СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ
Есенинден котормолор

***
«Неликтен ай көрсөтөт күңүрт – аздан
Дарагын, дубалдарын Хороссандын,
Орустун талаасында туман баскан
Бараткан окшоп аны карай салдым?»
Сурадым асылкечим Лала жандан,
Түбүндө туруп түнкү кипаристин
Жан өңдүү менин сөзүм укпай калган,
Тек үнсүз тиктей берди дарак үстүн.
«Эмнеге алсыз мынча ай нурлары?»
Сурадым гүл-зар жайдан суу бурулган.
Гүл айтты: «Өзүң байка мындан ары
Гүлдөрдүн муңайыңкы шуудурунан».
А гүлдөр тажыларын туруп ыргап
Сырларын айтат мага жашырылган:
Шаганэң алда кимди жыттап жыргап
Жатыптыр, жаның болсо шашыл ылдам.
Ал ойлойт: «сезбейт муну орус жаны...
Жүрөккө – ыр, ырга керек – өмүр, көктөм».
Андыктан ай мынчалык күңүрт дагы,
Андыктан ай муңайып карайт көктөн.
Көп көрдүк аялдардын алдаганын,
Ким каалайт: көз жашты да кейишти да?
Антсе да жактырабыз арбаганын,
Жерде өткөн буурул түндөр бейиш тура.
***
Аптыгып жүрөк какчыбы,
Алдандың, жетер мурдагың.
Кайырчы тилейт бактыны,
Урбаган журөк урбагын.
Алдандың, жетер мурдагың.
Ай турат саргыч нурларын
Акырын чачып талаага.
Чүмбөтчөн көрүп турганын
Умтулат жаным Лалага.
Акылсыз журөк урбагын.
Биз окшоп дайым балага
Ыйлай да күлө билебиз.
Келиптир биздин таалайга
Кубаныч, кайгы – бир эгиз.
Издебе жүрөк жан айла!
Көп көрдүм өзүм өлкөнү,
Бактыны издеп таппадым.
Азгырбайт эми көп мени,
Үмүттүн даамын татканым.
Акылсыз жүрөк какпагын.
Бул турмуш алдап бүтө элек,
Күч-кубат сенде күчөсүн.
Жүрөк сен укта эртерээк
Жазданып жардын мүчөсүн,
Бул турмуш алдап бүтө элек.
Бизди да балким эскерер
Тагдырлар оттой жагылып.
Сүйүү да анда сөз берер
Булбул ыр болуп жагынып.
Сокпо сен жүрөк жаңылып!
***
Сен бир өлкө жашыл дагы, шайыр да,
Сага урматым ырлар үчүн сатылган.
Жел деңизде толкундарды жай ырга,
Булбулун ук гүлдү өзүнө чакырган.
Байкап турсаң роза гүлдөр ийилет –
Жүрөгүнө жеткен ыры арнаган.
Жел акырын деңиз бетин сүйүп өт,
Булбулун ук гүл чакырып зарлаган.
Сен – баласың, анда талаш жок бөлөк,
А мен сага акын эмей эмнемин?
Жел акырын толкун учун өт жөлөп,
Булбулдун ук гүл чакырган эрмегин.
Кечир мени, кечир жаным Гелия,
Тирүүлүктө эчен гүлдөр кез келет.
Таазим этип ийилишет баары да,
Бирок жалаң бирин жүрөк эскерет.
Коёлучу биз экөөбүз жылмайып,
Ушул сонун өрөөн үчүн бир жалаң.
Ук булбулду сагынчына ылайык,
Тыным албай гүл чакырып жыргаган.
Сен бир өлкө жашыл, шайыр бу чакта,
Сага урматым ырлар үчүн сатылган.
Гелия үчүн гүлдү кысып кучакка,
Булбул турат бак ичине катынган.
Которгон С. Эралиев