Үйдүн чырагы өчпөсүн...

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

Үйдүн чырагы өчпөсүн...

   Атамын сөөгүн ала келгемин

   Эмне дейт?!

Мындай шумдукту эл эл болгону угала элек болгондуктан, аны башка таш түшкөндөй кабыл алышты эле, Азат жай түшүндүрдү. Салтка ылайык, сөөктүн күлүн ак кепиндеп коюу чечими кабыл алынган соң, Азатты түшүнбөй туруп, кагып-силккен Касен келип кечирим суроого мажбур болгону – атадан калган баланын жеңиши. Баланын атасынын алдында адамдык парызынын аткарылышы.

Баланын адамгерчилигинин салтанат курганы! Бирок, бул жеңиш кандай азап менен колго тийди. «Атамын бересин мен берем, аласасын кечтим!» - деген өлүм зыйнатында үч кайталап айтылчу улуу сөз  айтылды. Мурат «аферистен» — «жакшы адам эле» мартабасына көтөрүлдү. Өмүр – өлүм айланпасынын жазылбаган мыйзамы катары эл тарабынан иштелип чыккан ушул эреже «Атанын керээзи» фильминин идеялык өзөгүн түзөт. Бул идея тулку боюна элдин нар көтөргүс наркын сиңирип, муундар ортосундагы мамиленин үзүлбөс учугун кармап турат. Тирүүлөрдүн өлгөн адамга жасачу жакшылыгын жар салат. Атага баланын аткарчу парызын Жер жүзүнө эскертет.

 

Азат фильмдин жүрүшүндө 2-3 жолу гана жылмаят. Эң бир таза, жаркып жылмайганы – үйдүн өчкөн чырагын күйгүзүп, монтёр светти улаганда: «Күйдү!» – деген сөздө жарык жылдыздай жарк көрүнөт. Ылайым, элибизде ээн калып, чырагы өчкөн үй болбосун! Ар бир ата-эненин чырагын өчүрбөй, үйдүн түтүнүн булатып турган Азаттай  урпагы болсун! Ата Мекенде ээн жетимсиреп калган үй болбосун. Фильмдин аягында көрүүчүнүн көкүрөгүндө ушул ой уялайт. Фильмди ар бир кыргыз баласы, ар бир мигрант көрүүгө тийиш. Анткени керээз кыргыздын дүйнө таамындагы эң баалуу руханий баалуулук – Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоонун негизги «мектеби». Кыргыз баласы өлгөндө сөөгү өз жеринде калышын максат кылат.

 

 

Култаева Үмүт Баймуратовна – филология илимдеринин доктору,

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

12.10.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.