Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

Он чакты индей

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

– Атам индей кыздар менен жүрбөгөнүнө бөркүмдөй ишенем, – арттан баласы үн катты.

– Сен кайдан билесин аны? – деди атасы. – Ник, индейдин чүрөгү Пруди сулууну колдон чыгарба эми, балам.

Гарнер айым күйөөсүнө бирдеме деп шыбырады эле, күйөөсү Жо Гарнер буга каткырып күлүп калды.

– Эй, ата – арттан Фрэнк үн катты.

-Ии?

– Эмнеге күлүп жатасың?

– Жөн, айтпа, жинди, – апасынын буга чый-пыйы чыга түштү эле, атасы буга дагы каткырып күлдү.

– Пруди сулууну Ники ала берсин дегеним, – деди Жо Гарнер. – Азыр менде ансыз деле эстүү сүйгөнүм бар.

– Бул айтканың башка кеп, – деди Гарнер айым.

Аттар кумдуу жолдо арабаны араң тартып барат. Жо Гарнер караңгылыкты көздөй камчы үйрүп:

– Чу, жаныбарым, чу! Эртең дагы эзиле араба тартасыңар.

Узатасынан кеткен адырдагы эңкейиш жолдо аттардын басыгы тездеп, араба ары-бери чайпала жүрүп баратты. Фермага келгенде баары арабадан түштү. Гарнер айым үйдүн эшигин ачып, ичкери кирди да, колуна чырак көтөрүп чыга келди. Карл менен Ник арабадагы жүктөрдү жерге түшүрдү. Фрэнк арабанын алдында олтуруп, арабаны атканага киргизип, андан ары аттарды жайлаганга камданып алган. Ник тепкич менен чыгып, ашкананын эшигин ачты. Гарнер айым мешке отун калап жатыптыр. Мешке каланган отунга керосинден чачып жиберип, күйгөн отту карап туруп калды.

– Жакшы калыңыз, Гарнер апа, – деди Ник. – Мени ала келгениңерге чоң ыракмат.

– Ой, кайда сен? Туруп тур.

– Жок, ыракмат. Бүгүнкү күн сонун өттү.

– Садагаң кетейин, тамак ичип кетсеңчи?

– Жок, ыракмат, кетейин. Атам күтүп калды.

– Мейли, каралдым, барсаң бар. Карлга апаң чакырып жатат деп койчу.

– Макул.

– Ники, жакшы бар, балам!

– Жакшы калыңыз, Гарнер апа.

Ник сыртка чыгып, малканага кирсе, Жо менен Фрэнк уй саап жатышыптыр.

– Жакшы калыңыз, – деди Ник. – Бүгүнкү күн сонун өттү.

– Жакшы бар, Ник, – деди Жо Гарнер. – Биз менен калып, тамак ичип кетсең боло.

– Жок, ыракмат. Эртерээк кетейин. Карлды апаң чакырып жатат деп коюңузчу.

– Макул. Кетсең жакшы бар, балам.

Ник малкана артындагы чабынды аянтындагы жалгыз аяк жолдо жылаңаяк желип-жортуп жөнөдү. Жалгыз аяк тайгалак жолдогу шүүдүрүм анын таманын муздатты. Чабынды жайдын этегиндеги кашааны ашып өтүп, жар менен ылдыйлай түшүп, саздак сайдын баткагын кечип, андан ары чынар теректүү токойду аралап жепирейген үйлөрдүн жарыгы көрүнгүчө өйдөлөп жүрүп олтурду. Кашаадан ашып өтүп, үй алдына жетип келди. Терезеден үстөлдө чоң чырактын жарыгында окуп олтурган атасы көрүндү. Эшикти ачты да, үйгө кирип барды.

 – Ии, Ники, кел, – деди атасы. – Баары жакшы өттүбү?

– Албетте, ата, баары сонун. Июлдун ажайып төртүнчү күнү.

– Курсак ачтыбы?

– Айтпа.

– Бут кийимиң кайда?

– Гарнердин арабасында калып кетти.

– Жүр. Ашканага кирели.

Колуна чырак кармаган атасы жол баштап жөнөдү. Токтой калып, муздаткычтын капкагын ачты. Ник ашканага кирип кетти. Атасы бир кесим тооктун муздак этин табакка салып көтөрүп келди. Үстөлгө сүт куюлган карапа менен чыракты койду.

– Кааласаң пирог бар, – деди атасы, – Жейсиңби?

– Ананчы.

Атасы үстөл четиндеги отургучка олтурганда, көлөкөсүнөн бөлмө ичи карангылай түштү.

– Топтон ким утту? – атасы сурады.

– Петоски. Беш – үч.

Тамак жеп жаткан баласын карап олтурган атасы карападан стаканга сүт куюп, баласына сунду. Ник стакандагы сүттү ичип жиберип, оозун майлык менен аарчыды. Атасы текчеде турган пирогду алып, бир чоң кесим пирогду баласынын алдына койду. Пирог бөрү карагат кошуп жасалыптыр.

– Бүгүн эмне иш кылдың, ата?

– Балык уулого бардым.

– Илештиби бирдеме?

– Болгону алабуга балыктан бирди кармадым.

Атасы пирог жеп жаткан баласын карап олтурду.

– Түштөн кийин эмне иш бүтүрдүң? – Ник атасына суроо узатты.

– Индей айылы тарапта эс алып жүрдүм.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.