ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ
ЭНЕКЕ

Ар кимдин
Сен элең го
Бир кезекте
Эзилген!
Жакшы болгон
Орунбайлар
айдалып,
Суусун куюп,
Отун жагып…
Далай шордуу
Жүрбөдүбү
чайналып,
…Бир окуя
Эсиңде, эне,
Бар бекен,
Карылыктан унут
Кылып кетпесең,
Азыр дагы каным
Жаман бузулат.
Ал кордукту эстесем.
Абайлабай
Кысыр эмди
Жабагысын эсирген.
курган атам
бир түнү,
Жаңылбасам,
карышкырга
жедирген.
Бул иш үчүн
Аябастан сабаган,
Ал кимдердин
Ал-жайына
караган.
Азыр дагы
Атам көзгө элестейт,
Көзү шишип,
жаагы айрылып,
канаган.
Орунбайдын камчысын
Ким жебеди,
Аны кимдер:
“Окем жакшы”
– дебеди.
Бизге окшогон
Байкуштарды
ал айбан,
Качан, эне,
Жанга кошуп теңеди?
Кулактарга
тапшырмалар
Берди деп!
Эмне, энеке,
кейийсиң
Сен кайгы жеп,
Кечээ күнкү
Эзгендерди аяйсың
Айтчы, энеке,
айтчы, энеке,
кандай кеп?
Булар менен
Дагы алыша
жатарбыз.
Бир майданда
Дагы күрөш
ачарбыз,
Бул өңдөнгөн
Артта калган оюңду
Токто, энеке, кайта
Биздер жазарбыз.
Эсиңдеби, кечээ
күнкү жокчулук,
Э, энеке, кошко
байлап семирткен
Ат бар беле, бизде
турган кошкуруп.
Көп бечара биз да
бири сандалдык.
Мүдөөбүз көп,
Өмүр бою
каржалдык.
Күчтү саттык,
Көрүнгөнгө
жалдандык,
Дагы, энеке,
Дагы сенин
эмнең бар?..
Кирипсиңер колхозго,
Жокчулукту түбү
Менен жеңип сал!
Көрдүңбү, эне,
Бүбүяны карасаң,
Алтын баалуу Бүкөш
Сенин тамашаң!
Бул жаштардан
Далай айып табасың,
Үмүтсүздөй кээде
Үшкүрүп аласың.
“Абийирсиз өстү
Жаштар бул күндө”
Сезем, эне, деген
өңдүү карашың.
Э, энеке,
Айлаңды биз
табарбыз.
Бул оюңа,
Далай бүлүк саларбыз,
Колхоздогу шайыр
Жаштар биригип,
Сени дагы
Шайыр кылып аларбыз!
КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ
Буулугуп, жээкке урунуп, кемер кылып,
Жаш төгүп, соолуккандай кээде тынып,
Томсоруп колго түшкөн айыпкердей,
Рейн агып калат кээде жылып.
Кимдерден, эмнеликтен улуу өзөндүн,
Кандайча калды экен шагы сынып?
Миңи ыйлап, буга маашыр бири күлөт,
Миңдердин өңү азып, тирүү сүрөт…
Бул күндө рейндик катын, балдар
Кельнанын көчөсүндө тентип жүрөт.
Алардын арасынан бир кайраттуу,
Берлинге кабак бүркөп, муштум түйөт.
“Балам…” – деп карыялар жашын төгөт,
Кээлери дайынын билбей көөнү чөгөт.
Көчөдө кайырчылар толуп кеткен,
Мундирчен: “Жолдон чык!..” – деп шалпып сөгөт,
Ачкадан бурч-бурчтарда өлгөндөр көп,
Аларга кайыр кылып, кимдер көмөт?!
Булар бир, Фрида бир, көргөн күн бир,
Ичте бук, жүрөк сыздап, көкүрөк кир!
Мукурап кечке сынык нан таба албай,
Отурду кашатында Рейндин.
Жаш бала муун, жүүн жок, “эне, нан!..” – дейт.
Буларга тоюнар күн болобу бир?
Пааналап Фридага Макс мунжу,
Үшкүрүп терең кайгы ойдо турду.
Жанында жалгыз жолдош жыгач балдак,
Ажырап эки буттан калган тулку.
Жалдырайт, карашында бир кайрат жок,
Бүтүндөй кеткен окшойт көздүн курчу.
Ичи өрт, каны качты, жаш акпады,
Сооротор Фриданы жөн таппады.
Алдында улуу Рейн акпагандай,
Алдында өлүү өңдүү жан жактагы.
Элестеп болуп өткөн бир окуя,
Дүркүрөп бүткөн бою сөз баштады:
– Фрида, айлаң канча сабыр кылгын,
Курган жан ыйласа да, өлүп тынчыр.
Өлкөнү талоончулар бийлеп турса,
Тынч алып, немец жашын кайдан тыйсын.
Көз жеткис Россия талаасында,
Немецтер миллиондоп тапты кыргын.
Ушул мен сенин жарың Ганс менен,
Өрт кечип, кан майданда болдум эчен.
Кокустан жаралуулар колго түшсө,
Сындырып сөөк-саагын ого бетер,
Өлтүрүп көчөлөргө сүйрөп барып,
Тепкилеп, өлүккө да кылдык кекээр…
Орустун огуна учтук, талаада өлдүк,
Көңүлдү сооротуучу нени көрдүк?..
Уруштун бир опаасын көрдүкпү биз?
Не үчүн дарыя кылып кандар төктүк?!
Жалгыз ок, мас болгончо ичип алып,
Таладык тынч кыштакты, олжо бөлдүк.
Бир күнү бир орусту туткунга алдык,
Штабга уруп-согуп айдап бардык.
Чаргытып суракка жооп бербеген соң,
Ишара менен гана болду жардык.
Көчөгө эл көзүнө алып чыгып,
Кыйнадык… анан кийин атып салдык. –