ЗАР ЗАМАН
МОЛДО КЫЛЫЧ

- Зар замандын казалы,
- Калем алып жазалы.
- Жөнү жокту жаздың деп,
- Кудайым кылба жазаны.
- Молдо Кылыч мен атым
- Болжолу жок санатым.
- Чаар китептен аз окуп,
- Чала чыккан сабатым.
- Санаадагы сөзүңдөн
- Чыгаар сөзүм орундуу.
- Жигит болсоң абайла,
- Убал кылба жаныңа,
- Тазалагын жолуңду,
- Тарта жүргүн колуңду.
- Жаман адам курусун,
- Доо чыгарып бир жерден,
- Милдет кылаар жумушун.
- Жакшыларды карасаң,
- Кылганынын доосу жок,
- Сыр билгизбей тымызын.
- Мен сүйлөйүн канчаны,
- Казак, кыргыз барчаны.
- Калайыкка эринбей,
- Кетти канча далай сөз
- Кара көзгө көрүнбөй.
- Акындардын обону
- Домбуранын үнүндөй.
- Жарашыктуу зар заман
- Тоту куштун жүнүндөй.
- Бар келишкен боруму
- Кызыл кымкап гүлүндөй,
- Кандай салса жарашаар,
- Калы килем түрүндөй.
- Түшүп туруп күбүлүп,
- Ак теректин бүрүндөй.
- Көчүп турат токтобой,
- Кирекечтин жүгүндөй.
- Кызыкканда жакшы сөз
- Кызыгышкан оюндай.
- Айдап келем көп сөздү
- Кербенчинин коюндай.
- Тилим шыдыр, түздүгү
- Зым карагай жолундай.
- Баары жогу тийимдүү
- Бардеңкенин огундай.
- Маани билбес эсерге,
- Башка тийген союлдай.
- Тегеретээр көңүлүңдү
- Тегирмендин огундай.
- Акылы бар адамга
- Тынч олтурган орундай.
- Тили жүйрүк акындар
- Сөзү сайдын ташындай.
- Кенендигин сурасаң,
- Кең Кочкордун сазындай.
- Зар заманды байкасаң,
- Даамы татты казыдай.
- Эч болбосо ширеси
- Чекендинин ашындай.
- Кулагыңа жугумдуу
- Көк темирдин датындай.
- Асан кайгы жигиттер
- Эри өлгөн катындай.
- Зардабы бар боз балдар
- Заяпкердин атындай.
- Пейли тардын куну жок,
- Бай да болсо жакырдай.
- Бузулганды түзөгөн–
- Жоо качырган баатырдай.
- Кыйшык сөздүү жигиттер–
- Кыянаты капырдай.
- Кылыгы жакшы боз бала
- Булу кымбат асылдай.
- Зекети жок малыңыз
- Эшек менен качырдай.
- Ишеничтүү жигиттер
- Ат байлаган акырдай.
- Жигери бар азамат
- Жыты жакшы атырдай.
- Дөөлөтү бар адамдар
- Дөбөдөгү чатырдай.
- Кайырдуу болсо журтуна
- Кала салган чарбактай.
- Кайыры жок бай болсо,
- Көрүстөндө арбактай.
- Малым бар деп кубанса,
- Беш намасты билбесе,
- Кайыр, зекет бербесе,
- Дин билбеген калмактай.
- Мен сүйлөйүн канчаны–
- Казак, кыргыз барчаны.
- Дин мусулман: ногой, сарт
- Мусулмандан таркады.
- Бу замандын адатын:
- Пейли, үрпүң айталы.
- Пейли жаман адамдар
- Өз напсине тартады.
- Абайласаң, жигиттер,
- Ата-энең Мекедей.
- Куштап жакшы бага көр
- Колуңдагы кеседей.
- Сыйлашпаган бир тууган
- Он да болсо, жекедей.
- Көп сүйлөгөн маңгилер
- Күзгү кирген текедей.
- Жаман болсо катының
- Ичтен жеген митедей.
- Кутулууга көңлү бар
- Караңгы түн кечедей.
- Тил албаган балаңыз
- Бел ашпаган арыктай.
- Кетейин десең, айла жок,
- Каралайсың, жүрөсүң
- Оору баккан табыптай.
- Байкасаңыз бу сөзүм–
- Жалган эмес, аныктай.
- Изаты бар боз балдар
- Казылбаган арыктай.
- Кең пейилдүү жигиттер
- Сары өзөн жайыктай.
- Дүнүйөкор адамдар
- Жалган сөзү аныктай.
- Жаман айткан суук сөз
- Көңүлүңө салыктай.
- Туруп калаар так болуп
- Көкүрөкөө айыкпай.
- Мен сүйлөйүн сиздерге
- Буудай үрөн чач
11.10.2025