РОБЕРТ БЕРНС
Менин бактым
***
Жакты ага менин турган турпатым,
Жашаган үй жана ага-тууганым.
Артык окшойт бирок, жеке баамымда,
Ага менин акча, байлык, кызматым.
Мөмөсү үчүн алма бакты сүйөт ал,
Аары-кымбат, жүргөнү үчүн ташып бал.
Акча бүтүн ээлеп алган жүрөктө,
Бир кичине мага орун табылар?!
Бирок ага аял эмес сеп кымбат,
Тамак болсо, ал сүйүүнү жеп тынмак.
Куйту болсун мейли, көрө жатарбыз,
Отурарын ким ыйлап да, ким ырдап!
Бак бүрдөбөйт — болбосо эгер тамыры,
Тал гүлдөбөйт — сөңгөк болгон акыры.
Сүйүү өтөт илинчээги жок болсо,
Тийбей жүрүп эч бир жанга жарыгы.
Бактылуу жесил
Май айында үйлөнүп,
Азапка далай малындым.
Туткундук курусун, бул өңдүү
Келчүү эле кез-кез асынгым.
Кылып мен анын айтканын,
Турмуштан көрдүм тозокту.
Ал өлүп анан акыры
Түйшүктөн мени бошотту.
Жыйырма күн эмес жыйырма жыл
Жашады бирге, кантейин!
Ал эми азыр каякта
Жүргөнүн билбейм, билбейин.
О дүйнө бирок сырларын,
Билүүгө жүрөм оолугуп.
Өлгөн соң ага мен барып,
Калбасам болду жолугуп.
Жол жобосун бүт жасап,
Узаттым келбес сапарга.
Тозоктон чыкпай бир орун,
Кайтпаса болду катарга.
Бейиште окшойт, түгөнгүр?!
Эрте-кеч түшөт чагылган.
Чагылган салат эсиме,
Добушун ачуу чаңырган.
Ыр
Аял алсам деп жүрөм,
Мейли жакшы, жаманын.
Аял болсо болгону,
Чечет элек калганын.
Семиз, мейли же арык,
Эң башкысы күйөөсүз.
Мейли суру келишкен,
Биз түнкүсүн сүйөбүз.
Мейли эгер жаш болсо,
Катарында басармын.
Картаң болсо эртерээк,
Кара кийип жатармын.
А кааласа төрөсүн,
Балалуу үй базар да.
Төрөбөсө эң жакшы,
Эркинирээк басарга.
Сүйсүн мейли аракты,
Ичкен оозго жарашат.
А ичпесе, эң жакшы,
Көбүрөөгү мага ашат.
Тажаал аял туурасында ыр
Аялым берип азапты,
Өлчөөсүз жедим таякты.
Мойнуңа минет андыктан
Катуурак койгун талапты.
Табамын деген бакыт жок,
Күндөр жок окшош жомокко.
Тажаткыр катын башымды,
Жашымдан тыкты тозокко.
Ошентсе дагы, үмүт чоң-
Жетемин деген жеңишке.
Тозокту көрүп мында мен
Кетээрмин эми бейишке.
Картаң күйөө туурасында ыр
Ажалга койсоң алдырып,
Алжыган чалым сен менин.
Тоолугум жазмак капамды,
Койнума жатып эзгилеп.
Жумуртка койдум бышырып,
Алтоосу турат тигинде.
Өзүңө-бири, мага-экөө,
А үчөө — тоолук жигитке.
Казанда башы кочкордун,
Казанда башы кочкордун.
Эт, сорпосу — биздики,
Мүйүзүн мүлжүйт окшодуң.
***
Аскалуу чоку. Магдырап
Булуттар жатат уйкуда.
Жем издеп учуп бөдөнө,
Жээлиге учат кыр-кырга.
Кыр-кыры, төшү, чокусу
Жаныма кымбат. Себеби,
Арзышкан жаным суу алат,
Булактан дайым береги.
Шылдырап булак агылып,
Өзөндү көздөй ашыгат.
Өзөндү бойлой бир бассак,
Өзөктө сүйүү ашынат.
Арзышкан жандын мен үчүн
Көп кыздан сулуу чырайы.
Атасы берчү сеп эмес,
Ак сүйүү көрктөйт ырайды.
Кезиксең жүрүп сулууга,
Сезимиң күйүп чок болор.
Акылы болсо анан да,
Жүрөккө тийген ок болор.
Арзышкан жандын, а бирок,
Көздөрү кымбат мен үчүн,
Кучактап жатып өлөйүн,
Кучагың тосчу, күмүшүм!
Менин бактым
Азга чөгүп, көпкө кетпейм дардактап,
Жашоом — бейпил, жанга жыргал жаратат.
Шайтан алсын мага түшкөн мүшкүлдү,
Шарап ичсем, шаңга толгон таң атат.
Ыза көрсөм, кетем анан чыйралып,
Жашоо — күрөш, жеңген кетет сый алып.
Байлыгым жок, мүнөзүм бар карольдор,
Сындыра албас, уруп, согуп, сынга алып.
Бул жылы бүт эзип келди убайым,
Досторум бар, бирок берген кудайым.
Жеткен кезде зор максатка, не керек
Жолдун эстөө — аңгыл-дөңгүл, ылайын!?
Чобур аттай ээрчип келет тагдырым,
Дүйнөнүн айт кээде кенен, тардыгын!
Түйшүк бассын, мейли болсун кубаныч,
Кучак жайып, күтүп алам бардыгын!
Ыр
Ушул түнү бош эмес,
Биздин чөйчөк, жүрөктөр.
Барыбыз мас, бардыгың
Эсен-аман жүрө көр!
Кудай алсын кимде-ким,
Элден коркуп, сактанса.
Чиркөө, түрмө — дегениң,
Кылат жанды маскара.
Акча, байлык дегенге
Ашыгышат акмактар!
Жарың сүйкүм болгон соң,
Жашоо алтынга барабар!
Кайгы-муңду ыр менен,
Узатабыз заматта.
Кучактайбыз кыздарды,
Саргыр үймөк тарапта.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.