Үйдүн чырагы өчпөсүн...

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

Үйдүн чырагы өчпөсүн...

 

Коом алмашып, турмуш оорлогон кезде элден карыз алып, оокат кылмакчы болгон атасы Мурат банкрот болгондо, айласыз элден качса, ошондогу жапжаш бала 15 жылдан кийин «аферист» аталган атасын «актоо» үчүн Америкадагы кымбат машинасын сатып, атасынын карыздарын берүү үчүн Кыргызстанга учуп келип, алыскы айылдагы жетимсиреп, ээн калган, чырагы өчкөн,  кирдеген, жүдөгөн ата-эненин үйүндө дал ошондой кирдеген көңүлү менен түн терметип жалгыз отурат. Мына адам жашоосун коштогон драма...

 

Кантсе да, эл ичи алтын бешик эмеспи, караңгыда жалгыз отурганын байкаган классташы келип, үйүнө алып барып, көнүлүн ачууга аракет кылды эле, андан майнап чыкпады.  Түн ичинде классташына үйлөнгөн классташы — жаш жубайлар Азаттын өтө эле түнт болуп кеткенин шыбыраша сүйлөшүп жатышты. Ошол учурда алардын уктап жаткан наристеси ойгонуп чыргоолонгондо, анын бешигин терметип жатып, жаш эненин созгон бешик обонуна мемиреп уйкуга кеткен Азаттын дилинде эң бир назик, жагымдуу сезимдин уялашы – режиссердук чоң чеберчилик. Жашоонун түбөлүктүүлүгүн даңктаган симфония.

 

Таң аткан сайын улам бир атасы карыз алган адамдарды издеп, аларга жоолукканда, алар берген акчаны албай жөн албай, атасы тууралуу уккан ачуу, жаман сөздөр каарман менен кошо көрүүчүнүн зээнин кейитет.  Башкалар эмес, атасынын бир тууган карачечекейи Чоронун балага жасаган мамилеси жаш уландын сөөгүнө өткөн кордук болду. Көрсө, анын себеби бар экен. Мурат Кыргызстандан табылбаган соң, Чоро агасынын карыздары үчүн түрмөгө отуруптур. Агасынын азабы анын жанына баткан экен.

 

Элдин жардамы менен үйдү тазалап, короону жыйнап, үйдун өчкөн чырагын күйгүзгөн күнү агасы Чоро келди. Экөөнүн адегенде тууганча жылуу, бирок атасы жөнүндө сөз болгондо өчүгүшкөн душмандай жагымсыз диалогунда тасманын композициясы кульминациялык чекитине — өз бийиктигине жетип, окуянын түйүнү чечилет. Жанына баткан азапка чыдабай  айткан Чоронун ачуу сөздөрү Азатты ичинен «жеп» жаткан али эч кимге айта элек «сырынын» жанар тоодой жарылып кетишин шарттады:

 

   Атаң өзү эмне үчүн келбейт?! Кайда тентип жүрөт?!

   Агаң өлгөн! – деди Азат.

Өлгөн атасынын сөөгүн (өрттөлгөн - крематорий күлүн) көтөрүп жүргөндүн өзү жер көтөргүс трагедиянын албуут күчү дал ушул диалогдо асманда дүнгүрөгөн катуу добуштан кийин жарылган чагылгандай «Агаң өлгөн!», – деген сөздө чарт жарылды.

 

Көрүүчү Азаттын тунжураган, мүңкүрөгөн абалын ошондо гана түшүнөт да, каарманга дагы жакын, дагы бирге, санаалаш боло баштайт. Дал ушул сценада башкы каарман Азаттын ролун аткарган Иман Мукулдун актерлук чеберчилиги көзгө урунат. Ал агасына берген жообунда буулуккандан атыла ач кыйкырык менен чыккан үнү, мимикасы, өзүнүн кырк тамырын зыркыратып, денесин термелтип турган психологиялык абалы аркылуу мүңкүрөгөн байкуш эмес, түнт эмес, жоош эмес, жан дүйнөсүндө руханий күч-кубаттын жанар тоодой энергиясы бар экенин көрсөтөт. Агасы да, өзү да эң бир адам көтөрө алгыс, көңүл ооруткан санааны көз жаш коштогон абалда сыртка чыгарышат.Тасманын драмалык пафосу дал ушул жерде ааламга жарык чачкан чагылгандай чачырайт.

 

         Атасы Мурат кылым тогошкондо асты-үстүн түшүп калган социалдык баш-аламан доордун курмандыгы болуп, кылым азабын, доор салмагын көтөрө албай элден-жерден качса, анын өлөрүндө айткан керээзин аткаруу үчүн келип, атасынын сөөгүн элинде жерге берүүнүн айласын таппай, дилинде керээзди, колунда сөөктү көтөрүү трагедиясы анын баласынын тагдырына жазылган экен. Атасынын курбалдашы Бек байкесине айтып,  айыл аксакалдарына Мураттын өлүмүн угузган күнү тасмадагы драматизмдин экинчи толкуну отурган элди каптап кеткендей, алардын аң-сезимине бүлүк салды:

   Мурат качан каза болду?

   Өткөн жылы, күздө – ноябрда

   Кайда коюлду?

   Коюла элек...

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.