Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
ТӨШТҮК МЕНЕН ПЕРИНИН КЫЗЫ АЙСАЛКЫН
Кудайдын бейишиндей көрүнгөн кооздукту жараткан Чук-Терек капчыгайына суктана карап турду, Төштүк. Ошо кооздугунан бул жерге алты айда бир жолу перинин кырк кызы келип ойноп кетишчү тура. Кырк кыздын ичиндеги Айсалкын деген сулуунун сыйкыр-күчү, керемет-касиети башкалардан өзгөчө болуптур. Ал өзү сыяктуу эле Төштүктүн башкалардан өзгөчө эр экенин билиптир. Ошол үчүнбү, эрте сөзү кеч болуп, эки көзү төрт болуп Төштүккө ашык болуп калат. Сөзсүз ага жетүүнүн айла-амалын кылат. Балдай ширин сөздүү, ботодой кара көздүү нур кызынын сулуу жүзү да Төштүктүн көңүлүнө төп келет. Бири-бирин арзыган эки жүрөк биринчи жолу ошо жер сонуну болгон Чук-Теректен кез келет.
– Төштүк, мен бир күнү агаларыңды издеп келериңди билгем. Ошондон Чук-Терекке сейилге чыгар күндү тоском. – Айсалкын сулуу кылыктана күлө сүйлөдү. – Мени менен жети күн гана бол. Ошо күндөрү экөөбүз каалагандай тамаша куралы, бири-бирибизге аруу сүйүүбүздү арнайлы. Бирок кыяматка нике кыйып кой. Мен жөн кыз эмесмин, сыйкырчы перинин кызымын. Ошон үчүн сенин шоруң көп экендигин билем. Жети жыл жоголгон баатырдын жесири болгум келбейт. Азыр мага аманат сөзүңдү айт, Төштүк, – деп, баатырдын жүзүнөн сүйдү.
– Кыл көпүрө, тар жайда жакшы жолдош болууга убадамды берем, – деп, жети күндүн ичинде кылыктанган кыз ордосунда көп кызыктарга батты, эр Төштүк.
Кетерде Айсалкын колундагы алтын шакегин чыгарып берди.
– Бу шакекти сага белекке бердим. Элиңе аман-эсен жетип, тогуз кыздын кенжеси Кенжекени колукту кылып ал. – Айсалкын ичинен кыжалат ойго кептелгендей бир башкача түнөрдү. – Төштүк, ак ундун камырындай жуурулушкан жети күн бекер өтпөптүр. Сенден боюмда калды. Буюрса, уул болот. Сен андан камтама болбо. Курсакта калган баланы куу баш чалга берип, анын сообуна калам. Аты Бокмурун коюлар. Ошо куу баш чалдын аты атпай журтка белгилүү кан Көкөтай. Ал алтымыш катын алса да туяк көрбөй, азаптанып жүрөт. Көкөтайдын дүйнөсү көктөмдө чыккан чөптөй көбөйүптүр. Дүнүйөсү мол болгону менен баласы болбогон адамдын жашоосу курусун. Бала деп барбаган мазары, кайрылбаган табыбы калбаптыр. Кудайлап ыйлайт, андан бала сурайт. Бирок тилеги таш каап, балалуу болбой башы кайгыга малынат. Ошентсе да көз жашын көлдөй төгүп, кудайга жалынат. Эми ошо Көкөтай кандын көз жашын аяп, балалуу кылып таштайын, – деп, жамгырлуу булут чакырды, перинин кызы Айсалкын сулуу.
Күндү заматта алай-дүлөй чалдырды. Айлана тегеректи боз мунарык каптады. Төштүктүн көөнүн калтырып, кара жамгырын шыбыргактатып жаадырып, кумга сиңген бир тамчы суудай көздөн кайым болду, перинин кызы.
Арадан толук тогуз ай өткөндө Айсалкындын ичи ооруп, толгоо тартты. Жанында жан күйөр адамы жок ай талаада өзү төрөдү. Чаңырып түшкөн баласынын киндигин өзү кести. Ошо бойдон чыңырта курмушуга ороп, куржунуна салды. Көкөтай кан өзү жакшы көргөн кызыл төөсүн кармап алып, өркөчүнө куржунду бек байлады.
– Айланайын кызыл нар, айбандан башка жаныбарсың. Өркөчүңө капшырган ымыркай баланы өзүңө тапшырдым. Бу аманатты Көкөтай байкушка бере көр, ыракматын ала көр, – деп, өзү жан бирөөгө көрүнбөй изин суутту.
Ошол кезде Көкөтай бай Мааникер тулпарын минип, балбан-баатырларынын коштоосунда адырлуу талаада аң уулап жүрүптүр. Төө тигилер турган өрүшкө келгенде канаттуу куштай сызган, желдей ышкырып учкан Мааникер тулпар баспай туруп алат. Көкөтай кан эчтемеге түшүнбөй башын чайкайт. Атына жалынып жалбарат. Ал тургай камчылайт, бирок түк ордунан жылбайт. Ошондо Көкөтай тулпарына катуу капаланат.
– Бир күүлөнгөндө күн чыгыш менен күн батышты басып өткөн, жел жетпеген күлүк элең. Бу сапар сага эмне болду, арам өлгүр! – Көкөтай кан алая камчы чабат. – Ким ойлоптур “Айбан малдын пашаасы Мааникер тулпар жүрбөй калат. Ээсин азапка салат” деп. Баладай көргөн тулпарым, ичим күйүп, боорум чок. Тулпарым баспай талаада туяксыз өтөмбү? “Артымда тукум калсын” деп жаратканга жалынып, сан түмөн малымды бей-бечарага тараттым. Мазарлуу жерге түнөдүм, анда да бала көрбөдүм. Кырк миң төөгө алтын, күмүш жүктөтүп, жер жүзүн кыдырдым. Барган жердин баарына садага бердим, ак селдечен кожолордон бата алдым. Бирок мында да бала көрбөдүм. Мааникерди мингенде алаксып калчумун, бир аз болсо да бала дегенди унутчумун. Ошон үчүн башка жанга ишенбей Мааникерди өзүм карадым. “Кыштын суугу тиет” деп жабуусун калың жаптым, ак сарайда кармадым. “Күн аптабы тиет” деп тоо башында бактым, чөптүн бүрүн бердим. Эми мени уят кылып отурат. Не жазыгым бар, а?