СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ
Есенинден котормолор

***
Өсүмдүктөр өзгөртпөгөн өз көгүн,
Дайым жыттуу, дайыма түнт кара бак.
Назик дагы, жашыл дагы өлкөнүн
Жүрсөң сонун бейкуттугун аралап.
Багдад болсо алыс-алыс арыда,
Шахразада анда жашап, ырдаган.
Куурап калган бак-дарактын бары да
Ал кезекте гүлдөп шагын ыргаган.
Жерде тирүү жашагандар мурдагы
Жатат бүгүн мүрзөлөрдө чөп баскан.
Сен жолоочу ага көңүл бурбагын,
Кайрылбай өт моло ташка сөз жазган.
Андан көрө айланаңды карагын:
Гүлгө жаның, гүлгө жаның тартылат.
Жоого деген кегиң ичке кармагын
Анда сенин мархабатың артылат.
Сүйгөндөй сүй, жашагандай жашагын,
Ай алдында өбүш жүрүп сейилде.
Өлгөндөргө мейлиң урмат жасагын,
Тирүүлөрдү таарынтпаган пейилде.
Шахразада ырдап өткөн муну өзү –
Жалбырактар шыбырашат кайталап.
Өлгөн үчүн эч кимдин жок күнөсү,
Бул дүйнөнү тирүүлөргө кайтарат.
***
Хороссанда бар мындай бир дарбаза,
Босогосу гүлдөр менен тосулган.
Ачамын деп кылгам далай далбаса,
Анда турат бир перизат созулган.
Хороссанда бар бир бекем дарбаза.
Колумда бар жаш кубатым жалындуу,
Алтын да бар, жез дагы бар чачымда.
Пери доошу: жумшак, назик жагымдуу,
Бирок алсыз колум эшик ачууга.
Колумда бар жаш кубатым жалындуу.
Сүйүүдөгү эрдик бекер, ойлонсом,
Кимге керек, ырдайм жана ким үчүн?
Кысканганын Шага такыр койгон соң,
Ал эшикке жетпей койсо же күчүм?
Сүйүүдөгү эрдик бекер, ойлонсом.
Кайра кайткым келет орус жерине,
А Персия сени таштап кетемби?
Кол беремби кош болгун деп периме,
Жандай көргөн үчүн тууган мекенди?
Кайра кайткым келет орус жерине.
Кош бол пери, кош аман бол көргүчө,
Эшигиңди ачпай калдым арманда.
Кумар бердиң кайра кайткыс өлгүчө,
Ырдайм сени тууган жерге барганда.
Кош бол пери, кош аман бол көргүчө.
***
Жашыл өлкө Фирдоуси турагы,
Өзүң мени чыгарбассың эсиңден,
Ойлоп сылык орус уулу тууралуу,
Жаш элесин кээде өткөрүп көзүңдөн,
Жашыл өлкө Фирдоуси турагы.
Сен Персия, сонун жерсиң, билемин
Шам мисалдуу күйүп турат гүлдөрүн.
Өз өлкөмдү эңсеп оюм-тилегим,
Ошо менен өтүп жатат күндөрүм.
Сен Персия, сонун жерсиң, билемин.
Мен бу жолу акыркы ирет жутамын,
Өрөөнүңдүн жыпар жытын аңкыган.
Шага сенин добушуңдун мукамын,
Кош айтышып жөнөп жатып калкыңан
Акыркы ирет жүрөк зырп деп угамын.
Айтчы кантип өзүм сени унутам,
Жер кыдырган тагдыр жүгүн көтөрдүм.
Бирок такыр сенсиз өтпөй минутам,
Сен жөнүндө какшап жүрүп өтөрмүн.
Анан айтчы сени кантип унутам?
Бактысыз деп сенден качмак эле ким?
Арнап сенин кейип калчу кезиңе,
Орус ырын таштайм сага – белегим,
Ырдап жатып алсаң мени эсиңе,
Ал ыр менен мен кайрылып келемин.
***
Чындыгында акын болсо кесибиң:
Бир жериңди кесип туруп өзүңүн
Каның менен эркелетүү дегендик
Өзгөлөрдүн ой, жүрөгүн, сезимин.
Акын болуу – ырдоо бардык үн менен,
Антсе гана алыс кетмек кабары.
Булбул ыры бирөө, башка билбеген
Ошондуктан эч муңайбайт кабагы.
Канарейка туурап сайрайт башканы,
Демек аны болот кантип мактаса.
Бул дүйнөдө ырлар керек жаш, жаңы
Өзүңкүн айт чардасаңда бакача.
Мухамбет да куулук кылып куранда
Ичкиликти арам дептир, а жалган.
Акын ичпей калчу болсо, ыр анда
Келмек кайдан, ичет коркпой ажалдан.
Акын анан ашыгына баратса,
Бирок сулуу башка жанга кучагын
Берген болсо, чыдабай ал жаратка
Ачуу менен албайт кындан бычагын.
Кайтат артка күйүттө ич тарыган,
Кайтат артка ойдон өксүп-мүчүгөн:
«Бир мен белем тагдырына таарынган,
Тентип өлсөм мейли» дейт өз ичинен.
***
Ашыктын эки колу – аккуу канат,
Чөмүлөт чачтарымда алтын сары.
Ар кимге сүйүү ырын ырдоо адат,
Мейли алар кайталанса андан ары.
Ырдагам бир убакта мен алыста,
Азар да ырдап жүрөм өзүм аны.
Айрыкча жеңил экен дем алышка,
Айтканда болуп турса сөздүн даамы.
Сүйүүгө төксөң бардык сырларыңды,
Жүрөктү алтын кылып келер аның.
А бирок сенин ошол ырларыңды
Жылытпайт тийген күнү Тегерандын.
Шага деп зарлап жүрүп бүтсөм бекен,
Жеңдирип кумарыма түтөп турган?
Же ырдын жаңырышын күтсөм бекен,
Же кезби өмүр ансыз бүтө турган?
Жөнү бар бардыгынын, ыгы да бар,
Көз көрсө, кулак бербейт ырастыгын.
Персилер, боло туруп шыгыңар бар
Ырдабай койсоң жалган Шираздыгың.
Эмесе ырды, мени жашырбачы,
Түшүнтүп кишилерге да бир жагын:
Ар дайым назик жана жакшы ырдачу,
Түбүнө аккуу жетти дегин анын.