Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Жер үстүндөгү шуудураган токой, андагы булбул үнү, дарыя шоокуму Төштүккө бейиштин төрүндөй сезилди. Жер бейишин сагынып калганбы Чалкуйругун минип, ырахаттана ой-тоого чапкылады. Аң уулады. Бугу, аркар атып, көп жылдык бугун чыгарды. Көп күн уйкусун кана кандырып, ойдогудай оюн салды.
Бир күнү адаттагыдай аң уулап чыккан. Капыстан так бет маңдайынан алтын мүйүз ай бугу ойт берип калбаспы. Төштүк оң-тетири теминип, артынан көпкө кууп отурду. Алтын мүйүздүү бугу жеткирбей белестен белеске, ойдон-тоого качты. Ал күнү жетпей калды. Түнү эс алып, аң уулоосун таң атырбай кайра баштады. Күн шооласы жерге толук жайылганда гана аткан жебеси бугуну оңко сайдырды. Этин жиликтеп, баканга илип койду. Чалкуйрук атын жайдактап, даракка аса байлады да терең уйкуга кирди. Канча уктаганы белгисиз, бир убакта кулак-мээни тундурган үндөн ойгонуп кетти. Акырын жыла басып тыңшаса, үн чуңкурдан чыгып жаткандай. Чуңкур дегени кашаты темир тор менен курчалган кырк аркан бойлогон ор экен. Элемандын сырттанына ор түбүндөгү эти качып, сөөгү эле калган бир укмуш жан жалбара кайрылып калды.
– Төштүк баатыр, мен да сен сыяктуу эр элем. Атым Чоюнкулак. Бирок жер асты-үстүнөн чыккан токсон алп сыйкырлап кармап алып, ушул орго таштаганы кырк жыл болду. Мен сенин келээриңди билгем. Мени ушу азаптан куткарып кал. Айтканыңа көнөйүн, жан жолдош болуп берейин. Жерден муздак сыз өтүп, аябай кыйналып турам. Жок дегенде Чалкуйрук тулпарыңды багып бергенге кантип жарабай калайын.
Эр кадырын эр билет экен. Төштүк баштыгындагы кырк бир кулач арканын ор түбүнө таштап Чоюнкулакты тартып алды. Өлгөнү калган немеге майга кууруп эт берди. Тамак-ашын түрдөп берип, жакшы бакты. Аз эле күндө сүйрү бетине сүт, ийрисине эт толгон Чоюнкулак оңбогондой оңолду. Курсагына май байлаган сайын оңбогурдун оюна ар кандай жаман ойлор келе берди. “Элемандын Төштүгүн билинтпей баса калып, көзүн ойсом, оңбогондой олжого ээ болот элем. Катындары да мага калмак”, – деп нечен түргө бөлүндү. Ошентип күнүгө күчүн сынады. Күн өткөн сайын кайраты ашып, күчкө толо берди. Күчүн сынап, чынар теректи орду түбү менен жулуп алды. Буга ал аябай кубанды. Төштүк Чоюнкулактын амандыгын тилеп багып жүрө берди. А ичи калтырак, сырты жалтырак Чоюнкулак алптын ойлогону ою жамандык болду. Акыры ал жакшылыкка жамандыгын көрсөттү.
– “Төштүк” десе барбайып, кеңсинип калат экенсиң. “Төрө” десе, тимеле эрсинип калат экенсиң. Мындан кийин сенин сөзүңдү укпайм. Чалкуйругуңду карабайм. Эми сен ал тулпарыңды алып келип, мага токуп бер! Менин тилимди албасаң, азыр менден өлөсүң, кыяматтан көрөсүң! – деп күйбөгөн жерин күл кылды.
– Атаңдын көрү Чоюн ит. Кечээ эле өчкөн отуңду тамызып, өлгөн жаныңды тирилттим эле го! Бүгүн эмне деп жатасың!?
– Жакшылыкка жамандык, күч-каруума келип турганда сени менен чабышам, өлтүргөнчө алышам, – деп, Чоюнкулак көк букадай чалып кирди.
Экөө аркы-терки кармашты, балбандарча чалышты. Төштүктүн чамасы алпка чак келбей, алсырагандан алсырады. Балакетүү Чоюнкулак дөө барган сайын аны кансыратып күчүнө кирип барат. Ошондо Быйты күң балта ала чуркады. Күлайым жакасына жармашты. Үчөөлөсө да алы жетпеди. Бир убакта Чоюнкулак чокмордой муштуму менен Төштүктүн оозу-мурдун канжалата урду. Күчтүү соккудан аласалып барып тырп этпей, жер кучактап жатып калды. Чоюнкулак Күлайым менен Быйты күңдүн чыркыраганына карабады. Чалкуйрукту минип, Чайыңги тонду, катындарды олжолоп алдына салып айдап алды. Ашуусу бийик бел ашты, капчыгайлуу төр басты. Заматта эки катындуу болгон алп, өз билгенин кылып, аң уулап жүрө берди. Көп кызыктарга батты.
Ошо кезде Алпкаракуш балдары менен жер үстүн айланып жүргөн. Ой-тоону кыдырып келатып, тоонун сеңиринде кыймылсыз жаткан адамга көзү түштү. Балдарына көз ымдай:
– Бүгүн көңүлүм жайында эмес. Тээтиги жерде бир адам өлүп жатат. Адамдын эти таттуу болчу эле, тез баралы. Боорун татып, бир жашарып алалы, – деди канатын күүлөй.
Жарышып учкан үч кара куш жетип-жетпей таң калды.
– Айланайын балдарым, бу жаткан өлүк өткөндө силердин жаныңарды куткарган Төштүк эрдин өзү экен. Кокуй, Төштүк, өлбөй кал! – деп кан ичмеси кармап, Төштүктү “кулк” эттире жутту.