КУРМАНБЕК
ЭПОС
Андан ыйлап буркурап,
Жанындагы кырк жигит,
Жалпы өкүрдү чуркурап...
Анык өлгөн экен деп,
Аркасынан кетем деп
Үйүн карай жүгүрүп,
Үч жыгылып бүгүлүп,
Үшкүрүктүү кара бет,
Өз жанынан түңүлүп.
Кейишин бейбак ойлонот,
Керегенин башында,
Кыны менен жойболот.
Кармап алып сабынан,
Сууруп алып кабынан,
Үмүтүн үзүп жанынан,
Чочубай ажал табынан,
Как жүрөккө малды эми,
Кандан мурда жан кетип,
Канышай жатып калды эми.
Курманбектин баласы алты жашар Сейитбек апасы Канышайдын башынан жөлөп алып, аяш атасы Акканга карап, буркурап ыйлап айтып турган жери:
Аяш атам эр Аккан,
Атайы келдиң ыраактан,
Атынын жайы жок үчүн,
Атакем өлсө тыяктан,
Күйүткө чыдап туралбай
Апакем өлдү быяктан.
Багат эле атакем
Балапанча асырап,
Байкуш жетим не болом
Кара көзүм чачырап,
Калдымбы каран талаада
Ата-энемден ажырап?..
Курманбектин баласы
Мен жаш жетим Сейитбек,
Кабарын айттын атамдын
Калмактан болду шейит деп,
Кара жолдун боюнда
Салынды көчпөс бейит деп,
Жашымда калдым карасыз,
Жайымды кантип табасыз
Жалдыраган жетимди,
Каякка алып барасыз,
Кантип өсөт көңүлүм
Карыптык менен санаасыз...
Кошо алып жаныңа,
Кор кылба как баш чалыма
Караган эмес как баш чал
Баласынын алына,
Аяш атам эсенби?
Армандуу менин багыма,
Алтыдан тумар тагып ал,
Ардактап жакшы багып ал,
Жетиден тумар тагып ал,
Жетилтип жакшы багып ал,
Жаман кийим кийгизбе,
Жалчыңдын тилин тийгизбе,
Жаман чобур мингизбе,
Жарты шаар билгизбе,
Тоң моюн чобур мингизбе,
Тосун шаар билгизбе.
Кара чапан кийгизбе,
Катындын тилин тийгизбе,
Катыныңа тилдетип,
Карыптык көөнүм зилдетип,
Кара жанды күйгүзбө!
Аккан ак кепиндеп, аруу жууп, Канышайды көмдү да Тейит чалды карай жөнөдү. Барса чал чатырап отурган экен. Салам айтып, Курманбекти угузуп, Аккандын айтып турган жери:
— Атсалоому алейкум,
Ай кыядан тамамбы?
Алтын айнек нур жүздүү
Аяш атам аманбы?
Атыңды бербей сулаттың
Аркаңда жалгыз балаңды!..
Күн кыядан таманбы,
Күмүш айнек нур жүздүү
Аяш атам аманбы?
Күлүгүңү бербей сулаттың
Күнөөсүз жалгыз балаңды.
Күлүстөн кеткен балаңды
Угузганым жаманбы?
Телтору аттын жогунан
Кайып болду Курманбек.
Теңдиксиз жоонун колунан,
Майып болду Курманбек,
Тулпарынын жогунан,
Кайып болду Курманбек,
Душманынын колунан,
Майып болду Курманбек!
Анда Курманбектин атасы Тейитбек «Телтору атымдын жаны тынган экен, «Теңирим» жакшы кылган экен Курманбек кулаган экен, душманым сулаган экен, тилегим кабыл келген экен» — деп сүйүндү. Аккан кекетип какшык менен чалга кайра айтканы:
— Ай кыядан кесенби,
Алтын айнек нур жүздүү
Аяш атам эсенби?
Акырет кеткен досумдун
Артынан сени жесемби!..
Күн кыядан кесенби,
Күмүш айнек нур жүздүү
Аяш атам эсенби?
Күлүстөн кеткен досумдун
Чал сени күйүтүнө жесемби!..
Алтын чалгын канатың,
Кайрылган чалым эсенби?
Атын бербей уулунан
Айрылган чалым эсенби!
Күмүш чалгын канатың,
Кайрылган чалым эсенби?
Күлүгүн аяп уулунан
Айрылган чалым эсенби!
Алтын соот күрөөкөң,
Сөгүлгөн чалым, эсенби?
Күлүгүн аяп уулунан,
Бөлүнгөн чалым, эсенби?
Уулуна кара санаган,
Душмандын көзүн караган,
Сени жакшы көрөбү,
Бул олтурган аламан?
Кимиси көрсө өзүңдү,
Өлтүрбөйбү талаадан!
Чалдын ачуусу келип: «Менин уулумду угузганы келбей эле, мени өлтүргөнү келген экен го, сени кошо жайлайын» — деп кылычын алып катуу жүгүрүп жеткенде жыгылып кетип Аккандын калтар кара жоргосунун башын алып түшүп калды.
Ошондо Аккандын ачуусу келип, айкырык салып, кырк жигитине айтып турган сөзү:
«Кайда кеттиң кырк жигит,
Кармагыла чалымды,
Кетирди менин алымды.
Төбөңдөн урган чунак чал,
Төгө, жазды канымды.
Тегеректеп тепкиле,
Бардыгың тытып кеткиле,
Сакал, мурут, чач койбой,
Маңдайына каш койбой,
Искек менен тергиле,
Азабын колго бергиле».
Телтору атты бек Аккан,
Акырдан чечип алдырып,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.