КУРМАНБЕК
ЭПОС
Кылычтаган балбаным,
Кырааным сенден ажырап,
Курусун жалгыз калганым.
Кайтпаган жоодон жалтанып,
Кара кулак шер элең,
Калдайлаган калмакты
Каратып чапкан эр элең.
Кашкардагы Акканга
Канагымы чапсам дээр элең...
Кылычын чапчу эр элең,
Кыргыз, кыпчак кашкардын,
Кара шаар Камбылдан
Калмакты кошо башкардың,
Капилет жалган дүйнөдөн,
Кантейин досум Курманбек,
Кайта турган баштандың...
Калмактын ханы Дөлөндү
Жаралуу кылып жалынткан.
Оогандын ханы Бакбурду
Оодара сайып багынткан.
Кыйыгына тийгенде
Кыраным досум Курманбек,
Кырк жигитин жабылткан.
Шилекейиң чубуртчу
Тосуп турган колума.
Хан досум сени өлдү деп,
Кантип айтам тобума,
Кандай күнү жол тартып,
Каршы чыктым жолуңа,
Мен алыста болсом да,
Медер элең белиме.
Жатып калган экенсиң,
Кара жолдун жээгинде,
Хан досум сени өттү деп,
Кантип айтам элиме.
Аккан акыл-эсин жыйып, эки жагын караса кырк кербен, кырк жигит аң-таң калышып, турушканын көрдү.
Аккан кербендерин, жигиттерин чакырып алып, төөлөрүнүн жүктөрүн түшүрүп жыйдырып, Курманбектин бүткөн боюндагы каткан кан, топурактарды жуудуруп, таза кийимдерден кийгизип, көңүлүн сергитип туруп «жүргүн досум үйүңө алып кетейин» деп, Курманбекти карай Аккандын айтканы:
— Жүрөгүңдү найза аралап.
Жүлүнүңдү жаралап,
Калыптырсың талаада,
Алып кетем жүрүгүн,
Алты жашар балаңа.
Айыгар болсоң жарадан
Аккан досуң садага.
Кызыл жорго тайымды
Минбейсиңби жан досум,
Кызыл кымкап шайымды
Кийбейсиңби жан досум,
Кытайдан келген жайымды
Билбейсиңби жан досум!
Кыялданып жазылып,
Күлбөйсүңбү жан досум.
Кылчайып үйгө кетели
Жүрбөйсүңбү жан досум.
Кара жорго тайымды
Минбейсиңби жан досум,
Кара кымкап шайымды
Кийбейсиңби жан досум,
Кашкардан келген жайымды,
Билбейсиңби жан досум,
Кадимкидей жазылып,
Күлбөйсүңбү жан досум.
Канышайга кетели,
Жүрбөйсүңбү жан досум!
Канышайдын колуна
Тапшырайын саламат,
Орто жолдо турасың,
Оодарылып аманат,
Ушул арман эмеспи,
Урушка миндиң жаман ат,
Алган жарың Канышай,
Досум, көрүп калсын көзүңдү,
Убайымдуу бейбагың,
Уксун керез сөзүңдү.
Айыктырып алалык
Досум, колдон келсе өзүңдү,
Как баш атаң ат бербей
Кесиптир досум демиңди,
Алты жашар жалгызың,
Уксун керез кебиңди,
Аман-эсен айыксаң
Айбалыдай калмактан
Алабыз го кегиңди.
Кетүүгө алы жогун билгизип Аккандын колунан кармап Курманбектин өз керээзин айтып турганы:
— Атам какбаш ат бербей,
Калдым кара талаага,
Менден салам айта бар,
Каралдым жалгыз балага.
Сенин таза жаныңа
Жарадар жаным садага.
Кызыл жорго тайыңды
Мине турган алым жок;
Кызыл кымкап шайыңды
Киерге бүтүн далым жок.;
Кызыл памил чайыңды
Иче турган чагым жок.
Кара жорго тайыңды
Мине турган алым жок,
Кара кымкап шайыңды
Киерге бүтүн далым жок,
Кара памил чайыңды
Иче турган чагым жок.
Мен бул жерде өлөрмүн,
Өлгөндөн кийин көмөрсүң,
Ал Канышай бейбакка
Угузганы жөнөрсүң,
Жалдыраган жалгыздын
Досум, жаш калганын көрөрсүң
Топурагы чаңдаган,
Турпандын жайык талаасы,
Туурасы бийик чоң коргон,
Туйгунуң досуң калаасы.
Туурунан шаңшып ач калган
Тумшугу жоктун баласы,
Туюктанып өлдү де,
Душмандын сайган жарасы,
Топуракка төгүлүп,
Тунарар, көздүн карасы.
Кара адырдын талаасы,
Карчыты бийик чоң коргон
Хан досуңдун калаасы.
Какшанып жалгыз ыйлаган
Мен шордуунун баласы,
Кабылдап кетип өлдү де,
Калмактын сайган жарасы
Кара жерге төгүлүп,
Кашаяр көздүн карасы.
Жолдо коргон көрүнсө
Тийип өткүн четинен,
Жолдо ыйлаган баланын
Сүйүп өткүн бетинен.
Адырда коргон көрүнсө
Тийип өткүн четинен,
Алты жашар жалгыздын
Сүйүп өткүн бетинен.
Кыз экенде жол кошкон
Кыяматты болжошкон;
А, Канышай бейбакка
Айрылдың деп бир угуз,
Кызыл чаар жолборстон,
Абалы жашта жол кошкон,
Акыретти болжошкон,
Айрылдың деп бир угуз
Азуусу болот жолборстон.
Катын деле болсо Канышай
Ээлеп турсун ааламды,
Эл журтума мен жактан
Айтып өт досум саламды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.