САНАТТАР
КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ

Катынды мээнет чырмаса,
Каяша айтат эрине.
Жардыны мээнет чырмаса,
Аштыгы чыкпайт жерине.
Жакшыны мээнет чырмаса,
Жакыны менен касс болот.
Баланы мээнет чырмаса,
Сары карт чыгып, таз болот.
Келинди мээнет чырмаса,
Кайненеси касс болот.
Кызды мээнет чырмаса,
Атасынын төрүндө
Көп олтуруп кор болот
Тузду мээнет чырмаса
Даты чыгып шор болот.
Манапты мээнет чырмаса,
Түбү менен кор болот.
Атты мээнет чырмаса,
Аягынан басынат.
Төөнү мээнет чырмаса,
Котур болуп кашынат.
Байды мээнет чырмаса,
Ашканага жашынат
Кырчын айтат талмын деп,
Кемер айтат жармын деп.
Чымчык айтат кушмун деп,
Чырпык айтат салмын деп
Жекендүү көлдүн бал камыш,
Жылкы салса, от жанат.
Уулу жаман болгон соң,
Дөбөдөй болгон атасын
Төө үстүнөн ит кабат
Булбул үнүн эшитпей,
Буралып гүл ачылбайт,
Муңдуунун үнү басылбайт.
Күкүк үнүн эшитпей,
Күн жайланып ачылбайт.
Күйүттүү болгон адамдын
Күндө үнү басылбайт
Боло турган азамат
Болоттон кылыч байланып,
Жоргоо тийсе, сүрү бар
Тамды тешээр уурунун
Сабы кыска чоту бар.
Боло турган жигиттин
Жүрөгүндө оту бар
Аргымак мойнун ок кесет.
Азамат мойнун жок кесет.
Аргымактын азганы –
Аркы-терки басканы.
Азамат эрдин азганы –
Көчкөндө жөө басканы
Аргымакта жал жок деп,
Жолго таштап кетпеңдер.
Азаматта мал жок деп,
Жоого таштап кетпеңдер
Өзүндүү сууга тал бүтөт,
Өлбөгөн кулга мал бүтөт.
Мал бүткөнчө иш кетет,
Ага-инидей дос кетет
Куурай чыкпас куу ьакыр,
Куурай чыгып бергенде,
Кулун чуркап өтө албайт.
Мал күтпөгөн куу жакыр,
Мал жыйылып күткөндө,
Айдап журтка жете албайт
Жаман атты буйга мин,
Түнөп калган уйга мин.
Чанач алып, сууга мин.
Ишенимдүү жакшы атты
Көтөрүлгөн тууга мин,
Кулак тунган чууга мин
Атың кашаң болгон соң,
Аштан, тойдон калган соң –
Күлүктүгү не пайда?
Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң –
Сулуулугу не пайда?
Этекти кессең, тон болбойт,
Эзелки душман эл болбойт.
Желкени кессең, тон болбойт,
Жеткилең бийик жол болбойт.
Жээн-тагаң эл болбойт,
Жеке тамчы сел болбойт
Жалгыз өлсө, чуу чыкпайт,
Жар куласа, суу чыкпайт.
Ак чаңгыл тоонун этегин
Адис мерген кийиктейт.
Алганы жакшы жолукса,
Азамат көөнү бийиктейт
Ак кула аттар кимде жок,
Жүгүрбөсө тайча жок.
Ага-тууган кимде жок,
Сыйлашпаса, жатча жок
Бедери жок торкодон
Бек токуган бөз жакшы.
Медери жок туугандан
Бек сүйлөшкөн жат жакшы
Алтындуу ээр атка бап,
Атка тынчы жок болсо,
Алтынын алып, отко жак.
Акылдуу тууган болбосо,
Акырын айтып, жатка жак
Күмүштүү ээр атка бап,
Күлүккө тынчы болбосо,
Күмүшүн алып, отко жак.
Күйөөр тууган болбосо,
Күлө багып, жатка жак.
КАЛЫГУЛДУН СӨЗҮ
(Орус келе электен канчалык мурун)
Көгүчкөн учаар жем чыкса,
Көк тулпар чуркаар тер чыкса.
Көңүл тынаар көпчүлүк
Көзгө токтоор эр чыкса.
Көөрүктүн оту тутанбайт,
Күн жагынан жел чыкса.
Көч жүрө албай токтолот,
Көз учкан бийик бел чыкса
Аңдышпай койбойт абысын,
Ак шумкар карайт чабытын.
Аларман ууру көз салаар,
Адырмак тоонун жыбытын
Кара куш карайт кардына,
Кара жемсөө азамат
Кайрылбайт жакын – баарына.
Коңгуроо такса жарашат,
Койкойгон кара нарына.
Жортуулчу түшөт жолуна,
Кайраты бар эрендер
Карагай найза кармаган
Карыштырып колуна.
Кара жемсөө жигиттер
Канча бүлүк болсо да,
Кайрылбайт экен тобуна
Уй бул болоор,
Кул бий болоор.
Тоо токой болоор,
Талаа токой болоор.
Токол байбиче болоор.
Аяк Адам баш болоор,
Баш адамдар пас болоор,
Ушундай кызык иш болоор.
Тегиз жерден тегирмен чыгаар,
Тексиз жерден бий чыгаар.
Алка жака салынган кийим чыгаар,
Акча кагаз бул болуп, тыйын чыгаар.
Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Этеги жок чапан чыгаар.
Эң кийинки баласы тапан чыгаар.
Эри менен тартышса
«Элде эркек көп» деген аял чыгаар.
КАЛЫГУЛДУН ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ АЙТКАНДАРЫ
Булут минсең жетпейсиң,
Мурунку өткөн жашыңа.
Мууну кетип карыса,
Ажал келет башыңа.
Шамал минсең жетпейсиң,
Санаа менен өмүргө.
Санасаң айла таппайсың,
Ажал менен өлүмгө.
Тирүүлүктө жүрөбүз,
Тике басып жайсаңдап.
Тигине ажал билинбей,
Аңдып жүрөт айыңдап.
Ажал келет бир күнү,
Алкымыңдан жакалап.
Аяйлабай турабыз,
Аңдып турат бакалап.
Алып кетет бир күнү,
Аттай бутуң такалап.
Пайгамбарлар баары өткөн,
Наманган ылдый дайра өткөн,
Оолуялар ал да өткөн,
Эчен түрдүү тоң да өткөн,
Ойлоп турсак замана,
Тегеренип кеп(келип) жеткен.
Жер титиреп таш кулап,
Мандай заман бир өткөн.
Бирин-бири чабышып,
Эртесинде табышып,
Эчен мыкты эр өткөн.