Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

 – Төштүк, өрттөнгөн жүрөктү куп бастың. Чымындай жанды куткарып кеттиң, ээ. Эми тилимди алып, желмогуздун сөөгүн өрттөп, күлүн көккө сапырып жибер, – деди.

Төштүк Быйты күң айткандай кылды. Жалгыз көздүү желмогуздун кай тарапка кеткени билинбей жаны тындым болду. Эң маанилүүсү, анын кантип өлгөнүн эч бир жан билбей калды.

 

ТӨШТҮКТҮН КҮЛАЙЫМГА ҮЙЛӨНҮШҮ

Ай бөксөрүп, күндөр жылжыды. Көкдөөнүн кызы Күлайым боору кызыл алмадан үчөөнү таап, жоолугуна түйүп алды. Турмуштан теңин таппай жүргөнүнө кейинип, көптөн бери ичинен сыздап жүргөн, байкуш. Ошо күнү булакка келип кызы жоолугун агын сууга салганын атасы Көкдөө байкап калды. Жоолуктагы алманы көрүп, ачылбаган оозу ансайын ачылды. Эмне экенине түшүнбөдү. Эли-журтун түп көтөрө жыйып, калайык-калкка каарды катуу салды.

– Алманын жөнүн ким билет? Сыры эмнеде, дароо билгиле. Болбосо баарыңдын башың кетет! Мени айтпады дебегиле! – деди кылычын көтөрө чуркап.

– Каныбыздын бу не дегени? Кайдагы бир алма менен биздин кандай ишибиз бар, – деп, аксакалы кара сакалын карады.

Кара сакалы боз балдарды карады. Коркуп кеткен боз балдары ойлонбостон туш-тарапка тарады. Жандарын алып качты. Көкдөөнүн каарынан бириндеп үркүп отуруп, жанында эч ким калбады. Караса анын жанында жалгыз аялы гана калыптыр.

– Ай, катын кулак салчы. Шумдуктуу алма таптым. Чоң алмасын кармасам баары эзилип кетти. Ортончусун кармасам орто жери эзилди. Кичинекейи, табында экен. Аны жей берсе болчудай. Бул эмне болучу? Алманын жөн-жайын жакшы иликтеп жоручу.

– Эрдиги бар, эси жок какбаш десем таарынасың. Ушуну да билбедиңби. Мен айткан сөзгө көнүп, же кыздарыңды эрге бербедиң. Эзилген чоң алманын жайын сурасаң, ал улуу кызың Урпайымың, какбаш. Саамай чачы бурул тартып, кемпир болуп калды. Ортончу кызың Булбулбек өзү эрге тие албай, же даап бирөө алалбай жарты өмүрү калыптыр. Кенже кызың Күлайымдын күйөөгө тиер чагы экен. Үч алманын жайы ушундай, какбаш. Эми үч кызыңа, үч алма бер. Сараңдыгыңды коюп, көп малдан сапырылта сой. Тулпар жетчү жерге чейин чабарман чаптыр. Айтылбаган эл, чакырылбаган журт калбасын. Баарына тегиз айттыр. Алардын келишине Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык даярдат. Эл жыйылып келгенде, чубатууга сал. Ошондо кыздарың көңүлүнө жакканын алма менен урсун. Алма мейли сокур, же чолокко тийеби, мейли жинди, же байга тийеби, ошону күйөө бала катары кабыл ал. Ошондон кийин кыздарыңдын тоюн бер, – деп акыл үйрөттү, аялы.

Көкдөө каарын басып аялынын акылы менен болду. Жөнөкөй эле нерсени билбей жүргөнүнө, аялын укпай койгонуна ичинен бушайманданып да алды. Акыры аялы айткандай аткарды, бүт калайык-калкты чакырды. Эл чогулуп бүттү дегенде, баарын чубатууга салды. Түркүн түстөгү, түркүн келбеттеги, түркүн диндеги түркүн-түркүн кийинген эл чубап атат дейт. Бир оокумда улуу кызы Урпайымдын урган алмасы кандын уулу Канбачага барып тийди. Ортончусу Булбулбектин алмасы бателе бектин уулу Бекбачаны тапты. Чоң кызы менен ортончу кызынын багы ачылып, күйөөлүү болуп тынды.

Кенже кызы Күлайым маралдай кериле басып, жыйылып келген көп жандан эч кимисин тандабады. Алмасы колунда калды. Көкдөө кумурскадай жайнаган элдин шорун кайнатып, көп жолу кайра чубатты. Ошондо да эч бирин бучкагына теңебеди. Атасынын каары кайнап, балбан, желдеттерине буйрук кылды.

– Жер астында жан калбасын. Баарын айдап келгиле! – деп күн чыгыш менен күн батышка, түндүгү менен түштүгүнө чабарманын чаптырды. – Ак сакалдуу карысы, акылы жетик баарысы келсин. Жарлыкты укпай калдым дебесин, кыбыр эткендин баарына кабар айткыла! Келбегенин желкелеп алып келгиле! – деген буйрук түшүрдү.

Кандын жарлыгын угуп, төрт Маамыт да келди. Жер тыңшаар Маамыты жетик көрүндү. Көкдөөдөн коркпой-нетпей минтип айтты.

– Көкдөө арстаным, келбеген жан калбады. Ойлоп көрсөк, өз уюңду кайтарган бир гана уйчу таз калыптыр. Ошого желдетиңди жиберсеңчи, – дегиче алты балбан, кырк желдети тазды желкелеп келип, чубатууга кошуп ийди.

Уйчу тазды көргөндө Көкдөөнүн эрке кызы Күлайымдын бетине кызыл жүгүрдү. Жарк этип, көзү жайнай түштү. Канча жылдан бери күлбөгөн уурту күлкүгө толду.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.