ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ
ЭНЕКЕ

Деп Макс башын салды жерди карап,
Кыйнады көңүлүнө түшкөн жараат.
Өмүрүнүн өткөндөрү талоончулук,
Алдыңкы күнү улам – караңгыраак.
Оор ой басканына чыдай албай,
Үшкүрүп, кайта кирди сөзүн улап:
– Ганс дагы аяган жок канын-жанын,
Майданда өлсө дагы, көргөнү анын…
Баласы ачарчылык тырмагында,
Ыргалып араң сүйлөөр сенин алың, –
Дегенде купкуу эрдин кыбыратып,
Фрида деди Макска: “Болду… айтпагын!..”
Шалактайт колундагы жаткан бала,
Каны сууп, дени муздап, жүрөк сокпой.
Ачкалык алган экен эчак кана!
Түн түштү ушул жерден күн өлгөндөй,
Кайырчы… Рейн кызы Фридага…
– Кайырчы, мунжу азаптуу Германия!
Кызыңдын көргөн күнү байка мына.
Өлүмгө башыңды тос же көтөрүл!
Гитлерден күткөн жыргал ушул тура, –
Деп кургур өзөн бойлоп бара жатат,
Каракчы башкарса эгер, иш ушул да!..
ЭНЕМ
Энеке!
Сен да тилдеп, кээде каргап,
Жаш башты кагып-согуп жыланча арбап,
Артынан токоч берип, жашымды аарчып,
Сооротуп коюучу элең бир деме алдап.
Бир күнү багалекти өйдө түрүп,
Суу кечип, балдар менен ойноп жүрүп,
Талаадан таш талашып ыйлап келип,
Бырылдап сооронбостон салдым бүлүк.
Кээде мен жалтыратып таман кагып,
Сабооңду “айгыр” кылып минип алып,
Атамдын камчысы экөөн жоготчу элем,
Талаага балдар менен ойноп барып!
Энеке!
Дагы тилдеп, дагы каргап,
Дечү элең жалгыз бейит сорсун арбак.
Бул сөзүң ылайыксыз болсо керек,
Жалындуу жаш жүрөгүм калган кармап!
Дагы сен кайраттуу элең кайран энем,
Күрөшүп турмуш менен тепки жеген.
Бул кезде жоругуңду ойлогондо,
Кан кызып кадимкидей күчкө келем.
Эсимде!
Бир күнү атам кайгыланды,
“Сатам го жалгыз минер кер байталды”,
Деди да старчындын каарын ойлоп,
Үшкүрүп жерди чукуп башын салды.
Сен анда!
Кайрат кылып кеңеш бердиң,
–Кайгыруу кылыгы эмес эмгекчи эрдин.
Эртеси чыгым жыйган старчынга,
Деп айттың “сен карышкыр эмне келдиң!..”.
Старчын сени көздөй ызырынып,
Алайып чанагынан көзү чыгып,
Унчукпа!
–Каңшылаба!
–Канчык!” деди
Мактамак аны кимдер ичи жылып.
Энеке!
Ал дүйнө жексен болду.
Чырмалган эмгекчилер үздү торду.
Баш кошуп жаңы турмуш куруп жатат,
Эзилген ал күндөгү өңкөй шордуу.
Ал кезди быйыл бир күн көңүлгө алдым,
Чогулуп сени көмгөн жерге бардым.
Мүрзөңдүн тыягында кош айдаган,
Эрлерди көрдүм дагы сырга кандым.
ЖАЗ КЫЛТАЙДЫ
Баш багып, жаз кылтайды муздар эрип,
Бир түрдүү кары кыштоы көңүл жерип.
Узарды, күлүңдөп күн минут санап,
Жыпжылуу жанга ылайык нурун берип.
Кыркырап кыш кыйналды, мына качты,
Март баштап кирип келди жаздын асты.
Жердеги какыр-чикир, быкы-чыкы,
«Кетем» деп кышы менен кыраң ашты.
Бөгүшүп сары суулар жолдон агып,
Шылдырап ыйлагандай муңун чагып.
Эркелеп салкыныраак закым жүрүп,
Чыкыроон кышкы суукта болду карып.
Канакей жаз балбаны керилген эр,
Канды го уйкуң дагы колтукту кер.
Камданып эмгегиңе көз жиберип,
Тартынбай өз эркиңе колуңду бер.
Сокого, тапта бышты кара керди,
Өлчөмдүү беде жана берип жемди.
Бышыкта бар шайманды түгөл болсун,
Кетүүгө коңторулуп кара жерди.
Кыймылда, эмгектен эл үлгү алсын,
Эринчек уйкучулар эстен тансын.
Түрдөнтүп мактагансып быды-быды,
Төбөңдө боз торгойлор обон салсын!