Азаттык

Маек: Мемуар, эссе, сын жана кино

Азаттык

- Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров менен бир нече жыл мурда сүйлөшүп калганда, “Жакшы кино тартылышы үчүн жакшы сценарий керек, жакшы сценарий болушу үчүн жакшы чыгарма керек” деди эле. Азыр курста сценарийди окуталы деген максаттар барбы?

Үмүт Култаева: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде сценарий жазууну үйрөткөн факультет бар. Туура, адабият бардык көркөм өнөрдүн башаты. Чыңгыз Айтматов келди театр өнүктү. “Кыргыз керемети” жаралды. Сүрөт өнөрүндө укмуштуудай өнүгүү болду. Театрда, кинодо, балетте, операда бардыгын көтөрүп кетти да. “Адегенде сөз болгон” деп бекеринен айтылган эмес. Бардык нерсенин башаты сөз. Текст мыкты болсо, калганына идея берет экен. Айтматовдун чыгармалары союздун бардык театрларында коюлган. Бүтүндөй боордош, канаатташ элдердин театрын өнүктүрдү да. Байжиевдин “Төрт адамы” эле кырктан ашуун театрда коюлган. Адабияттагы жаңычылдык, өзгөрүү коомдун бардык тармагына, катмарына таасир этет.

Азыр Арслан Капай уулу (Койчиев) жакшы чыгармаларды жазып жүрөт. Сценарий үчүн мисалы анын “Мисмилдирик” чыгармасын алса болот. 1916-жыл кыргыз тарыхы үчүн өзгөчө маселе да. “Бакшы менен Чыңгызханын”, “Добул-Таштык Заратустрасын” алса болот. Азыркы кыргыз прозасында эки фигура - Султан Раев жана Арслан Капай уулу турат. Жаш калемгерлердин да жакшы аңгемелери бар. Акын Нуриза Өмүрбаеванын “Өсүндү” деген алакандай аңгемеси бар. Мекен жөнүндө “Белек” деген аңгемеси бар. Анда миграцияда жүргөн адам каза болгондо жанынан туулган жеринин топурагы чыгат. Ошону анан кабырга чачышат. Бул бир Мекен тууралуу, миграция көйгөйүн козгогон укмуш аңгеме. Горькийде окуганы үчүн Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын ойлонуусу такыр башка да.

Негизи миграция темасы көп жазылып, тартылышы керек. “Тил билги” деген курс ачкам, сапаттуу жазууну, сүйлөөнү үйрөтөм. Бир күнү "сизден окусам болобу, Африкадамын" деп бирөө чалды. Дагы бирөө "Италияда элем, бул жакта эки миңдей кыргыз барбыз. Балдарыбыз эне тилин билбей калды" деп жазды. Ушундай көйгөйлөр көп да.

- Бир кезде бизде милициясы да, дарыгери да ыр окуган, чыгарма жазган интеллектуалдык катмар пайда болгон экен. Азыр акын-жазуучуларды башка тармактын кишилери тааныбай деле калды окшойт. Дегеним, кээде жакшы чыгармалар коомду ойготуп, жандантып жиберет турбайбы...

Үмүт Култаева: 60-жылдардагы авангард агымын алалы. Союздук маштабда Белла Ахмадулина, Роберт Рождественский ж.б. жер-жерлерге барып ырларын көркөм окуп, коомду титиреткен. Бизден Омор Султанов чыккан. Ошол күчтүү толкундун арты менен врач болобу, инженер болобу, артист болобу ыр окуп, адабиятка, искусствого кызыга баштаган. Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэмасы” сүйүшкөндөрдүн гимнине айланып кеткен экен.

Андан кийинки Сагын Акматбекованын феноменин алалы. Москвада Горький институтунда Жолон Мамытов экөө окуп калат. Сагын Акматбекова аябай токтоо, жөнөкөй эмеспи. Жайкысын каникулга келбей ошол жакта калып калат. Бирок ырлары жупкадай китепче болуп чыккан экен. Ошол он тыйындык китепче “кара базарда” 20-30 сомго чыгып кетиптир. Жолон Мамытов каникулдан кийин барып, “Эй, Сагын сен эмне кылып отурасың бул жакта? Фрунзеде “сагынизм” болуп жатат” дептир. Акындардын ырлары элдин аң-сезимин ойготкондо, окурмандар аны жатка айта баштайт тура. Коом кесибине карабай туруп адабияттагы эстетикалык рахатты сезиптир. Азыр ошондой бүтүндөй коомдун көркөм аң-сезимин ойготуп жиберчү чыгарма жок да.

Булак: Азаттык

04.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.