Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

Он чакты индей

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

– Бирөө-жарымды көрдүңбү?

– Бүгүн индейдин баары шаарга түшүп, индей аттуунун бири калбай мас имиш ко.

– Бир да адамды көрбөдүңбү?

– Жанагы сенин досуң Прудини көрдүм.

– Кайдан көрдүң? – Ник атасын жалт карады.

– Токойдон, Фрэнк Уэшберн экөө жүргөн жеринен. Экөө сырдашып олтурганын байкабай жанына чуркап бара калганымды айт, атаңгөрү.

Атасы баласын карабай сүйлөп жатты.

– Эмне кылып жатышыптыр? – Никтин көзү чекчейди.

– Мен кайдан билейин.

– Чынын айтчы. Экөө эмне кылып жатышыптыр?

– Билбейм дедим го – деди атасы. – Өздөрүнчө күбүр-шыбыр болуп жатышканын гана угуп калдым.

– Сен алар экенин кайдан билдиң?

– Көрдүм дебедимби. Кантет бу?

– Мен аларды сен көрбөгөн экен деп ойлосо.

– Жок, көрдүм.

– Жанындагы ким дедиң?

– Фрэнк Уэшберн.

– Алар өздөрүнчө… Алар өздөрүнчө…

– Эмне «алар өздөрүнчө»? – атасы баласына таңдана карады.

– Алар өздөрүнчө бактылуу олтурушканбы?

– Ошондой го.

Атасы ордунан туруп, ашканадан чыгып кетти. Кайтып келсе, Ник башын шылкыйтып табакты мелтиреп тиктеп туруптур. Ник ыйлап жаткан.

– Дагы жейсиңби? – атасы бычакты алып, пирог кескени калды.

– Жок, – деди Ник.

– Дагы бир кесим жеп алсаңчы.

– Жок, ыракмат, ата. Тамагымдан эчтеке өтпөй калды.

Атасы үстөл бетин жыйнады.

– Аларды токойдун кайсы жеринен көрдүң? – Ник атасынан такып сурады.

– Индей айылынын четинен.

Никтин башы дагы шылкыйды. Анан атасы үн катты:

– Кой. Жат эми, балам.

– Жарайт.

Ник өз бөлмөсүнө кирди да, төшөккө чечинип жатты. Атасынын чоң бөлмөгө кирип кеткени угулду. Ник көмкөрөсүнөн жүзүн жаздыкка катып жатты.

«Жүрөктү жаралап кеттиң» – деп ойлоду көмкөрөсүнөн жаткан Ник. – «Жүрөгүмдү айыккыс кылып жаралап кеттиң…»

Бир аз өтпөй атасы чыракты үйлөп өчүрүп, өз бөлмөсүнө кирип кеткени угулду. Сырттан дарактардын шамалга шуудураганы угулуп, сырттын муздак жели терезенин тор пардасынан киргенин сезди. Ага карабастан көмкөрөсүнөн жаздыкка бетин жапкан бойдон жата берди, андан соң Пруди тууралуу аруу-таза ойлор аз-аздан унутулуп, анан уктап калды. Түн жарымда ойгонуп кетсе, балтыркандын шамалдан шуудураган үнү, шамал айдаган көл толкуну угулуп жатты, тыңшап жатып дагы уктап калды. Эрте менен катуу шамал согуп, көлдөгү бийик толкундар жээкке шарпылдай урунуп жаткан үндөн ойгоно түшкөн Ник жараланган жүрөгүн эстешке алы келбей уйку-соонун арасында көпкө турбай жатты.

 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.