Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

– Баатыр, бизди шерменде кыла көрбө. Жыккан кийигиңден бизге да бер.

– Аркар, куландан каалашыңарча берейин, бирок бир шартым ошону аткаргыла. Ага көнсөңөр айтайын, көнбөсөңөр кайтайын.

– Айт, айт, баатыр!

– Анда шымыңарды шыпыргыла. Жамбашыңарга тамгамды басам. Ошондо ушул аткан кийиктен экөөңө тепе-тең кылып бөлүп берем. Өзүм бир сан алсам оңбой калайын.

Кандын уулу Канбача, бектин уулу Бекбача бу сунушка катуу ойлонду. Чырлашып да кетти. Анткени кайнатасы Көкдөөнүн алдына куру кол барышты уят көрүштү. Анткени ок өтпөс тонун, ок жетпес атын, саадагы толо жебеси менен жаасын берип жатса, кантип куру кол барышат.

– Уят болгончо өлгөн артык. Ошондуктан бет күйгөнчө, көрүнбөгөн жамбаш күйсүн. Сенин айтканыңа көндүк, баатыр! – дешти.

– Көнсөңөр жакшы, – деди Төштүк ысык темирди оттон чыгарып жатып. – Анда жамбашыңарды тоскула! – деп мөңкүтө секиртип, экөөнө өзүнүн эн тамгасын басып-басып алды.

Эттин баарын артып берип, үйүнө кайберендин ич эттерин гана алып келди. Күлайым ич этинен тамак жасады. Көкдөө Канбача менен Бекбачанын өргөсүндө отуруп, кайберендин этинен татты. Татканы курусун, жегени аш болбой кан аралаш кусту. Ошондо кенже кызы бал кылып бышырган ич этти алып келип:

– Атаке, биздикинен да ооз тийсеңиз? – деди жайдары мүнөзү менен.

– Койчу ошо таздын ашын. Кан менен бектин кадырлап берген тамагы көңүлүмө жакпай кан кустуруп жатса, кайдагы ылжыраган тазды айтасың да. Тазга тийгениң үчүн сени балалыктан кечкем. Экинчи мага кайрылба, – деп туураланып койду, атасы.

Кыз көңүлү он бөлүнүп, көз жашы көлдөй төгүлдү. Өлөйүн деп өлө албай, же өз жанын өзү кыялбай кыйналды. Кызынын ахыбалын көрүп, ары жактан апасы жетип келди.

– Оңбогон какбаш, дагы баштадыңбы. Балалыктан кечкемин деп тескери карабай, кызыңдын жасаган тамагынан ооз тийип койсоң өлөсүңбү?! Качан ушул мүнөзүңдү коёсуң, ыя! Кызыңдын убалы кимге? Мелтиребей ооз тийип кой! – деп көкүттү.

Көкдөө аялынын сөзүн эки кылбай, чыпалагын чычайта салып татып көрдү. Тамактын таты таңдайында эриди. Ооруган ичи тып басылды. Окшуганы токтоду. Анан беш манжасын салды. Тамактын таттуулугунан өз манжасын тиштеп алды.

– Ырыска туулган жан элең, кызым. Күйөө тап десем кайдагы ириңи башынан куюлган тазды таптың. Калың эл: “Кызын тазга берди”, – деп мени шылдыңдап күлүп атпайбы. Жер астындагы ааламдын падышасы болуп туруп, арданат экенсиң. Мейли кызым, бүгүнкү тамагың өзгөчө таттуу болуптур. Окшуганым токтоду, ооруган жерим басылды. Ушуга шүгүр дейли. Эй, желдеттер, суу боюна ак өргөө көтөргүлө. Таз үй-бүлөсү менен болсун, уйканадан ошол жакка көчүргүлө, – деди да, ордосуна жөнөй берди.

 

ТӨШТҮКТҮН АЛПКАРАКУШ МЕНЕН ДОСТОШКОНУ

Арадан күндөр зымырады. Бир күнү Көкдөө элин шашылыш жыйды. Алтын тагына олтуруп алып, калкына жар чакырды.

– Калайык калк, баарың ук! Укпадым дебегиле. Бүгүн тулпар чаар бээнин тууй турган күнү. Быйыл тууса туптуура кырк тулпар тууган болот. Арийне, жылда тууганы жылда дайын-оту жок жоголот. Кулундардын кайда кеткени, ким колдуу болгону билинбей ушу кезге дейре жүрөгүмдү мыжыгып келет. Түнү уйкум качат, күнү тынчым жок. Күйөө балдарым жоголгон кырк тулпардын дайын-отун билип келсин. Казынадан жортуулга ылайык келген каалаган буюмдарын алсын. Атканадагы миң тулпардан тандаганын минсин, каалаганын коштоп алсын. Бирок кулунду колума тийгизсин. Антпейт экен, күйөө балдарымдын төрт тарабы кыбыла. Көзүмө көрүнбөй жоголсун.

Кандын уулу Канбача менен бектин уулу Бекбача казынадан алган алтын, күмүшкө жан калтасын толтурду. Тулпарын тандап миништи, коштоп жүрчү атын да алышты. Жоо жарагын жонуна илишти. Жарлыкты уккан төрт Маамыт Төштүккө жетип келди.

– Төрт Маамытым, акыреттик досторум, – деп кучактай кетти, Төштүк. – Үзүлгөндү улаганга, чачылганды жыйноого жардам бергиле. Күнү баскан жолум, түнү көргөн көзүм болгула. А сен алтыным, Күлайым, атаңа барып менин мине турган атымды сурап кел. Мен да эл көзүнө ат мингендей болоюн, минип алып туш-тарапты чалайын, – деп, колуктусун Көкдөөгө жөнөттү.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.