КАДЫРКУЛ ДАУТОВ:

КЫСКА САПАРДАГЫ УЗУН ӨМҮР

КАДЫРКУЛ ДАУТОВ:

 

Эскертип коёюн, Табылды Мукановдун бүтүндөй чыгармачылык тажрыйбасын майдалап конкрет талдап, жалпылап жыйынтыктап, кыргыз поэзиясынын кийинки жыйырма жыл ичинде өсүп-өнүгүш системасында өз ордуна коюп чыгуу узак кеп-сөздү талап кылат. Ага кезегинде кайрылабыз. Менин азыркы милдетим чектелүү: «Жан дүйнө» жыйнагына гана кыскача жолдомо берип жатам. Ушул китептин айланасында азын-оолак ой бөлүшүп, кабар салып өтөм.

 

Табылды Мукановдун ырларынан көрүнгөн башкы өзгөчөлүк — изденүүчүлүк, жаңылыкка умтулуу же дүйнөлүк көркөм сөз өнөрүнүн айрым үлгүлөрүн кыргыз поэзиясына киргизуүгө болгон туруктуу чыгармачыл аракет. Анын бар ийгилик, табылгалары да, өксүк-өөдүгү да, келечеги да мына ушуларга байланышат. Бул көркөм мурастан тынымсыз окуп, үйрөнүп, улам өзүн-өзү түзөп, жазгандарын кайра-кайра сын электен өткөрүп, кечээги жасаган ишин бүгүнкү ээ болгон тажрыйбасы менен текшерип, бүгүнкүсүн эртең жерип, чоңураактан чоңураакка, бийигирээктен бийигирээкке кол сермеп, жаңыдан жаңыны табууга беттеп, терең түшүнүк, ишенимдер менен жашап өткөн түйшүкчүл акындын баскан жолу айкын элестелет. Даана идеялык-көркөм эволюциясы бар. Ички күрөшке толо чыңалып, дайыма ийгилигине катаал карап, өсүү жолунда келаткан чоң мүдөөлүү чынчыл акын гана минтип жазалмак.

— Эй, оңбогон Табылды,
сен эмнеге жүрөктөргө сыйбаган
ой айталбай сындырасың шагымды?
Сага неге көптөр жакпайт, аз жагат?
Акындардын бардыгы
атып кетсе дейсиңби
ыр жазганда чамгарак?
Жүрөгүңдү катып коюп денеңе,
дугдулуңдап… болбогон бир иштерге
таманыңды жыртасың.
Качан эми чечесиң
Гамзатовдун буркасын?
Качан эми эскиртесиң
Лермонтовдун мундирин?
Неруданын деңизин качан сүзүп өтөсүң?
Деги курдаш, билесиңби сүзгөндү?
Кемең барбы андан да?!
Карайсың да баарын тик!
Качан эми саламыңды алик алат Назым Хик…
Түшүнбөйм сага: бир туруп
Пушкин менен өтөсүң.
Бир карасам Уитменди этектеп,
Лорканын чаңдатасың көчөсүн.
Деги сенде уят барбы? Ал барбы?
Өткүң бар го чжу-ов! деп
тоголотуп алптарды,
билесиңби кимдер алар?
Жүрөктөрүн айлап-жылдап ачкандар!
Жүрөктөрүн денесине жашырбай
чачыратып жылдыздай,
жер шарын бүт курчап калган асмандар!
Сен да асман бол!
Аалам бол!
Башка болсун жылдызың
Жашоо болсун айыңда!

Бул бирөөлөрдү туурап көйрөңдөнүп сөз үчүн айтып койгон сөз, убада үчүн берип койгон убада эмес. Башкаларга таасирдүү, акылдуу болуп көрүнөйүн деп жасалма каада күткөндүккө да жатпайт. Бул — акын болуунун түпкү сырын тереңдеп аңдап-билүүсү, бирден бир күтүнгөн идеалы, айныбай жүзөгө ашыра ала турган адабий программасы, өз күчүн өзү ачышы. Жалган иллюзияларын таптакыр күүп таштап, чыгармачылыкка нукура реалисттерче мамиле жасап, биротоло «кыйын жашап, жакшы жазууга» өткөн маалы.

 

Акыйкатта да Табылды Муканов өмүрүнүн соңку жылдарында чындап баралына жетип, акындык өнөрдүн өзүнчө бир бийиктигин алып, мыкты чыгармаларды жарата гана берчү формасына келип калган экен. Сөздөн ишке өтүп, өзүнүн асманы жаркыраган ай, жылдызга толо поэтикалык ааламын жаратууга катуу бел байлап, дембе-дем күчөп урунуп жатканда калеми колдон түшүптүр.

Анын кыргыз поэзиясына баалуу салым катары кошулчу оригиналдуу ырларынын дээрлик көпчүлүгү да жазылыш мезгили боюнча куду ушул жылдарга таандык. Айрыкча активдүү, жемиштүү иштегенин мындан эле билсек болот. Өлөр алды төрт-беш ай ичинде, 1982-жылдын декабры — 1983-жылдын марты, күнүнө бирден, кээде эки-үчтөн ыр чубуртуп турган. Болгондо да кандай ырлар дейсиң! Нагыз турмуштун үнү, адамдын татаал жан дүйнөсүн тереңден ачкан көркөм иликтөө. Акындын азыркы учур, келечек-прогресс, эл, жер, жашоо акыбети, тагдыр кайрыктары тууралуу интеллектуалдуу деңгээлде баштаган маеги. Алар китеп таасирлеринен сырт, жасалмасыз, табигый нукура жүрөктөн кайнап чыккан, сыр жашырбас ачыктыгы менен айырмаланышат. Профессионалдык маданияты жетишээрлик бийик.

 

Табылды Муканов изденгич, табышкер акын катары өзгөчө поэтикалык форма жагынан көзгө толорлук ийгиликтер жараткан. Ал эркин ырдын стихиясын эркин өздөштүрүүгө жетишкен. Бул жагынан улут поэзиябызда ким менен болсо да бетме-бет чыгып, тайманбай ат салыша алат. Бизде ак ырга же верлибрге салып жазып жана жазымыш этип жүргөндөрдүн тажрыйбалары менен ушул жыйнакты теңештирип окуп көргөндөр чындыкты издетпей эле өздөрү таап алышат. Р.Рыскулов, С.Эралиев, О.Султановдорго удаалаш баштаган эркин ырчыл жаштардын арасында эң ардактуу орун ушул Табылды Мукановго тиешелүү. Аны эч ким талаша албайт. Акын бирөөлөрчө эркин ырга жөн эле мода кууп кайрылган жок, жөн эле жазып-жазып келип, калып калган жок, ал форманын талашкыс сонун үлгүлөрүн берди. Кийинкилерге олуттуу сабак таштады. Эми анын өзүнчө жолдоочулары менен тууроочулары да чыгат…

07.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.