КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Качырып кирген убагы,

Как жүрөктөн найза жеп,

Ат үстүнөн кулады...

Шайы кетип карган чал

Чалкасынан сулады!

Дөөсүнөн айрылып,

Дөлөн хан карап турабы!

Калмактын ханы Дөлөндүн

Өрөпкүгөн жүрөгү

Өрт өчкөндөй басылды.

Бала баатыр Курманбек,

Бар курушу жазылды.

Куу найза алып Дөлөн хан

Курманбекти качырды.

Качырганча Дөлөндүн

Кара буусу түтүндөй,

Карап турат Курманбек,

Камынбай да, күтүнбөй!

Калмак ойлойт баланы

Качуучунун бириндей.

Бала баатыр сүйлөдү: - Кырк жигитим кырааным,

Кыргыз менен кыпчактын,

Эми калмактын ханын сайбасам,

Тарабайтко кумарың...

Карап турган кырк жигит,

Кардын жара сайбасам,

Калмактын ханы Дөлөндү

Качырганда жайласам,

Кайрат менен эрдиктен

Качырганда тайбасам;

Хан Дөлөндү сулатып,

Канына кылыч майласам...

Калганын кырып талаадан

Кара шаарга айдасам,

Ордуна келет талабым,

Ой жигиттер карагын,

Ойрон кылат калмакты,

Колунда болот жарагым.

Тоо көрүнсүн калмакка

Толкундаган карааным.

Кайраттанып Курманбек

Дөлөнгө кирди качырып,

Алдындагы Телтору

Арандай оозу ачылып,

Ооздугун кемирип,

Ойноктогон Телтору ат

Оозунан көбүк чачылып,

Курманбек, Дөлөн беттешти,

Кыргыз, калмак кектешти,

Ким жыгылат, ким саят,

Жыгылышын чектешти.

Курманбек, Дөлөн баатырлар

Найзалары кагышып,

Бир беттешип алышып,

Күч эрдигин сынашты

Бак таалайга салышып.

Кайта кирди беттешип,

Күч эрдигин таанышып,

Хан Дөлөндүн тулпары,

Качкы болгон Карала,

Кача баштап кайран ат

Сыр алдырды балага.

Жалтанчаагын билген соң,

Бала баатыр Курманбек

Качырып кирди жана да.

Кый сүбөөдөн бир сайды,

Айла таппай кылчайды.

Эби кетип Дөлөндүн

Үзөнгүдөн бут тайды.

Ажалым жеткен экен деп,

Арман кылып муңайды.

Сүбөөдөн тийген найзасы

Кабырганы аралап,

Кыркындата тепчилип,

Кыр арканы жаралап;

Кыйыр болуп калган ат

Калмакка кирди аралап.

Элине кире качарда,

Тартып алып найзасын,

Бала баатыр Курманбек

Ойлонуп түпкү пайдасын,

Кетирем деп санады

Калмактардын айласын.

Кайра тартып Курманбек

Кырк жигитти карады.

Кырылышып кетүүгө

Кызып кетип барады.

Кылкылдатып найзасын,

Кызыктырып көрүндү,

Кырк жигиттин карааны.

Жер дүңгүрөп, калмактар

Жекеге чыкпай качышты.

Жез кобул найза өңөрүп,

Кезекке чыкпай качышты.

Кыркы кирип келишти,

Кырка салам беришти.

Кабагын жазып күлүңдөп,

Ханы менен көрүштү.

Көңүлдөрү балкылдап,

"Коргошундай эришти."

Кырк жигит айтты бегине:

— «Төрөм, качкан жоону кубалы,

Кылчаяр алы калган жок.

Кылычты канга жубалы,

Кырааным сени жиберип,

Кырк жигитиң турабы.

Кырк жигиттин сөзүнө

Ыраазы болду Курманбек.

Кырамын деп калмакка

Болбогула шылдың деп.

Жаралуу кылып Дөлөндү

Жаңыдан өзүм тындым деп.

Ат ойнотуп, кол булгап,

Айбат кылып, күч чыңдап;

Астындагы аттары

Атырылып ыкчыңдап, 

Кырк жигит менен Курманбек

Бир биринен сын-сындан,

Алоолонтуп аттарын,

Камчы басып жулкунтуп,

Чарайна, туулга, калканын

Жаркыратып кулпунтуп,

Калдайган жоосун кууп.

Бир Телтору ат, кырк кара ат,

Бугудай бутун бүгүлтүп,

Качкан жоону кубалап,

Кара жандан түңүлтүп;

Көмөлөтө сайышты

Көпчүлүгүн бүлүнтүп

Кыргын салды Курманбек.

Кызыганда калмактын

Тынчын алды Курманбек.

Карышкырдай аралап,

Кирип барды Курманбек.

Калмактардан бир далай,

Жаралуу болду найза жеп.

Кабыландай көрүндү,

Курманбектин карааны.

Калмактарды кырк жигит

Карышкырча талады.

Каршы-терши найзалап,

Кара шаарга камады.

Калмактардын чогулуп,

Камалганы Кара шаар,

Эч айласы калган жок,

Эрдиктин жолун талашар...

Элчи коюп Элбекти

Эбине келсин жарашаар,

Капаланды Дөлөн хан: - Атаңдын көрү калмактар,

Кайрат кылган бириң жок.

Катын баасы баарыңар.

Жалп дей түштү эң мурун,

Жалгыз Экез чалыңар.

Талкаланып кабыргам,

Жаралуу болду кыр аркам,

Кайрат кылып качырсам

Тири калбайтко чымын жан.

Жарашайын жайлашып,

Качпагын калмак чыгымдан.

Эпчил эле сөз билги

Элбекти салам арачы.

Бала баатыр берендин,

Эрдигин калмак карачы!..

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.