуу дарттын көңүлдөн мүнөт

сүрүүгө,

Жетпеди күчү кайнаган ачуу шараптын.

Өксүккө салып жүрөктүн табын

муздатпа,

Сен үчүн дайым жүрөйүн адил

кызматта.

Теңирден түшкөн кабыл ал аруу

сезимди,

Азапка салып ашыкча мени сыздатпай.

Санаага батып жүз түрдүү мээнет

артынып,

Жат бойдон сага жете албай жүрөм

тартынып.

30.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.