Азаттык
Маек: Мемуар, эссе, сын жана кино

- Жакында эле Түгөлбай Сыдыкбековдун бир мемуарын окуп калдым. Андан 30-жылдардагы кыргыздын каймактары жөнүндө маалыматтарды таптым. Үмүт айым, кыргыз адабиятында мемуар жанрынын орду кандай?
Үмүт Култаева: Мемуар автобиографиялык чыгармадан бир аз айырмаланат. Анда коомдогу процесстер менен адамдын автобиографиясы синтезделет. Эгер кийинки муун үчүн, адамдын тарыхы үчүн маанилүү маалымат болсо мемуар жазса болот. Түгөлбай Сыдыкбековдун төрт каты бар да. Бул каттар анын баатырдыгы, улутман болгону үчүн баалуу. Биринчи каты партиялык съездге келгенде, "кайсы маселени көтөргүңүз келет?" деген суроого жооп катары жазылган. Ошондо “Мен улуттук тил маселесин көтөргүм келет. Мен дагы кайсы маселени көтөргүм келет? Ата Мекендик согушта Орто Азиянын кырчындай жигиттерин өлүмгө тосуп бердиңер. Бирок көркөм фильмдерде эмне үчүн алардын аты жок? Согуш учурунда каза болгон кыргыз баатырларынын биринин да аты жок. Москваны коргогондо булар дзотко төшүн тосподу беле?! Эмне үчүн ушуларды айтпайсыңар?” деген. Ал кат эч жакка жарыяланбай, сандыкка катылган. Азыркыга чейин чыга элек. Демек, бул өтө маанилүү, улуттун аң-сезимин ойгото турчу материал. Адамдын аң-сезимин күүгө келтирүүчү материал. Азыр жеке үй-бүлөлүк тарыхын мемуар деп жазгандар көп. Анын баалуулугу канча, кимге кызык?
- Кеңеш Жусупов убагында Жапонияга сапарын, Алыкул Осмонов тууралуу изилдөөсүн жазган эмеспи. Китебин алгач окуганда мага аябай катуу таасир эткен. Жол очерктери ж.б. жанрлар да калып кетти окшойт кыргыз адабиятында?
Үмүт Култаева: Кеңеш Жусуповдун Алыкул Осмонов жөнүндө эскерүүсү – бул эссе. Бизде бул жанр анча өнүккөн эмес. Сагын Акматбекованын оргиналдуу эсселери бар. Бирок ошол эссенин эң мыкты үлгүсүн Кеңеш Жусупов “Ыр сабындагы өмүрдө” берди да. Бул дагы адабиятта талкууланчу маселелердин бири. Ал адамдын өмүрүндөгү биз билбеген фактыларды алып чыккан. “Жыпардын упчусу” дегени эле адамдын жүрөгүн титиретет, ыйлатат. Алыкул берген түйүнчөктү ачканда анда дагы бир түйүн, аны ачса баланын упчусу жатпайбы. Акындын бүтүндөй бактысын, кубанычын, трагедиясын, кайгы-капасын да ушул упчу көрсөтүп койду да. Көркөм адабиятта көркөм деталь деген бар да. Жусупов ошол көркөм деталды ушунчалык келиштире жазган. Ошол эле Алыкулдун отургучу. Аны Кеңеш Жусупов таап, сатып алган. "Троллейбустагы орустар жапайы кыргыз деп жаман көргөнүнө карабай, төбөмө көтөрүп келгем, анткени ал баалуу эле" дейт.
Анан ошол отургучту алып келип, Мурза Гапаровго “мен отурбасам мейли, сен отур” деп бериптир. Достуктун улуулугун караңызчы... Мурза Гапаров дүйнөдөн кайтканда, Кеңеш Жусупов биздин институтта иштечү. Эки айдай өзүнө келе албай жүрдү агай. Достукту баалаган адамдар ушундай болот. Ошон үчүн достук, үй- бүлө, сүйүү ошонун баарын кошуп, керемет чыгармаларды жаратты да.
- Убагында “Кыргызстан маданияты” гезитине, “Ала-Тоо” журналына адабий сындар жарыяланып турчу экен. Аны карапайым окурмандар да окуп, рахат алышчу экен. Азыр адабий сындын деңгээли түшүп кетти дешет. Кээде акындардын чыгармасы турган жекелигине, керт башына өтүп кеткен сындар чыгып калат. Адабий курста сынды да окутасыздарбы?
Үмүт Култаева: Улуу сынчы качан жаралат? Улуу сынчы билимди өздөштүргөндө гана жаралат. Эгер билим болбосо ал кантип сындайт, кантип баалайт, кантип талдайт? Ошондуктан билим абдан чоң мааниге ээ. Бизде эки чоң корифей бар эле, бири - Кеңешбек Асаналиев, экинчиси - Кадыркул Даутов. Кеңешбек Асаналиевдин “Көчкөндө сак бол” деген макалалар жыйнагы чыккан. Ошондо эмне үчүн сын токтоп калганын айтып жатат. Биз Эгемен болдук, эркиндикке чыктык эми укмуштуудай адабият жаратабыз деп ойлогонбуз. Бирок жарата алган жокпуз. Анын себеби, өмүр бою социалисттик реализм менен руханий жактан азыктанып, ошонун суусун ичип, рахатын көрүп, ошонун жобосу менен иштеген адамдар дароо эле жаңы багытка өтүп кете албайт экен. Анткени өзүбүздүн адабий тилдин концепциясын, теориясын негиздей элек экенбиз. Ал үчүн убакыт керек экен. Жаңы муундагы сынчыларды даярдай элек экенбиз. Ортодо тыныгуу, боштук турат. Ошол боштук ичтен бышып жатат. Буюрса, ошол сынчылардын жаңы мууну өсөт, келет деген ишеним бар.