Айгүл Узакова
КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ
ЭСКИ МЕШТИН ЖАНЫНДА ЖАЛГЫЗ КАЛДЫМ
Эски мештин жанында жалгыз калдым,
Эски ойлордой табы жок көңүл менен.
Жүрөк муздап турганда дүйнөң тарып,
Отуң дагы жарытып күйбөйт белем…
Ал каттарды өрттөгөм жаз алдында,
Эстебейм деп экинчи анын барын.
А көңүлүм тымызын жаттап алып,
Кайдан билдим, жан койбой шыбырарын.
Ошол сөздөр жылуу да, сырдуу эле,
Мен жаш төккөм эреркеп, жалгыз үйдө.
Түнү бою эски там сыр бөлүшүп,
Деп ырдаган: “Чырагым, жалгыз күйбө…”
Анан келген жаз чындап шайдоот эле,
Жашыл кырга чакырган ыры менен.
Мен да жүргөм ичинде көп достордун,
Ошол жаздай көрүнгөн дүйнө кенен.
ЫРДАБАЧЫ, СУРАНАМ УШУЛ ЫРДЫ
рдабачы, суранам ушул ырды
Эске салып жоголгон махабатты.
Көп күтүүдөн саргайып араң тапкан,
Кезигүүбүз бүгүнкү мага жакты.
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Коштошууну туралы капарга албай.
Эки башка жол күтүп эртеңдерден,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай.
Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректеги айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун…
ЭКӨӨБҮЗДҮ ЭЧ КИМ АЙТПАЙТ ЭКӨӨ ДЕП…
Экөөбүздү эч ким айтпайт экөө деп,
Өзүбүз да аны эсепке кошпойбуз.
Бир өмүрдө эки башка жол менен,
Бир сүйүүнү жоктоп өтөт окшойбуз.
Эч ким бизди куттуктабайт гүл берип,
Ак көшөгө тартылбайт мага деле,
Жалкы тагдыр жөнүндө көп жорушар.
Биз тымызын кайылбыз ага деле.
Бирок бизди бийлеген ушул сезим,
Ыйык экен экөөбүздө бир билсек.
Өзүбүзчө өксүп, жоктоп, жомоктоор,
Жаша сүйүү, арманыңан бербе шек!
ОЮҢУЗГА САЛДЫ БЕКЕН ДҮРБӨЛӨҢ
Оюңузга салды бекен дүрбөлөң,
Ошондогу жашылданбай чечилүүм.
Эңсөө дагы болбой калып аралжы,
Эки келбес өмүрдөгү кечигүүм.
Сизге болгон көңүлдөгү урматтоом,
Калар дегем жакшы сырдай жабылуу.
Алаксуу да болбой калып аралжы,
Болот тура кээде минтип жабыгуу.
Булуттуу кеч берсе күздүн кабарын,
Өткөндөргө токтолуу жок жалдырап.
Калып калар сагынычты эскертип,
Дарактагы саргайган бир жалбырак.
Деңиздеги бушаймандуу толкундар,
Кайра жанып өткөн көңүл кушундай.
Айбыгуу да – коркунучу жыргалдын,
Сизде дагы болсо керек ушундай.
Каректерде ойноп өткөн шаттуулук,
Кете койбос токтоолукту айыптай.
Ишеничтен сынып калган көңүлүм,
Эстеп, эстеп, эстеп жүрөр айыкпай.
КҮЗ ЖӨНҮНДӨ САНАА ТАРТЫП СИЗ ДЕЛЕ
Күз жөнүндө санаа тартып сиз деле,
Жашылданат турбайсызбы алдыртан.
Бир өмүрдө эки келбес күндөргө,
Бир сырыңыз бар өңдөнөт алдырган.
Сан жалбырак сабалаган дарактын,
Сагынычын кимдер кантип сезди экен?
Узун түндө жамгыр үнүн утурлап,
Күздү тоскон сулуу караан сиз бекен?..
Кантип айтып берсем экен анда мен,
Табышмактуу ал күздүн сулуулугун.
Алда-неден айбыгып аяр каткан,
Сиз көп кирчү түштөрдүн жылуулугун.
Балким сизде болор бир аз таңдануу,
Ал жөнүндө айтып кирсем үнүм пас.
Мен да сиздей токтоо карап тагдырга,
Болуп калгам кайгы-шатты унутпас.
Жылуу-жумшак кыял менен узайсыз,
Көңүл күзгө жетелейт бак аралап.
Санаамдай сапырылган сан булуттар,
Сиз кеткен жакты көздөй сапар алат.
САГЫНГАН ЖАНМЫН САГА ОКШОШ
Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.
Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.
Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.
ЖҮРӨГҮМӨ
Азыр эмес. Азыр – оорубагын сен,
Азабымды тартып бүтөлекмин мен.
Айгай салган ушул албуут заманда,
Жалгызыма али керектирмин мен…
Азыр эмес. Азыр – жеңилбегин сен,
Жемишиме али жетелекмин мен.
Орто жолдо болуп калсаң оорукчан.
Бул оопасыз кезде кантер экем мен.
Азыр эмес. Азыр – ыйлабагын сен,
Арманымды ырдап бүтөлекмин мен.
Ай шооласы маңдайымды жаркытып,
Анык бакыт дале күтөлекмин мен.
Азыр эмес. Азыр – кыйнабагын сен,
Балам өсүп, жыйналайын мен.
Тайыз түшкөн кайыгымды караандап,
Толкун жээктеп чыйралайын мен.
Азыр эмес. Азыр – оорубагын сен.