КАДЫРКУЛ ДАУТОВ:
КЫСКА САПАРДАГЫ УЗУН ӨМҮР
Кайсы жагынан келип карабайлы, кандай гана көз караштан баалабайлы, баары бир Табылды Мукановдун тагдыры тууралуу арман-асиретсиз кеп салалбас болуп калдык окшойт. Ал акын катары жазчусун жазып, берчүсүн берип койгон менен тирүүсүндө алчусун алалбай кетти. Турчу ордуна турган жок. Чындап укчу сөзүн уккан жок. Бир топ жылдай ыр жазып, ыр менен жашап жүрүп, жупкадай делдейген жука-жука үч китепчесин араң чыгарды (анын бирөө беш- алты эле ырдан турат). Эң жаман жери — адабий журтчулук үчүн таптакыр кечиримсиз жагы — жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өтпөй калышы болду. А булардын баары анын тиешелүү энчиси эле. Мына, азыр «Жан дүйнө» деген наам менен окурмандарга сунуш этилип жаткан көлөмдүү жыйнакты түзгөн ырлар ошондо эле папкасында жүргөн. Ушул эле деңгээл, ушул эле сапат ошондо эле жаралган, ушул эле жаңычыл акын Табылды Муканов ошондо эле жашап турган. Баары-баары көзүнүн тирүүсүндө ачкан дүйнөлөрү менен жеткен чектери. Аларды эч ким өзгөрткөн жок.
Эмне, авторго азыр жасаган мамилени өз маалында жасап, азыр чыгып жаткан китебин өз учурунда чыгарууга жардам беришке шартыбыз келбейт беле? Ал жөнүндө адилет пикир таратышка чама-чаркыбыз жетпейт беле? Каалаганча… Тек гана баягы «жазып жүргөндөрдүн» бирөө да дегенчелик кылып, таланттын тагдырына жакындан кызыкпай, кайдыгер карап салдык. Кыргыз поэзиясына кандай акын кайсы жол менен кантип кирип келатканын көрүп эле туруп, жакшылап көралбай, түшүнүп эле туруп, тууралап түшүналбай койдук. Убагында олуттуу көңүл бурулуп, моралдык колдоо көрсөтүлсө, балким, акындын өмүр-тагдырына башкача таасир тийгизет беле, башкача финал күтүлөт беле… Ким билсин… Нетсе да бергенинен бере элеги көп, бүгүнкүсүнөн келечеги чоң, бара-бара поэтикалык асманыбыздын бир баркырап ачык жанган жылдызына айланчу оригиналдуу таланттан ажырап калдык.
Ал эми акындын жекече турмушу, 36 жыл жер үстүндө сүргөн өмүрү ушунчалык адам суктанарлык бактылуу болдубу? Эмнени көрүп, эмнеге жетинди?.. Көкөй кести жашык мүнөз, жалтаң көз жетимчилик,… жалаң көйнөк, жалгыз шымды каниет туткан студентчилик… «өйдө көч, ылдый көч» болуп, жетер-жетпес маяна менен шаарда жашоо. Анан нервин жеп, көңүл көктөмүн кыроолонтуп жүрүп отурган биринчи аялы менен болгон үй-бүлөлүк драма. Эми кичине үстүнө үй, астына аш күтөйүн деп келатканда оору жармашты. Тагдыр эрки атайылап бул дүйнөдө аласасынан бересесин көп кылып жаратып койгон жан окшоп 36 жаш курагында жарыктык менен түбөлүккө кош айтышып сапар салды… Бирок акын эч убакта өлгүсү келген эмес эле. Тирүүлүктү зор кумар-ышкы менен сүйгөн, өмүрдөн баарын алып, баарын көрүүгө опкок карап, бийик оптимисттик дух менен жашаган:
Мендеги өмүр кыялдарга айланып,
азгырылат жаштыгым
кызыл күндүү, ак күндүү
эң ажайып кооз дүйнөгө — көп күндүү.
Жердеги өмүр ак жаанбы же өткүнбү?
Алымсынбайм бир кылымдык жашоого.
Табийгаттай түбөлүк,
Табийгаттай жадырап же түнөрүп,
сүргүм келет өмүрдү — жаштыкты колдон чыгарбай.
Жер сыяктуу кубултуп көйнөк кийген
сүйгөнүмдүн тегеренип жүрөгүн,
түндөн алып, күнгө ыргытып көңүлдү
сүргүм келет өмүрдү —
табийгаттан талашып!
Өмүргө болгон махабат Мажнундун Лайлиге делген сүйүүсүндөй чексиз күч менен көрүнүп жатпайбы! Жашоо кызыкчылыгын мындан өткөрө баалоо кыйын. Турмуштан биротоло чарчап, жедеп көңүлү калып, шалпайып ындыны өчкөн жүүнү бош адамдын калеминен кайдан жүрүп ушундай саптар чыгат.
Жарыкчылыкты каалоо, ал үчүн күрөшүү бир башка экен, тагдырдын жүргүзгөн бийлиги бир башка экен, баарына карабай туруп ажал алып кетти акынды. Ал жагынан да, бул жагынан да таланттын тирүүлүктө чыгармачылыктан тапкан озуйпасы менен жекече жашоосунан көргөн «жыргалы» куду ушундайча мүнөздөлөт. Өмүрүнүн соңку күндөрүндө бизге купуя, нары ичкерки турмушунда дагы кандай ачуу-таттуу ой-сезимдердин жетегинде жүргөнүн ким билсин… Ал сыр-табышмактарын өзү алып кетти. Эми биздин ишибиз акындын көркөм мурасы менен болуп калды. Анын нукура баа-баркы менен экинчи өмүрүң ошол айтып, ошол ченейт. Мына ошондон келели.