Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

Легендарлуу акындар

Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

АЙГАНДЫН БАЛАСЫ ӨЛГӨНДӨ УГУЗГАНЫ

Айхандын (Чынгысхан) баласы өлгөндө хандын каарынан коркуп, эч ким даап айта албай коёт. Ошондо Кет Бука ырчы угузган дешет.

 

Кетбука:

Туу куйругу бир кучак,

Тулпар качты, Айганым.

Туурунан бошонуп,

Шумкар качты, Айганым.

Алтын така, күмүш мык

Дулдул качты, Айганым.

Алтын туур ордунан

Туйгун качты, Айганым.

Алтын ордо багынан

Булбул качты, Айганым.

Дениз толкуп чайпалып,

Көл бөксөрдү, Айганым.

Терек түптөн жулунуп,

Жер бөксөрдү, Айганым.

Ала-Тоо кулап, пас болуп,

Бел бөксөрдү, Айганым.

Берекелүү нур качып,

Эл бөксөрдү, Айганым.

Төрөлөрдүн уругунан

Төл бөксөрдү Айганым.

Агын дайра соолуп,

Көл бөксөрдү, Айганым.

Кара жандан таптатты

Ынак көчтү, Айганым.

Касиеттүү башкача

Чырак өчтү, Айганым.

Мунканган комуз күүсүнөн табышмактуу ырдын сөзүнөн баласынын өлгөнүн Айган түшүнүп:

Кет, кет, кет Бука,

Кеби суук ит Бука.

Карап турган кашымда

Кашың да курусун, ит Бука.

Күү менен сүйлөгөн

Сөзүң курусун, ит Бука.

Комуз чертип ырдаган,

Ырын курусун, ит Бука.

Кара жанды кашайткан,

Чырың курусун, кет Бука.

Атайы келген алдыма

Ишин курусун, кет Бука.

Комуз чертип жоруган

Түшүң курусун, кет Бука —

деп ыйлап отуруп калган экен.

 

2-вариант: Чынгысхандын баласын кулан тээн өлтүргөндө Бука деген ырчы угузган экен.

Бука:

Алтын боолуу ак шумкар

Алтын боосун тытыптыр,

Айды карап сызыптыр.

Күмүш боолуу ак шумкар

Күмүш боосун тытыптыр,

Күндү карап сызыптыр,

Ал эмине болучу,

Туу түбүндө көк бука

Күндү карап өкүрөт,

Алчагай мүйүз ак эркеч

Айды карап бакырат,

Бул эмине шумдугу?

Асмандан ак ала булут сөгүлөт,

Аяктап мөндүр төгүлөт,

Көктөн көк ала булут сөгүлөт,

Көнөктөп мөндүр төгүлөт,

Бул эмине шумдугу?

 

Чынгысхан:

Алтын боолуу ак шумкар

Алтын боосун тытканы,

Айды карап сызганы

Ал кулунум ботом болгону.

Күмүш боолуу ак шумкар

Күмүш боосун тытканы,

Күндү карап сызганы

Бул кулунум ботом болгону.

Култук мүйүз көк бука

Туу түбүндө өкүрсе,

Ал атасы болгону.

Алчагай мүйүз ак эркеч

Айды карап бакырса,

Ал энеси болгону.

Асмандан ак ала булут сөгүлсө,

Аяктап мөндүр төгүлсө,

Көктөн көк ала булут сөгүлсө,

Көнөктөп мөндүр төгүлсө

Көзүмдүн жашы болгону, -

деп баласынын өлгөнүн түшүнүп:

Кет-кет, кет Бука,

Кеби жаман ит Бука,

Сенин айтар кебин бул эмес,

Менин угар кебим бул эмес,

деп ырчыны колго багылган арстан, жолборско таштап жиберерде Бука:

 

Кыздары соккон кыялдай,

Кылыгы жакшы Айханым.

Келиндер сайган кестедей,

Кеби жакшы Айханым.

Элчи менен ырчыга

Хан алдында кай өлүм?

дегенде Чынгысхан ачуусунан кайтып, ырчыны өлтүрбөй башына азаттык берет.

 

3: Илгери өткөн заманда Айхан деген жашап, анын Жолчухан аттуу жалгыз баласы болот. Ал жанына кырк жигит алып ууга барган жеринен баланы жолборс жарып өлтүрөт. Жолчухандын өлгөнүн атасына кантип угузарын билбей айлалары кетип турушканда кырк жигиттин ичинен кет Бука деген ырчы чыгып угузган дешет.

Туу, туу, туу кучак,

Тулпар качты, Айганым.

Туурунан ажырап,

Шумкар качты, Айганым,

О не болот, Айганым?

Алтын боолуу ак шумкар

Айды көздөй сызыптыр,

Алтын боосун тытыптыр,

О не болот, Айганым?

Күмүш боолуу ак шумкар

Күндү көздөй сызыптыр,

Күмүш боосун тытыптыр,

О не болот, Айганым?

Абадан ак ала булут сөгүлөт,

Аяктап жамгыр төгүлөт,

О не болот, Айганым?

Көктөн көк ала булут сөгүлөт,

Көнөктөп жамгыр төгүлөт,

О не болот, Айганым?

 

Айхан түшүнүп:

Туу, туу, туу куйрук

Тулпар качса карматпай,

Менин туйгунум өлгөн турбайбы,

Ошондо шорум курбайбы.

Алтын боолуу ак шумкар

Айды көздөй ал сызса,

Менин арыстаным өлгөн турбайбы,

Менин бир шорум курбайбы.

Көктөн көк ала булут сөгүлсө,

Көнөктөп жамгыр төгүлсө,

Көзүмдүн жашы турбайбы,

Менин бир шорум курбайбы.

Кет, кет, кет Бука.

Комузунду колго алып,

Сүйлөткөнү келдиңби?

Бүгүн Айган пашанды

Ыйлатканы келдинби?

Жолчуханды тапсаңар,

Кыркынды паша кыламын,

Жолчуханды таппасаң,

Кыркынды кырк жерде

Башынарды аламын, -

деп айбалтаны белине кыстарып, Буканы жанына алып, токойго кирсе Жолчуханды жолборе басып жатыптыр. Бука жолборстун маңдайына барып комуз черткенде жолборс көшүп уктап кеткен имиш.

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.