ЧИГИТЕЙДИН ЖООГО АТТАНЫШЫ
Жусуп Мамай
Алланын сүйгөн бендеси,
Душмандан болуп касчылык,
Аттанып чыккан Сомбилек,
Аттанып кетти келбеске,
Манастан улап бир-бирин,
Айтып жүрдү кыргыздар,
Унутулуп кетпеске.
Тынымкан өлүп жан тынды,
Чигитей жетим какшады,
Төрт жашта ага ат койгон,
Мадыбек үйдө бакканы,
Тогуздан өтүп чоңойуп,
Онго чыга жаздады.
Жаман эмес жакшылап,
Баккан экен Мадыбек.
Арстандан калган жетимдин,
Көөнү эркин болсун, деп,
Куйругуна Мадыбек,
Бактага кошуп май төшөп,
Кайратына толсун, деп,
Казы кесип жедирет,
Куурдакка кошуп май берет,
Сапты айак менен чай берет,
Желбестен жорго мингизет,
Жеткилең кызыл кийгизет,
Атасынын өлгөнүн,
Мадыбек ага билдирбейт.
Эртеден кечке Чигитей,
Салганы тайган, куш болду,
Мылтык атып, балта чаап,
Эр сайышка маш болду,
Кара мүртөс Чигитей,
Эрибес боору таш болду.
Атайын баккан Мадыбек,
Өз эркине тим койду,
Жетим болбой Чигитей,
Эрке жүрүп чоңойду.
Мурас эмес эркелик,
Жабышып калбас жетимдик,
Жараткан билет ар ишти,
Тентитип ийбейт кесирлик.
Сунган бутун тартпаган,
Жумган көзүн ачпаган,
Тогуздап-ондоп жаш балдар,
Топтошуп келип кол салса,
Тоңкойто чаап таштаган,
Эркин жүрөт элинде,
Эр Чигитей балапан,
Келатат эмгек жакындап,
Келер ишти мен айтам.
Маңгыттан чыккан Калдуубет,
Күн бербей ага Сомбилек,
Каңгайдан катын алыптыр,
Качып жүрүп темселеп.
Баатыр тууган Сомбилек,
Эки буттан айрылып,
Туйук төрдө жатканда,
Калдуубеттин өтөрү,
Туулган экен ал чакта.
Элөөсүз жерден эр чыкты,
Бирөө эмес эки уул,
Мына мен-мен деп чыкты,
Табай менен Катайы,
Жол талаша тең чыкты,
Чоңойду үчөө курбалдаш,
Карылар айтып кобурап,
Ал балдарга угузат,
Өтүп кеткен өткөн чак.
Отор, Табай, Катайы,
Беш уруктун элинде,
Ошондой бар далайы.
Кээ бирөө журтка баш болду,
Кээ бирөөндө меңсеп жок,
Башчысынан баш болду,
Күндөн-күнгө өөрчүдү,
Кыргыз бизди кырган, деп,
Айткан киши көп болду.
Уламалап угуптур,
Калдуубеттин Отору,
Узун кулак чыгыптыр,
Табай менен Катайга –
Аларга кеңеш кылыптыр.
Өз алдынча той берип,
Тойго элдер көп келип,
Карыдан алып канчаны,
Улуктан бирөөн кетирбей,
Алып калды анчаны.
Тойдун ээси чоң Отор,
Кызмат кылып жүгүргөн,
Табай, Катай-эки эр,
Арак ичип, эт жешип,
Катарлашып турганда:
- Карылар, кебиң айтып бер.
Отор айтып калыптыр,
Кеңешип койгон нечени,
Кебин элге салыптыр,
Эндекей жүргөн нечени,
Кыргыз менен калмактын,
Арасында канчалык,
Кеги барбы, жок бекен,
Көбү билип алыптыр.
Сомбилек койгон Сатайы,
Кың кылалбай кылчайып,
Кетип калды айласы,
Ошол топтон чыгарбай,
Улуктуктан айдашты,
Тургандары чогулуп,
Калдуубеттин Оторун,
Каңгайга улук шайлашты.
Кеңеш кылып алышты,
Келбей тойго калгандан,
Анжу, манжу, таңгытка,
Атайын кабар салышты.
Анжудан барды алты чоң,
Манжудан барды канча чоң,
Таңгыттан барды Дөрбөнү,
Дүбүрөшүп беш урук,
Чогулушуп келди эми.
Эркинче Отор бактырып,
Эрлерди сыйлап жаткырып,
Кычыртып келип карыдан,
Аларга кебин айттырып,
Бутуна кишен салдырып,
Сатайды койду кар кылып.
Карыдан угуп келгендер,
Мына менмин дегендер,
Алакташып желдеди,
Бучкактан үйлөп Оторго.
Бу түгөнгөн каңгайлык,
Чаначтай үйлөп желберди,
Урушка кумар эл экен.
Укумунан тукуму,
Өлүп жатса өспөстөн,
Уруша берсек дээр экен,
Таңгыттан келген Дөрбөнү,
Салттуу эрдин бири экен.
Туңшакенин Бозкертик,
Манастын өткөн тушунда,
Ошондон бери кыдырып,
Дөрбөн ага тукум да:
- Атабыздан атабыз,
Балабыздан балабыз,
Кыргыз менен аркачан,
Кырылышып жатабыз.
Же кырылып каңгай түгөнбөй,
Же кырылып кыргыз түгөнбөй,
Он жыл өтпөй арадан,
Кызыгышпай жөн жүрбөй,
Чымындай жан жай албай,
Өлгөндөрдү укканда,
Үңкүйүп жатып алалбай,
Отор, Табай, Катайлар,
Барбасаңар жатыңар,
Мен барамын кыргызга,
Эми калдым жаталбай!
Дөрбөнү айтып салыптыр,
Дөрбөндүн кебин укканда:
- Биз барабыз баарыбыз,
Эп көрсөң, Отор ханыбыз,
Сомбилектин уулу бар,
Чигитей атын угабыз,
Эресек тартып жеткинче,
Жыпжылма-түптүз кылалык.
Чоңойуп кетсе бой тартып,
Кокустан келип калабы,
Чокчоңдоп бизге ок атып.
Үйүндө булар кеп салып,
Укмуштан угуп жүрүшкөн,
Сомбилектин Чигитей,
Онго чыгып калды, деп.
“Оңой душман ойлобо,
Манастын уулу аны” дейт,
Капкайда жатып каңгайлар,
Чигитейден кайгы жейт.
Чигитей төрттө Сомбилек
Суусамырда той берген,
Кулак угуп, көз көргөн,
Барлык жерден эл келген,
Ошол үчүн каңгайлык,
Чигитей жашын билчү экен,
Баралы деген киши жок,
Унчуга албай жүрчү экен.
Сатайдан коркуп кеби жок,
Сыр алдырбай Сатайга,
Жүргөн каңгай шеги жок,
Отой улук болуптур,
Айанып калар жери жок.
Дөрбөн ага кошулду,
Белдүүлөрү беш урук,
Биргелешип олтурду,
Ар уруудан отуз миң,
Жүз элүү миң аскерге,
Адамдын санын толтурду.
Барычу эрдин аттарын,
Ак кагазга каттады,
Кан ичме Отор чоң жинди,
Окубай туруп жатка алды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.