САНАТТАР
КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

Эр адамдын жаманы
Жүрүшүнөн кул болоор.
Ургаачынын жаманы
Кыялынан тул болоор.
Акылдуунун айтканы,
Абайласаң бул болоор.
Там бир жылы көбөйөөр,
Дарак бир жерден көгөрөөр.
Каркыра катары менен жүрөөр,
Кадырын билген киши билээр.
Унчуккандан унчукпаган жакшыраак,
Унчуккандын башына тиеэр таяк.
Акыл, макал – экөө бирдей келээр,
Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.
Билбеген наадандардын ичи күйөөр,
Билген адам ошону
Байым кылаар.
Көкүрөккө ойлонуп,
Дайын кылаар.
Билбегендер ошону
Айың кылаар.
Жыйырма менен отуз жаш –
Өтсө келбейт ал кайтып.
Желип өмүр өткөн соң,
Жигит болбойт чал кайтып.
Аргымак атың арыса,
Алмагы кыйын жал кайтып,
Чынарын кессең түбүнөн,
Чырпык болбойт тал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыкса келбейт жан кайтып.
Кетсе дөөлөт колуңдан,
Келмеги кыйын мал кайтып.
Жигиттерге кыз жакшы,
Мүнүшкөргө куш жакшы.
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул жалганда нур жакшы,
Булбулдарга гүл жакшы.
Муңдуунун черин жазууга,
Булбул күбө тил жакшы.
Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Окусаң илим үйрөнүп,
Орундуу жазган кат жакшы.
Сараңдардын миңинен
Жалгыз да болсо март жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.
Медери жок туугандан,
Бек кармашкан жат жакшы.
Кеби жаман катындан
Келте ооруган дарт жакшы.
Мөмөсү жок дарактан,
Жапайы чыккан тал жакшы.
Адамдын учаар канаты –
Аз деле болсо мал жакшы.
Каз-өрдөккө көл жакшы,
Катындарга эр жакшы.
Бербесе да медерлүү,
Берекелүү эл жакшы.
Чар тарапка мал оттоп,
Чарба малга тоо жакшы.
Качса кетет кутулуп,
Кийиктерге зоо жакшы.
Жакшы болсоң жердей бол,
Баарын чыдап көтөргөн.
Таза болсоң суудай бол,
Баарын жууп кетирген.
Ырыс алды ынтымак,
Ынтымагың жок болсо,
Алдыңдан таяр алтын так
Ары жок – күлучү.
Санасы жок – уйкучу.
Аюу аманын тилейт,
Акмак жаманын тилейт.
Орой киши батыр болоор,
От чыкпай, жериң такыр болоор,
Ошол заман жакын болоор,
Аягың таш болоор,
Кулуң баш болоор,
Тууганың кас болоор,
Корооң бош болоор.
Мингениң жыгач ат болоор,
Кылганың касам ант болоор,
Ыгы жокко жан берип,
Ыйманынан жат болоор.
Бактылууну карасаң,
Муз үстүнө от жагат.
Багы жокту карасаң,
Кургак үйдөн суу тамат.
ЫСЫК-КӨЛ ТУУРАЛУУ АЙТКАНЫ
Ысыккөл бейиштин эшиги,
Суу сайын нарын табак эти бар,
Жай болуп катыра ысыгы жок,
Кыш болуп кашкая суугу жок,
Ат жеткен жерде мындан артык кызыгы жок,
Мактанып жер жетээрби,
Адам мындан кетээрби?
Ысыккөлдөн чыкпаңар, балдар!
ТЕРМЕ
Кызаргандын баарысы
Манат болот турбайбы.
Кылган иштин баарысы
Адат болот турбайбы.
Ырдагандын баарысыСанат болот турбайбы
Аттууну коюп, жөөнү айтам,
Арбак конгон дөөнү айтам.
Катар-катар лөктү айтам,
Калп айтпаган төптү айтам
Көкүрөк чечен болбосо,
Көзү көрүп не кылат.
Жан кыйналат дебесек,
Жардылыктан ким өлөт?
Кара килең болбой, кар кетпейт,
Капсалаң болбой, жут болбойт.
Кара өзгөй болбой, доо болбойт.
Шагылы болбой, зоо болбойт.
Шайыры болбой эл болбойт,
Пейили жакшы кем болбойт
Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Булбулдун мукам үнү бар.
Тайлактын таза жүнү бар
Коргондуу жердин ору бар,
Улуктун ката зору бар.
Экинин бири болбогон
Кембагал эрдин шору бар
Аскар, аскар, аскар тоо
Аягы барып чап болот.
Атадан алтоо болсоң да,
Сыйлашпасаң, жат болот
Теректин түбү тыт болот,
Жаман адам кырт болот.
Каарына алганда,
Ак жайдын күнү жут болот
Ак бөкөн келип жыгылат
Алдын казып ордосо,
Ак шумкар келип илинет,
Саятчы алдын тордосо
Ийри жыгач түз болот,
Тезге салып оңдосо.
Душманына кор болот,
Өз тууганын кордосо
Бу дүйнөдө не карып?
Сатылбаган бөз карып.
Айтылбаган сөз карып,
Замандашы болбосо,
Карыя болоор тез карып
Кадырын жеңе билбесе,
Бойго жеткен кыз карып.
Эл жакалай конбосо,
Бетегелүү бел карып.
Каз-өрдөгү болбосо,
Айдың чалкар көл карып.
Улук адыл болбосо,
Убара болот эл карып
Жалтаңдын башы зоо болот.
Жаман менен дос болсоң,
Акыры бир күн доо болот.
Жакшы менен дос болсоң,
Өлгүчөктү коштошот.
Жаман менен дос болсоң,
«Баягымды бергин» деп,
Эки айдан кийин мушташат
Кетсе дөөлөт колуңан,
Келмеги кыйын мал кайтып.
Келе деп келсе бересең,
Кейитет жанды саргайтып
Чырпыгың сынса талыңдан,
Чынар болбойт ал кайтып.
Чындап ажал келген соң,
Чыккан жан келбейт ал кайтып.
Өткөн өмүр – качкан куш,
Колуңа келбейт ал кайтып