КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Ат бербеген как баштын

Бутуна кишен салдырып,

Бутундагы кишенден,

Өз баласын унутуп,

Бир жылкыга ишенген,

Куйругуна байлады,

Ою жаман оройду,

Ой менен тоого айдады...

Оройлугун билген соң,

Ошентип Аккан жайлады...

Башы калды балжырап,

Ар мүчөсү ажырап,

Теке жоомарт Телтору ат,

Каршы-терши тепкилеп.

Как баш чалдын өлүгүн

Карга, кузгун, ит, куш жеп,

Элинин баары сүйүндү

Сооп болду чалга деп...

 

Жетилтип туруп, досумдун кунун калмактан кууйм деп, Аккан Курманбектин баласы Сейитбекти алып шаарына жөнөдү.

 

 

1.     Эресеге-бой жетүү

2.     К у р у ш туу - өткүр.

3.     Т у у л  г а -жоого кийүүчү баш кийим.

4.     Ү р т  ү к – ат жабуу. 

5.     А л ы м-салык.

6.      а с  к а к -жыгач найза.

7.     Б у р а д а р – курдаш.

8.     3 а р д а п - кекээр, чер деген мааниде

9.     Т о с  т о й – жара кечүү маанисинде.

10. А я т — сыр деген мааниде

11. О б у з г а – жасалма көл.

12. Ү д ө ө -  көздөгөн максат, тилек деген мааниде. 

13. А й п о о ч — өлгөн адамдын башын бууган жоолук.

14. Б а т ы — кадыр, барк, бедел деген мааниде

15. С а г а н а - мүрзөнүн үстүнө эстелик орнотуу.

16. А р у у — күнөөсүз таза.

 

 

БАСМАГА ДАЯРДАГАН— САПАРБЕК ЗАКИРОВ

К 93 Курманбек.—Жаныш, Байыш (Эпос). Ф., «Кыргызcтан», 1970. (Кыргыз ССР илимдер Академиясы. Тил жана адабият институту). 384 бет. 40000 экз. 2 с. 27 т.

 

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.