Эрлан Жумагазиев
Өзүмдү өзүм тааный албай турганда, Өзгөлөрдүн тааныганын сүйөмбү?
Калчаган тагдыр,
Кара жанды карч урат.
Арылбас түйшүк,
Азабын бүркүп,
Алы куруйт, жанчылат!
Туш тарап туман,
Туюктайт улам,
Тууганыбы касырет?
Жасаган иштер,
Жапага түртөт,
Жанбай койду акыбет.
Карашы жалтаң,
Каректе сарсаң,
Каякта курч кыялы?
Убара, ташпиш,
Ушундай жазмыш,
Укуруктайт сыягы!
БИРӨӨНӨ ЖООП
Түк тааныбайм чоңуңду да, байыңды,
Түк билбеймин «ович», «овналарыңды».
Капилеттен кайгы-дартка кабылсам,
Карапайым жандар сурайт алымды.
Далбастабайм чыгарсам деп атымды,
Даңкка-наамга ургум келбейт башымды.
Өткөргүм бар эч билинбей кышымды,
Өткөргүм бар эч билинбей жазымды.
Жандабадым «таасири күч» бирөөнү,
Жалын күндөр белгисизге сүйөндү.
Өзүмдү өзүм тааный албай турганда,
Өзгөлөрдүн тааныганын сүйөмбү?
Жашайм эркин, басам эркин кысынбай,
Жагат мага, жагат жашоо ушундай.
Ар күнүмө, бар күнүмө шүгүр дейм,
Атак-даңкка, наам-сыйлыкка жутунбай.
БУУЛУГУУ
Ишим ушул: көрүнбөгөн, көрүнгөн,
Ишим ушул: жан этимди жедирген.
Далайларды «укмуш-шумдук кылам» деп,
Дайным чыкпай өтөт окшойм өмүрдөн.
Азап жумуш: бааланбаган, бааланган,
Азап жумуш: жан жалынга каланган.
Өөх, канчанын арттырам деп окумун,
Өздүк эргүүм турат ордун табалбай!
Жан эргитер жарытылуу ыр чыкпай,
Жазар саптар көкүрөктө тумчуккан.
Утурумдук көк тыйынга азгырып,
Ушул жумуш талантымды сылтыткан!
Келген эле чыгармама төгүлгүм,
Керденим бош: көр оокатка жеңилдим.
Өзгөлөрдү «оңдоп-түзөйм» деп жүрүп,
Өчүп бара жатканыма кейиймин!
СЕРЕП
Жарытылуу иш жасабай чын-чында,
Жашаптырмын күч келтирбей булчуңга.
Отузумда орок оргон жок элем,
Оомат кайдан келмек эле кыркымда.
Өксүк-өкүт үстү-үстүнө чубалган,
Өмүр кургур өтөлгөсүз кыярган.
Абдыраймын арт жагыма кылчайып,
«Ата» дешсе бой тиреген уландар!
Аңды-дөңдү карабаган бала элек,
Акыл тунуп, азаюуда дарамет.
Алды жакта келер жылды санаймын,
Аткарылбай калган иштер санаа жеп!
Турган өңдүү курган ажал акмалап,
Туш тараптан түркүн оору баш багат.
Кара чачтын агы барат көбөйүп,
Кайран жаның эми кайдан кашкаят!
Албуут кыял алыс калып ат чабым,
Азыр минтип ойлуу тарткан жактамын.
Делбектебей баабаягы кездердей,
Ден соолуктун баркын сезе баштадым!
АСЫЛБЕК МАРАТОВГО АЧЫК КАТ!
Алп дайрадан сугарылган көктөмүң,
Алп акындын урпагы элең, эстедим.
Арманы бар, дарманы жок агаңмын,
Ачык катым окуйсуңбу, эх, менин?!
«Эшик ырчы» пайда болду көрдүңбү?
Эми кокуй, эргип угам мен кимди?
Таланттарга «мамлекеттик кам көрүү»:
Так максатын аз жыл өтпөй эл билди!
Күйүп турам ачуу чайнап, муң чайнап,
Күл болобу калк энчиси – бул тармак?
Берен болот деген кайран балдарың,
Беш жашабай эки жүздүү «шыйпаңдап!»
Бул кырдаалды өзгөртүүгө шай барбы?
Булгап бүттүк элдик өнөр кайранды!
«Бүркүт көрсөм» деп көксөгөн бир көсөм,
Бүгүн минтип «тоок баккычка» айланды.
«Идеолог» жөө жомокчу болгонун,
Ичтен сызып алда нечен ойлодум.
Чырылдаган элдин үнүн тоготпой,
Чыгарды го нарк-кааданын ойронун.
«Ойрот бузар күлүк» десем, үмүттүү,
Орто жолдон ал байкуш да жиникти.
Жолун улап устатыңдын аска-зоо,
Жок дегенде сен сактап кал бийикти!
Кара курсак тоёр акыр бир жерден,
Кадыр-баркың жоготпогун күндөрдөн.
Эл мүдөөсүн, акыйкатты ураан кыл,
Эсил залкар устатыңдан үйрөнгөн!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.