Байдылда Сарногоев
ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
Булакка
Алдастап бат, бат дем алып,
Арыкка боюн ургулап.
Аманбы? – курбум дегендей,
Агасың, булак шылдырап.
Билерсиң бала кезимде
Көп жолу сени бойлогом.
Убара кылып шарыңды
Тегирмен салып ойногом.
Калкыткам көлчүк жериңе,
Кайыкты жасап кагаздан,
Көйнөктү чечип жалбызга
Кирингем ысып баратсам.
Ойногун! – дейсиң эми да,
Кайрадан бала болбосмун.
Жээгиңди бойлоп мен чылап,
Бөбөктөрүм ойношсун.
Кайсы сенин терезең
Атын билем сен жашаган көчөнүн,
Бирок, билбейм үйүң кайда экенин.
Биргелешип кирмек элем киного,
Бүгүн сени кайдан табар экемин?
Үй номериң сегизби же сексенби?
Көчө бойлоп көрүп чыктым көп жерди.
Же болбосо токсон бешпи тогузбу?
Толук билбей чарчай турган кез келди.
Өткөн күнү бул үй турган жер менен,
Кыздар менен жүргөнүңдү көрдү элем.
Кап, ошондо сурап калбай бир сөздү:
«Акинайым, адресиң бер» – деген.
Катты башым карай берип ишенсең,
Катар үйдүн айнектери көп экен.
Капа кылбай өзүң келип айтсаңчы,
Кара көзүм, кайсы сенин терезең?
Мен өскөнмүн шаар эмес кыштакта,
Кыздын үйүн көп издебейт биз жакта.
Жок болсо да көчөбүздүн номери,
Жигит табат сүйгөн кызын бир паста.
Көз талдырып табамын деп үйүңдү,
Көчө бойлоп издеп жүрбөй ар качан.
Акинайым, жолукканда экинчи,
Адресиң тактап жазып албасам.
Эшек
Жаныбар эшек илгертен бери,
Жакшы сөз элден укпадың деги.
Куйругу жаман, кулагы чоң деп,
Көргөндүн баары шылдыңдайт сени.
Тамсилге кошуп далайлар жазды,
Бирөө да анча көрбөдү жакшы.
Аңкоо, макоо, жалкоого теңеп,
Арзыбас сага аттарды такты.
Чыкпады – дейсиң бир дагы даңкым,
Чыдагын чыгат, чыдамдуу жансың.
Эт, сүтүң арам болгону менен,
Күчүң бар адал, эмгегиң алтын.
Баспаган жардан туягы аттын,
Куланган жоксуң, тартынбай бастың.
Койчулар минсе ташыркап койбой,
Койчылап шагыл кырлардан аштың.
Аптапта дагы топурак күйгөн,
Өзүңдөн оор кишини минген,
Жүк-мүгү менен көтөрүп алып,
Кыдыңдап талбай жүргөнүң жүргөн.
Жеңил баа болуп келгениң жетет,
Мактоого сени келди эми кезек.
Айбандар менен укугуң тептең,
Айкыргын күчөп алп күчтүү эшек.
Сөзүң жана белегиң
Жашыл жалдуу арчанын,
Бирге жыттап бүрлөрүн.
Мөл булактуу жылганын,
Терип алып гүлдөрүн.
Чет жагында айылдын,
Жайдын салкын түнүндө.
Ак балтырлуу кайыңдын,
Сыр айтыштык түбүндө.
Сүйөмүн деп боюма,
Бек кыналып эркелеп.
Коштошордо колума,
Белек бердиң – эсте – деп.
Тилегимди билдирип,
Тилегиңе кошууга.
Эриниңден бир сүйүп,
Жөнөп кеттим окууга.
Каратпастан эч артын,
Мезгил кууду көп күндү.
Белек кылган бет аарчың,
Бет сүртүндүм эскирди.
Бирок жаным сен өзүң,
Кайда болсом биргесиң.
Жүрөктө жүрөт эскирбей,
Сүйөмүн деген бир сөзүң.
Жашасын аял
Ак куу жок кезде – көл көрксүз,
Аял жок кезде – эр көрксүз,
Аялдын иши теңдешсиз.
Ансыз бир шаңдуу жүрө албай,
Көйнөктү жөндөп бүрө албай,
Көргүлүктү көрмөкпүз.
Булбулсуз – токой, гүл көрксүз,
Аялсыз – айлуу түн көрксүз,
Ал жокто кимди сүймөкпүз?
Кечиксе сулуу ич күйүп,
Үмүттү үзбөй үшкүрүп
Үңкүйүп басып жүрмөкпүз.
Балага барктуу атабыз,
Баккандан бирок качабыз,
Жуурканга башты катабыз:
Эмизчи бачым деп коюп,
Сооротчу катын деп коюп
Солдоюп уктап жатабыз.
Ойлосок уят муну биз,
Бул жагын керек билүүбүз,
Аялдар эмес күңүбүз.
Эскинин өткөн заманы,
Эссиздик калган баягы,
Эми, энелер биздин гүлүбүз!
Алдыга сүрөп биздерди
Аянбай эң зор күч берди.
Ар жерде кыйын иштерди
Ысыкта бирге бөлүшүп,
Суукта бирге тоңушуп
Аялдар кошо бүткөрдү!
Жатканда дүйнө караңгы
Жараткан жыргал заманды,
Жашарткан сансыз адамды
Жакшылап барктап түбөлүк
Жалындап дагы сүйөлүк
Ленинди тууган аялды!
Кантип жеңдим
Маңыз менен айтыштым «кыйын» экен,
Маанилүү сөз ал үчүн тыйын экен.
Кезек бербей келжиреп сүйлөй берди,
Кечке чейин чеккени чылым экен.