Айт, айт десе токтобой, Алмамбет менен Манасты айт...

БАЛЫКООЗ-Балык Кумар уулу

Айт, айт десе токтобой, Алмамбет менен Манасты айт...

Балык сөзгө чечен, туура сөздүү, ачуу тилдүү болгондуктан, кыргыз акындары Балыкты көрүшкөндө «кайсы жерден айып табат» дешип калтаарып, дирилдеп турушчу экен. Ал кандай гана шартта, кайсыл гана курактагы (жаш, карысына карабай), кимдин (байдын, манаптын, хандын, бийдин ж.б.) ырчысы болбосун, ага карабай ачык айтып, туздап ырдачу экен. Арийне, бүгүнкү окурмандарга Балыктын кандай азуулуу акын экендигинен кабар берген аксылык Алымкул, жумгалдык Айтике менен айтышкан эки алым-сабагы келип жетти.

Айтике:
Балыкооз–Бекмурат,
Байкабай жаман кепти урат.
Кара комок тезектей
Көч көңүңдү айтамын.
Ак тасмадай сыдырып,
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөнүңдү айтамын.
Чоңойгондо жуттуң Чомойду,
Карыганда жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң Нанайды.
Кабат жуттуң солтодон
Эшкожо менен Канайды.
Солтонкулду чокудуң,
Башына куран окудуң.
Субанымды сураба,
Ачык күнү тутулду.
Кара болот, Шааболот
Ырысынын барынан
Кабакка кирип кутулду.
Кудаярды куруттуң,
Ажыбекти аймадың, – дегенде Бекмурат:
Кудай алган Айтике
Кукчуңдайсың жөнү жок.
Өлгөндүн несин кеп кылдың?
Өчкөндүн несин кеп кылдың?
Аягы Талас, башы Чүй
Бирин койбой кыдырып,
Көчкөндүн несин кеп кылдың?
Кара сууну кыдырып,
Казак көчкөн эмеспи?
Сары сууну кыдырып,
Ногой көчкөн эмеспи?
Жалгыз аттуу сен тургай,
Жалгыз үйлүү мен тургай,
Кечээ Туруш, Чомой көчкөн эмеспи?
Сен кызыл тил бурасаң,
Кызыталак Айтике,
Менин элим сурасаң,
Кайкардын кара көчүндө,
Чоң чынардын өзүндө
Манастын тиккен багында,
Кеңколдун маңдай жагында! – деп жооп бериптир. Балыктын жогоруда аттарын атап, азыноолак ой жүгүрткөн мурастарынан башка да азыркы муундун окурмандарына төрт мезгилге арнап чыгарган чакан ырлары келип жетти. Залкар шайыр 1873-жылы Чүйдүн Арчалуу деген жеринде дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Байтиктин Бозбөлтөгүнө коюлат. Совет доорунда Балык байчыл акын катары бааланып, мурастары тебеленип, калк арасынан жыйналбай калган. Азыр болсо окумуштуулар «өкүнөсүң каласың, өткөндү кайдан табасың» болуп атышат.

Автор: Балбай Алагушов

Ырлары

О, Теңири! Теңири!
Асманды жасап көк кылган,
Ар түрдүү жанды көп кылган.
Устуну жок көк кылган,
Урулуу жанды көп кылган.
Жети кабат чер кылган,
Жер үстүнө эл кылган.
Элге пайда болсун деп,
Булут, жаан, жел кылган.
Жер бооруна тоо кылган,
Бир адамдын тукумун
Бир-бирине жоо кылган.
Асман кылган, ай кылган,
Бир-биринен бай кылган.
Аба кылган, күн кылган,
Күүгүм кылган, түн кылган.
Күндү асмандан жүргүзгөн,
ысыгын жерге тийгизген.
Ушул жалган дүйнөнүн,
Кызыгын жерге тийгизген…

 

ЖАЗ

Жаркыраган жаз келди,
Келгин өрдөк, каз келди.
Асмандап учуп куу келди,
Ак мөңгүдөн суу келди.
Жазгы аракет күч алды,
Күн чымырап узарды.
Жер жарылып, чөп чыкты,
Желин айрылып сүт чыкты.
Асмандын нуру себилип,
Учкан чаңдар жеңилип,
Жер көгөрдү семирип.
Көк жашыл болуп мактанды,
Өсүмдүк калбай бүт чыгып.
Жандуунун баары шаттанып,
Шиберлүү талаа бүрдөдү,
Жандуунун баары кубанып,
Тил чыгарып сүйлөдү.
Бак-дарак калбай бүрдөдү,
Жемиштүү жыгач гүлдөдү.
Кызгалдак жайнап кызарып,
Жер бети килем түрдөндү.
Бурчактап бутак жарылып,
Желе салып жабылып,
Чөптүн башы гүл алып,
Этеги катар бүр салып,
Көк жашыл укмуш түр сайып,
Көк жалбырак калдайып,
Көлөкөсү далдайып,
Күнүн санап өсүүдө
Көбөйүп улам барбайып.
Оттогон малды карачы,
Бат эле тоёт чандайып.
Малдын көөнү жайланып,
Эти майга майланып,
Каалашынча жеп жатат
Түрлүү чөптөр чайпалып,
Мал тоюнуп мактанды,
Жандуунун баары шаттанды.

 

ЖАЙ

Жаз мезгил өттү, жай келди,
Чөп дарак гүлдөп термелди,
Жер жүзү сонун көк жашыл,
Көңүл ачык бир асыл.
Күн ысыды узарып,
Жайкы чилде күч алып,
Кубулган кооз түс алып,
Түрлүү өсүмдүк бүрдөдү,
Килем түр сайып түрдөдү.
Күн талашып жулунуп,
Кымкаптай сонун кубулуп,
Гүл ачат улам чубуруп,
Жүздөгөн чөптүн түрү бар,
Ар кандай түстө гүлү бар.
Жагымдуу сайрап үн салган
Ар түрлүү куштун үнү бар.
Жайкалып өскөн шибери,
Жаратылыш соккон килеми.
Түрлүү жыт берет илеби,
Төшөгөн шырдак шибери.

 

КҮЗ

Күздөөнү көздөй мал кетти,
Жалтылдаган жай кетти,
Жалбырактан ал кетти.
Ар түрлүү болот жалбырак,
Бышканда түшөт шалдырап,
Жаргактай сары жалтылдап,
Жабыла учуп калтылдап.
Аралап бассаң аларды
Дабыш чыгат шартылдап,
Топтолушуп куралып,
Келгин куштар чубалып,
Төлдөгөн жерди кыйбастан,
Имерилип буралып.
Ысык жакка суналып,
Келерки жазда келем деп,
Үн салышты кубанып,
Чөп, дарак бышты саргарды,
Күн салкыны шаңданды,
Эрте оргон бүтүп орогун,
Күз айлары аяктап,
Отун, сууга камданды.
Кышкы камы болбогон,
Эми чындап сандалды.
Камдууларга жалдырап,
Жардам берсе жан калды.
«Тону жокко салам айт,
Өтүгү жокко өзүм барам» —
Деген кабар жанданды.

27.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.