Айгүл Узакова

КӨЛ ТҮСТҮҮ КӨЙНӨК КИЙИП БҮГҮН ТҮНҮ

Айгүл Узакова

 

*   *   *

Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көлүмдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

 

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тапсам бир паска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

 

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс  болбосо,
Мен деле көлдү сагынган жанмын сага окшош.

 

БИР МАЙРАМДА ОКУЛБАЙ КАЛГАН ЫР

Актанбайм, алдырдым албуут сезимге,
Армандын баратып мелт-калт чегинде.

 

Ал күндү акылга эми сала албайм,
Эсиңде аземдүү жандай кала албайм.

 

Карааның көрүнбөйт эми мени издеп,
Карегиң төгүлбөйт эми кезиксек…

 

Арылбайм илээшкен айың сөздөрдөн,
Уулаган коркомун суук көздөрдөн.

 

Кезинде жалбырак болуп дирилдеп,
Кемидим санаалар кетип бириндеп.

 

Карааның көрүнбөйт эми мени издеп,
Карегиң төгүлбөйт эми кезиксек.

 

*   *   *

Өмүр бою өзүңдү ырдап келатсам,
Өктөм тагдыр өз жолунан тайган жок.
Сары оорудай саргайганым сезбестен,
Кимдер гана кеп кылышпай калган жок.

 

Сени мага ыраа көрбөс буйруктун,
Табышмагын жандыралбай калышты.
Карегимде өзүң турсаң тартылып,
Башка менен алмаштырып алышты.

 

Мейли тагдыр өз жолунан тайбасын,
Мезгил иргейт мендеги чын-жалганды.
Өзүмдөгү бир утуш деп билемин,
Өзүңө арнап ырлар жазып алганды.

 

*   *   *

Тосуп ал мени, баратам толкун аралап,
Томуктай кезде кеткенсиң жүрөк жаралап.
Турмуштун ушул тушунан чыккан шамалга,
Туруштук бербей, чарчатып күндөр баратат.

 

Өксүгөн көңүл өрүшүн бербей ыраактап,
Өргүйүн десем өмүрүм улам кыр ашат.
Ушунча көзөп, ушунча безеп сүйлөткөн,
Ушул күн үчүн улуу сөз сага ыракмат.

 

Өкүнгөн жокмун, өзүңсүң ката кетирген,
Өксүгөн менен өнөрлүү болуп мен келем.
Өзүңдөн башка өзүңдөй болбой койгон соң,
Өзгөнү эми өз кыла турган мен бекем…

 

*   *   *

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Жаз беле, жаштык беле дейин десем,
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

 

Кез келген күндөр менен тагдырыңды
Күлкүгө салып берүү кыйын дебе.
Өмүргө өкүнүчтүү из калтырып,
Өттү го сүйүү деген кызыл жебе.

 

Муңайым көздөр менен жазды кароо,
Өмүрдү өксүтөрүн жакшы билем.
Сен көргөн бул турмуштун гүлдүү жагы,
Көрө элек күндөрүңө болбойт ченем.

 

Сага жат, мага болсо үйүр алган,
Бул сезим жамгыр төккөн түндөн эмес
Булуттуу көчтүн алдын кайрый албас,
Чайыттай күнгө куштар күзгү белес.

 

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Талыган үмүттөрдүн канатында
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

 

*   *   *

Мен баарын өрттөп, тытып, өчүргөн соң,
Муңканып чертпей деле койсоң болмок
Кебелбес мезгил шары менен кеткен
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн.

 

Кечкурун санаа менен алпурушсам,
Келгиндер кетип жатат жылуу жакка.
Саргайган жалбырактар себеп болбойт
Жан таштап жалынууга ушу тапта.

 

Көңүлгө көк үшкүрүк түнөк салып,
Өткөндү өгөйлөөгө жетпес күчүм.
Өмүрдүн таттуулугун сезип туруп,
Мен сени сагынбашым деле мүмкүн.

 

Баарына кайыл болгон күндөрүмөн,
Өзүңө майрам куруп кызыл-тазыл.
Дуулаган күндөр менен кете бердиң,
Бир келген бакыт болуп үзүл-кесил.

 

Жек көрбөйм, жалын чачып сүйбөйм деле,
Көңүлдүн өксүгү эми кайдан толмок.
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн
Жаңыртып чертпей деле койсоң болмок.

 

*   *   *

Күлөр кезде күлкүм калып жарашпай,
Күндөн-күнгө түндөр узак, таң атпай.
Сан ойлордон санаам калкып тигилсем,
Эч капарсыз кең асманда жанат – Ай.

 

Мени такыр сезбей, туйбай тургансып,
Мезгилим да сыртын салган өңдөнөт.
Быйыл тоскон курагымды жалтантып,
Бүгүнкү жаз көрктөнөт да көрктөнөт.

 

Калган көңүл, калган кайран жылдарым,
Карааныңа эми көңүл бурбаймын.
Кайсы бир күн: – Сени эстеди, – дешсе эгер,
Сага корогон ал бир – менин кур кайгым.

 

Сары санаам сан жылдыздай чачылат.
Таң шооласын күтсөм көзүм чачырап.
Текке кеткен менин жарым жашымды,
Теңине албай Ай мелтиреп агылат…

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.