Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Тогуз уулдун кенжеси жакшы жетилди, кичинесинен эрен чыкты. Жолунан чыккан балдарды карсылдата сабады, каалагандай баштады. Он экиге келгенде катылгандын катыгын берди. Аябай тентек өстү, ошондон “Төштүк тентек” атка конду. Адаттагыдай дагы бир күнү урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай жолдо келатса, алдынан бир бала чыга калбаспы. Адатынча ошо балага чочоңдой чоңдугун сала баштаганда, анысы “атакелеп” чакырды, “энекелеп” бакырды.
– Эй, куу такым Элемандын баласы, дагы адатыңа бардыңбы? Бирге ойногон балдарды оңдурбай, баарын кырганы калдыңбы? Аларда сенин тогуз агаңдын өчү жок. Ушунча кыйын болсоң атаңдын малын талаган кара кытай калкын чаап албайсыңбы?! Жоголгон тогуз агаңды издеп таппайсыңбы, намысы жок эрке талтаң бала! Билсең, эл арасында: “Агаларын таап алалбаган акмак Төштүк!” деген сөз жүрөт. Жок дегенде, ошого намыстанбайсыңбы! – деди баласы бакырчак кемпир.
Агалары жөнүндөгү кепти укканда Төштүктүн кабыргасы сөгүлдү. Көзүнөн жашы төгүлдү. Жоголгонуна ичи күйдү, аягандан боору толгонду, туугандары бар экендигине жүрөгү элжиреди. “Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырайын. Өлүү, же тирүү экендигин билейин” деп, тамак ичпей жумалап жатып алды. Не кылар алапайын таппай атасы Элеман менен энеси Күлайым кошо ыйлады.
– Айланайын кулунум, тогузун издеп сен кетсең, карыган биз эмне болобуз?
– Оой, атаке, атаке, эл эмне дейт? Билип туруп Төштүгү жатып алды дебейби. Аларды таап, элге кошпосок, ошондо шермендебиз чыгат. Мен аларды сөзсүз таап келем. Уруксат бер, атаке! – деп көзү өрттөй жайнаган Төштүк тишин кычырата чайнады.
– Мейли, издесең изде, балам, – деп, Элеман баласына күлазык камдады.
Ээлигип калган эр Төштүк жоо жарагын түгөл байланып, агаларын издеп жөнөдү. Көп чоочун жерди басып өттү. Бирок тогуз уулдан илинчек таппады. Алты ай болду дегенде араң көп жылкынын изине түштү. Белеси бийик бел ашты, учу кыйыры билинбеген көдөөлүү талаага туш келди. Ошо кең талаага Камбар ата тукуму жык толуптур. Жылкынын көптүгүнөн бут коёрго жер таппай баатырдын башы адашыптыр. Тирүү десе санда жок, өлүү десе көрдө жок агалары жылкылардын артынан жүрүп көп жылдарды өткөрүп ийиптир. Тогуз уулдун эң улуусунун сакалы агарып, ортончусунуку көгала тартып, эң кичүүсүнүкү карала болуптур. Теңир урган көп жылкы айдаганга көнбөй тескери чубап калыптыр. Ошончо көп жылкыдан кысыр тай кармап жей албай, айбан чалыш болгон тогузу аябай арып-чарчаптыр. Төштүк агаларын чогултуп, келген жүйөсүн айтты. Алты кысыр, кырк байталды жаа менен жыга атты. Баарын союп, агаларын казы-картага тойгузду, мазардагы кара сууга салды. Кычы эттерин кылыч менен кырып, кымыз менен жууганда бир топ жеңилденип калгандай болушту. Андан кийин алты күн майга бөлөп салды. Куржунун ачып тон-чапанын, тоо текенин терисинен ийленип тигилген кандагай шымын кийгизди. Баарына желбеген жорго мингизди. Ошондо гана өңү-башына кан жүгүрүп, агалары кадимкидей оңолуп калгандай болду. Көптөн бери көңүл иритип жүргөн кайгы-капалары таңкы туман тарагандай тарады.
– Айланайын агатайлар, уругуң ким, элиң ким? Унутуп калбадыңарбы, ошондон сүйлөгүлөчү, – деди, эт-жүрөгү эжиреген Төштүк.
– Кыргыз элинин кыпчак уруусунанбыз, – деди, тогуз уулдун улуусу. – Атабыз Элеман бай, энебиз Күлайым. Бир атадан тогузбуз. Бирок малдан айырмабыз жок доңузбуз. Доңуз болбой не болдук? Ата менен энеге кымындай жакшылыгыбыз тийбей, жылдап мал артынан жүрүп, мал болуппуз. Тогуз уулун жоготуп ата-энебиз зарлап ыйлап, эмдигиче бизди күтүп жүргөндүр, – дегенде тогузунун көзү жашылданып кетти.
– Агатайлар, ата-энем мазардан мазарга тентип жүрүп мени тааптыр. Атымды Төштүк коюптур. Эрезеге жеткенде карыган ата-энемди таштап, жоголгон агаларымды издеп чыктым. Минтип силерди таап, кубанычым койнума батпай турат. Эми биз үйгө кайтып барсак, ата-энебиз да аябай кубанат болуш керек, – деди Төштүк, ээнсиреген кең өзөндү көргөндө көңүлү ачылып.