Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Ичи салаңдаган кара аркар гана калып калды.

– Ичимдеги сандык менен мен кайда барам. Мен эбак өлгөн аркардын биримин. Андан көрө мени атып алып, адам уулу бир тойсун, – деп булакка түштү.

Төштүк карап турабы. Жебесин кериле тартып, кара аркардын курсагын жыра атты. Күткөн сандык жерге түштү.

– Оор жүктөн арылттың, Төштүк. Мен эгиздин түгөйү болчумун. Козу кезимде Чоюнкулак кармап алган. Сыйкыр менен жети кара кучкачын темир сандыкка, андан менин курсагыма салган. Мен аны канча жыл көтөрдүм. Эми аны колуңдан чыгара көрбө, Төштүк, – деп, аркар көздөн кайым жоголду.

Төштүк болот кылычын ала коюп сандыкты бөлө чапты. Оозун ачкан алты кара кучкачтын башын жулуп алды. Бирин жарым өлүк кылып жан баштыгына салып алды. Чоюнкулак алптын ажалы көзүнө көрүнүп, онтоп жатып калды. Ошого карабай эки алп кочкордон бетер сүзүштү, айгырдан бетер алышты, бөрүдөн бетер жулкушту. Чала өлүк болгон кучкач Төштүктүн омурткасына барып сайылды.

– Бул дагы эмнеси, Быйты карачы, – дегенде, Быйты койнуна колун салды. Омурткасына барып сайылган кара кучкачты жулуп алды.

– Айланайын Быйты күң, эмне десең көнөйүн. Ушул кара кучкачты оозума салып жиберчи, – деп жалынды, Чоюнкулак дөө.

Ошондо Быйты күң дөөнүн жаны болгон кара кучкачтын башын жулуп алды. Дөөнүн көзү сүзүлүп барып, чалкасынан түштү. Быйты күң менен Күлайым Чоюнкулак алптын денесин керки менен кескилеп, балта менен чапкылап, ийне менен тешкиледи. Анан сөөгүн өрттөп ийди. Күлүн көккө сапырды.

Күлайым бешикте жаткан баласына тигиле карады.

– Баланы таштап мындай жылалы. Күңгүрөнүп ыйласа Чоюнкулактыкы. Демек ажалынын жеткени ошо. Ачык ыйласа сеники. Калтырбай алып кетебиз, – деди энеси.

– Макул, – деп мындай жөнөй бергенде, бешиктеги балага тил бүттү:

– Төштүк, сенин тукумуңду кырам, тамырыңды жулам. Атамдын өчүн албасам Чоюнкулак дөөнүн баласы болбой калайын! – деп бакырык салды.

Аны уккан Чалкуйрук безилдей мындай деди:

– Чоюнкулактын баласын тез арада менин куйругума байлагыла. Мен аны сүйрөп жүрүп өлтүрөм. Төштүк, алым жетпей баратса камданып тур. Сенин алдыңдан өтөм. Ошондо башын кыя чаппай жаның жокпу?! – деп сүйрөп жөнөдү.

– Сени элеби, Чалкуйрук тулпар! Азыр оңдонуп алсам, куйругуңдан кармап, көтөрүп чабам! – деп, Чоюнкулактын баласы чырылдай каарданды.

Чалкуйрук үлгүрүп калды. Бир аз кечиккенде баары күм-жам болмок. Бар күчүн жумшап, Төштүктүн алдынан өтө бергенде, Элемандын сырттаны дөөнүн баласынын башын кыя чапты.

 

ТӨШТҮКТҮН ЭЛИ-ЖУРТУНА КЕЛГЕНИ

Төштүк акыры үйүн көздөй жол тартты. Арадан жети жыл өтүп кетиптир. Быйты менен Күлайымга желбегей торко кийгизди, желбеген жорго мингизди. Жолдон аларды жаш кезинде баш кошкон Кенжеке менен уулу, камбар ата тукуму кара бээ менен ойсул ата тукуму чаар инген тосуп алды. Эр Төштүк учурунда келиптир. Мынча келбегенде атасы менен апасы кайгыдан чөгүп, тура албай калмак экен. Жети жыл кабарсыз кетип, анан өзү келген Төштүгүнүн урматына атасы Элеман чоң той берди. Төштүктүн тоюна он эки кан баштаган калың журт келди. Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык даярдалды. Той кызуу башталды. Ачытылган кымыз ичип кутурган он эки кан өз ара чырдаша кетти. Ошондо эр Үрбү: “Көпчүлүктүн көзүнчө Манас мени камчы менен урган”, – деп таарынды. Кара жолтой эр Көкчө: “Катынымды Алмамбет булгап кетти. Алымды Манас алды. Мен кур жалак калдым”, – деп анысы туураланды. Текечи Шыгай кан менен Эштектердин Жамгырчы каны: “Жакынды жакын дебейт же бизди кырк чорочо көрбөйт. Биз эмне андан кембизби?!” – деген тескери оюн билдирди. Оогандын Кыйба каны: “Кечээ Ооганды чапканда бизге олжо таштабай баарын алып кеткен”, – деген доосун айтты.

Кыскасы, кымыз ичип мас болгон он эки кан: “Манасты чаап алабыз. Ким андан аянса ат байланган мамыдай сыйда болуп өтөлү”, – деп, чыбык кармап, ант беришти.

Сөз кызып отуруп, акырында жети гана кан калды.

– Ээ, кандар, эмне деп жатасыңар? Кыргын тийген эмедей, баарың кыйраганы жүрөсүңбү?! – деди Төштүк, баарын кыдырата карап. – Мен ушундай болорун күн мурунтан билгем. Ошон үчүн тойду топот кылат деп эр Манасты тойго чакырбай койгом. Ичиңде Манастын кадырын билгениң бар. Билбегениң “чаап алсак” деп тарталаңдап жүрөсүң. Эгер ал жинденсе ай-ааламды буй кыларын, жети канды айдап кетерин билесиңерби!? Ошондуктан көп кыжылдабагыла. Силерге менин теңелер алым жок. Тойго келбей эле Манаска жаңжал салам деген чатакка келген турбайсыңарбы. Атаңдын көрү, жети кан, аскер баштап, кол жыйып, аттанып чаап алуучу кытай эл эмес, ал. Арамдык кылбай тилимди алгыла. Айтканыңардан кайткыла! Манас баатырдын жети кандык алы бар. Силерде кайсы ал бар? Өзүңөрдү эр санасаңар, башканы шер санагыла! – деди.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.