МИДИН АЛЫБАЕВ
Сага

Айтчы, жаным
Ким жыттабайт сүйүү чиркин гүлүнөн?
Күндө өтөмүн терезеңдин түбүнөн.
Кайырчыдай каранамын жалдырап,
Алтын айтчы, качан сенден түңүлөм?..
Бүт ээледиң, жүрөгүмдү бийледиң,
Тамтаңдаттың такыр колго тийбедиң.
Анда-санда жылмайгансып коёсуң,
Же шылдыңың, же чындыгың билбедим...
Сага
Жайдын түнү... Аба салкын, ай жарык,
Көп жүрдүк го бак аралап айланып.
Бир мезгилде мындай сунуш киргиздиң:
«Болдучу эми, түн ортосу, кайталык...»
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сундуң коштошчуга окшодуң.
«Эсен тур» – деп оң колумду бек кысып,
Ич жылытып жүрөгүмдү козгодуң.
Кучактадым. Мен сен жакка ыктадым.
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып, чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.
Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө
Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай,
Кылгырбачы, койчу, мени карабай.
Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи,
Куса болдум сагынганым тарабай.
Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың,
Ыйлап-ыйлап улутунган баладай.
Неге сүйбөйт
Асылдым. Бир сулууга болдум ашык,
Махабат ичке батпай ашып-ташып.
Кадырын картайганча сыйласам дейм
Бирок да жете албадым. Кимге жазык?
Мен сүйөм, сулуу сүйбөйт. Билбейм неге?
Жазыктуу жаратканга болдум беле?
Баарынан батып кетти кыйнаганы,
Башканы сүйбөйт белем ансыз деле.
Сүйүүнү сүйө билсе сыры терең
Баш ийбейт даңк, атакка сүйүү деген.
Кеп айтсам кемсинткенсип таштады деп,
Аскадан алыс кетип өлөт белем?!
Сулуунун сугу түшкөн жары бардыр
Пайда жок! Мен асылып жүргөн менен.
Ай, сулуу! Армандамын канбай кумар,
Баары бир келбеттериң эсте турар.
Заманым сүйүү эркин мага берген
Өзүңдөй бир кара көз да бар чыгар.
Кааласаң жүрөгүңдү бийлер элем,
Канетип, ага кандай укугум бар?!
Мезгилиме
Жашчылык, өрт экенсиң жалындаган,
Албырып, алоолонуп балбылдаган.
Шат турмуш, оюн күлкү, шаң тамаша,
Таптакыр тажатпаган, тандырбаган!
Жашчылык, сүттөн таза дениң кандай,
Арстандай алга чапкан демиң кандай.
Чынардын чырпыгында булбулга окшоп,
Таптаттуу тамашалуу кебиң кандай!
Жашчылык, ийилбеген шагың кандай,
Сак турган, эл коргогон сабың кандай.
Жашчылык, жандан аткан укмушсуң го,
Асмандан атылышкан чагылгандай!
Жашчылык, ар бир ишке шыгың кандай,
Баш ийип, барлык өнөр жыйылгандай.
Кыз, жигит кыркаа басып каткырышып,
Көңүлдүү көкөлөткөн ырың кандай!
Жашчылык кандай ардак, кандай үмүт.
Эмгек мол заманында ойноп күлүп,
Кыз, жигит каткырышат, кат жазышат,
Алпештүү айлуу түндө бирге жүрүп!
Жашчылык, заманында кааласаң бар,
Эрмегиң, ардак эмгек тамашаң бар.
Иш сенде, иштөө сенде, эрик сенде,
Тептегиз телегейи таразаң бар!
Жашчылык, таалайың бар, талантың бар,
Кайраттуу кайышпаган адатың бар.
Барлык иш, барлык өнөр өз колунда
Асманга учам десең канатың бар.
Жашчылык, касиеттүү турагың бар,
Ата Журт, өлкөм деген ынагың бар.
Жаштыктын жадыратып нурун төккөн,
Заманда өчпөс чолпон чырагың бар.
Сагындым
Санаамда турат элесиң,
Сагындым, качан келесиң.
Сандаган жоону жеңгенче,
Сабыр кыл, жаным, дегенсиң.
Толкунга тосуп жанымды,
Токтотуп жүрөм сабырды.
Токтотом канча десем да,
Толгонуп жүрөк сагынды.
Антымды толук билесиң,
Алтыным, эсте жүрөсүң.
Алышып ойноп ар дайым,
Алдамчы түшкө киресиң.
Канчалык сынап жүрөктү,
Кайталап, жылдап күн өттү.
Каниет кылып караймын,
Качанкы түшкөн сүрөттү.
Кыз жана гүл
Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,
Өзү жалгыз, жигити жок жанданган.
Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,
Биле албадым гүлүн кимге арнаган?
Жыттап коёт. Эки жагын каранат,
Жапжай басат аллеяны аралап.
Карындаштын колундагы кызыл гүл
Кимге буйруп, болсо керек аманат...
Кыз алдынан чыга келген бир жигит.
Токтой калды кызыкканын билдирип.
– Гүл жыттатчы, – деди жигит шар айтты
Кыйын иш ко, жаш кездеги жиндилик?!
– Койгун жигит, колтуктаба жанашпа!
Койгун жигит, колдон гүлдү талашпа!
Орой мүнөз одоно өскөн окшойсуң
Оозум барбайт сени теңтуш санашка!
Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,
«Өзү сонун, өңү сонун бул ким?» – деп.
Шар айталбай көзүн тикти гүлүнө
Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.