Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

Легендарлуу акындар

Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

 Башына кылыч жалаңдап ойноп турса да Бука ырчынын ар-намыстуулугу, кайраттуулугу таң калтырат. Анын коргошундай куюлушкан сөздөрү гана эмес, жан дүйнөнү бүлүккө түшүрүп, аны коштогон муңдуу күүсу да Чынгысханды ийилтет, ал согуш майданында жеңилбегени менен кары ырчынын алдында бөксөрүп, кемип басынып жер карап отурат. Демек, поэтикалык текстке тарыхый окуялардын кайсылары туура келет же келбейт деген көз караш маанилүү роль ойногону менен эң башкы маселе кандай болгондо да Чынгысханга уулунун өлгөнүн угузуу болуп саналат.

Бука ырчы тарабынан айтылды деген варианттардын бардыгында бул жо горку көркөм чеберчиликте жүзөгө ашкан. Ыр түрмөгүндө Бука ырчынын угузуунун кайма на формасын өтө эпчил пайдалангандыгы көрүнөт. Ырда Чынгысхандын акылдуулугу жана ойчулдугу даана көрүнөт. Ыр түрмөгү чакан болгонуна ка рабастан ага философиялык ойлор терең камтылган.

 Биринчиден, ырчы Жуучунун көркөм келбетин табышмактуу боёктор менен элестүү чагылдырат.

Экинчиден, Чынгысхандан жашыруун ички сырынын жообун билгенсип, ага күнөө койгонсуп, суроо жаадырып турат.

Үчүнчүдөн, «баш кесмек бар, тил кесмек жок» дегендей, ак жеринен өлүмгө дуушар болгон Жуучуну аёо сезими болсо, каардуу Чынгысханга тике карап, өлүмдөн баш тартпас эрдик кылып турат.

Төртүнчүдөн, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн уулун өлүмгө кыйган Чынгысханды сөз менен сындырып отурат.

Демек, бул бири суук кабар угузуп, экинчиси ага жооп кылуусу жөнүндө окуяны камтыган чыгарма гана эмес, тарыхтын жана тагдырдын татаал оролгон барактары бүктөлүп, өзгөчө Чынгысхандын дүйнөсүнө бүлүк түшүрүп жатат.

Ал, балким, Жуучуну кара ою менен өлтүрүп алып, туура эмес жасагандыгын моюндап жаткандыр. Балким, Борте аялынын алдында абийири сынып, Жуучуда өзүнүн каны болгонун сезип орду толгус кайгыга учурагандыр. Уулун өлтүрүп коюп Чынгысхан ыйлап жатабы?!

Анткени ал тууралуу тарыхтын бул барагын окусак - Жуучу өз баласы болуп чыга келип жатпайбы: «У Чингисхана весьма много сыновей. Старший сын Биинь был убит в бою при штурме западной столицы (Цзиньцев) Юньчжуна во время разгрома государства Цзинь. Ныне второй сын является старшим царевичем и зовут (его) Иоджи».

 Ал эми экинчи бир тарыхый булак боюнча Жуучудан мурун Чынгысхан Фуднин беги деген кыздуу болгон, меркиттер Бортени туткундаганда Жуучу боюнда кеткен. Бул текстен Чынгысхандын да жоопторунун салмактуулугун, көркөмдүгүн белгилеп коюу керек. Чынгысхан өмүрүндө көзүнө жаш албаган, анын жан дүйнөсү ырда ыйлап жатпайбы! Балким, ал өзүнүн эл, коом, келечек алдындагы актануусудур?!

Чынгысхан эмне үчүн өз убадасына туруп Бука ырчынын оозуна коргошун куйган жок?! Корктубу?! Ал сыздык кылдыбы?! Чынгысхан абийир дегенди биле би?! Ырчыны аядыбы, ага боору оорудубу?! Өкүмдүү буйрукту аткарууга кандай тоскоолдуктар болду?!

Адилеттик өкүм сүрүп, ырчы тирүү калдыбы?! Чындыкты моюндоого Чынгысхандын кудурети жеттиби? Сөздүн наркы, касиети аны ынандырдыбы?! Бука ырчынын ырчылык касиетинин күчтүүлүгү катаал, дүйнө жүзүн таманына таптаган Чынгысхандын өзүн солкулдатып, жүрөгүн сууруп алгандай абалда сүрөттөгөндө эмеспи.

Бука ырчынын саптарында адеп-ахлактык проблемалар, философиялык тереңдик гана эмес, чоң тарыхтын өзү жаткандыгына күбө болдук. Демек, анын ысмы уламышка айланып кетишинин түпкү мааниси да мына ушунда эмеспи!

А. АКМАТАЛИЕВ

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.