Алым Токтомушев
Кудайдын тизмесинин катасы бар
* * *
Сен келесиң, бороон күндө келесиң,
Боздоп, ыйлап шамал тыткан элесиң.
Так өчөрдө таттуу үмүтүм үзүлүп
Талыкшыган таңды күткөн терезем.
Таалайымда сени дайым көрүш бар,
Тагдырыма жааган күнү көбүк кар.
Ошондуктан жашоо, тирлик дегениң –
Мен үчүн бир ала дүмбүл өрүкзар.
Бу дүйнөдө баш чайкабай барам тим,
Бакытымды баскан күнү каран түн!
Мезгилинде беймаанисиз мерт болуу –
Мен үчүн бир улуу күнгө карантин.
9.06.71-ж.
“РЫЦАРЛАР” ЦИКЛИНЕН ЖЕ МҮРЗӨДӨГҮ ЖАЗУУ
I
Тааныгысы келген анын
дүйнөлүк салгылаштын
таржымалын,
дүйнөлүк кылычтардын жалаңдашын,
ойлордун чабыттарын.
Сүйгөн ал жылдыздын жанбай турган
жерлерде жанышын,
сүйгөн ал сүйүүлөрдүн кыйырсызын…
II
О аны тоодон кулап өлдү дешти
(сүйчү эле бийиктикти, эсил кайран).
О аны өлдү дешти
ойношчул бир аялдын коюнунда
(бу маркум талгак эле күндөй сүйүүгө).
Өлдү дешти жер кепеде
(дүйнөнүн чатырында мерт болууну эңсеген эле).
III
Ал өлдү:
чабыттоодо деми солгун,
ойготпогун!
Жан досу сапар-жолдун.
Дүйнөнүн тынчтыгына кепил болуп
маркумдун оо, дүйнөсүн берген кудай!
15.06.71-ж.
* * *
Саргарып каттар жазып жетимсиреп,
сен мага төрөлдүң не экинчи ирет?
Качанкы коңгуроолор кагып мээде,
ачылдың кайра эмнеге алиппедей.
Санаасыз сан жыргалга кеттиң коштоп,
өмүр шо – өтүп кетмей өткүн окшоп.
Тоскоолсуз. Турмуш дагы. Дубал дагы.
О не деген сүрөт бу – дубалдагы!
Жалбарып каттар жазып жетимсиреп
сен мага төрөлдүң не экинчи ирет…
Дүйнөнү тааныш таттуу, таныш таттуу.
Жакшы эле ошол кезиң табышмактуу…
17.02.72-ж.