Эрлан Жумагазиев
Өзүмдү өзүм тааный албай турганда, Өзгөлөрдүн тааныганын сүйөмбү?
КАБЫР ЫР
Билем бүгүн менден качкан досторум,
Билем эртеӊ бейитимде жаш төгөт.
Бизди бөлгөн күндөр акыр топтолуп,
Бизди көмгөн күнгө чейин апкелет!
Эки көздөн төгүлөр жаш… Ысык жаш,
Ээх, ал кезде же жасалма, же чындап.
Муздак денди ошол көз жаш ысытпас,
Муӊга айланып кеткен үчүн эсил жан!
Жомоктошор кабырымдын башында,
Жоругумду көзүм тирүү кездеги.
Эстебестир (эске алышпайт азыр да),
Эсил күндөн эчен зардап чекккеним!
«Кандай адам болчу?» – деген суроого,
«Жакшы болчу!» – дешер анда көптөрү.
Айталбастыр оо ошондо, бирөө да,
Көз тирүүмдө далы салып кеткенин!
САГЫНЫЧ
(чиркешме ырлар)
I
Күндөр кайда тумсак денге эргиген?
Күндөр кайда ырахатка көөлгүгөн?
Мезгилимден эрте катып арман, ай,
Мен кайрадан айланамбы мөӊгүгө?
Маӊдайымда болуп турсаӊ жарык нур,
Махабатыӊ баалай албай чаныпмын.
Алоо жүрөк акырындап табы өчүп,
Аяз түндө жалгыздыктан кайыктым!
Шамын жакпай турса тагдыр эликтеп,
Шаӊы качкан үйүм сенсиз көрүстөн.
Сагындырат эсил күндөр андагы,
Самап келип сары майдай эришкен.
II
Мен сени чанган күндөн арман дүйнөм,
Мээримсиз каткан жүрөк, калган сүлдөр.
Мезгилсиз муунтуп салган ошол сүйүүм,
Мерчемин эңсээр бекен?.. Кайда-ан?.. Билбейм!..
Чыдайм деп бүт эркиңди көндүрүп бир,
Чынында кыялымды сен билипсиң.
Туюнбай эсирипмин ээх, ошондо!
Турганың карегиңе төндүрүп Күн!
Кусалуу жүрөгүмө төнгөн өксүк,
Кунары качкан жашоом өңдөнөт Күз!
Кеч билдим кадырыңды, кечир эми!..
Кийинкиң болбосо экен мендей эссиз!
III
Ууз сезимдин куруп акыр жинкини,
Урап түштү бекем болбой түркүгү.
Ээсин жоктоп боздоп турат мына эми,
Экөөбүздү табыштырган бир сүйүү.
Эсил күндөр... Бакыт сунса ченебей!
Эсирипмин... Кадырыңды тебелей!
Аттиң, анда билбегем ээ, кыйраарым?
Албуут толкун аласалткан кемедей!
Өмүр бою өзүңдү издеп калдастай!
Өтөр жаштык шамал кууган камгактай!
Сен экенсиң, аныгында кеч билдим,
Сезимиме алоо жалын карматкан!
IV
Өксүктөргө такаат кылбай бет келген,
Өчкөн үмүт... өчкөн кыял... өчкөн дем...
От сезим да күлгө айланып баратат,
Ошондогу сен өрттөгөн дептердей!
Армандуу күн айрып кеткен шаңыман,
Аяз түндө жалгыздыктан кайыгам.
Тээ бир кезде тажап качсам... Азыр мен
тентек, жинди кыялыңды сагынам!
Өчүп аттиң, көкүрөктөн ышкы тап!
Өкүт, ыза, арман – уусун жуткузат!
Качкым келет сенин ысык койнуңа,
Кайран күндөн кар тулкулуу, муз кучак!
V
Жүдөтүп жалгыздыгым, салмак басып,
Жүргөндө тулку-бойдон кайрат качып.
Күндөргө кайра баштан күйүт кошуп,
Күтүүсүз чалдың неге алдастатып?
Коюндаш жаткан кечээ эргүү-демим,
Кол жеткис болуп бүгүн мелжигеним.
Кумарлуу кайран жылдар эске түшүп,
Кусалуу телефонго телмиремин.
Баркыңа жетпей аттиң, кезегинде!
Бактысыз тагдыр калган эсебимде!
Жаныма дүрбөөн салып кайдан келдиң,
Жадыман жаңы гана өчөрүңдө?!
VI
Күн сайын чалуу сага адат болду,
Күн сайын алуу мага азап болду.
Кайрадан сезим козгоо зарыл беле?
Кайтарып албаган соң башат жолду!
Өксүктүү жан дүйнөмдү желе баса,
Өзүмдү кечире албай келе жатам.
Жазмышта катам арбын ансыз деле,
Жараатым сыйрыбачы мени аясаң!
Өмүрдүн жаңы баштаар жолу десем,
Өзүңдөн айрылган күн шорум экен!
Антсе да чакырбаймын, келбе мага,
Азабым ичке катып соолуп өтөм!..
VII
Келипсиң кең калаа Маскөөдөн,
«Келдим» деп ватсаптан кат жаздың.
Керемет мээримге ач көөдөн,
Кебиңе дабдаарып так каттым...
Көлкүткөн от кучак, жалын жан,
Көөдөндүн түрсүлү угулган.
Мас тулку күч үрөй чабылган,
Марада магдырап жыгылган.
Жуурулсак алоолоп от чыккан,
Жуп дене – бир дене: жарыштык...
Ортодо он бир жыл боштук бар:
Оо, эми каяктан табыштык?!
ЧАРЧОО
Касындай ай-жыл,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.