ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ

ЖАН ДҮЙНӨ ЖАҢЫРЫГЫ

ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ

Ук бардыгың,

Бул жарлыгым–

Жан дүйнөмдүн жаңырыгы,

Жанар тоодой

Жарып чыккан көөдөндү.

 

Кыргызым–ай,

Ырысым–ай!

Ырксыздыгың,

Ыйкы–тыйкың

Сезимиме теменедей төөнөлдү.

 

Көзкаманың,

Көбөшүң ук,

Бөтөнүң ук,

Бөдөшүң ук,

Падышаң ук,

Букараң ук,

Бектериң ук,

Бечараң ук!

 

Калк көтөргөн ханың ук,

Каны суюк жашың ук,

Калыс,

Калбаат карың ук,

Атпай кыргыз,

Баарың ук!!!

 

Нан сураган кайырчыдай,

Сурайм салып кадырымды.

Кара курттай

Мүлжүп жатат сабырымды.

 

Бул касирет

Кайнап чыккан

Жан дүйнөмдүн

Жанар тоодой жаңырыгы!

 

Ай-ааламда

Чындык бары чын болсо,

Көк асманда

Жылдыз бары чын болсо,

Жер үстүндө

Кыргыз бары чын болсо–

Анда кыргыз бирөө эле.

Башка кыргыз бар экен деп,

Батпа бекер күнөөгө.

 

Бир кудайдын бар экенин билемин.

Жана да жок,

Жок,

Эч болбойт күмөнүм,

Билем жалгыз кыргызды.

 

Ошондуктан,

Кыргыз туруп кыргызды,

Эки бөлүү–

Кылмыш бу!

 

Бир кылмыштан

Өнүп чыгат бир кылмыш.

Элди экиге бөлүп-жаруу–

Миң кылмыш,

Бура тартпай,

Бул чындыкты бил, кыргыз:

 

Уңгум дагы,

Уюткум да,

Уругум да,

Улутум да бир кыргыз!

 

Танбагандай атам менен энемди,

Өзүмдөн эч бөлалбаймын мен элди.

Мен кыргызмын!

Кыргыз деп бил

Турган турпат,

Тулку боюм денемди.

 

Кыргыз туруп кыргыз бөлгүч,

Сен эми,

Бир денемди

Эки бөлгүң келеби?!

 

Бул чындыкты

Калп деп айтат кана, ким?

Оң карегим ТҮШТҮК болсо,

ТҮНДҮК сол жак карегим.

 

Оң бөйрөгүм ТҮНДҮК болсо,

Сол бөйрөгүм ТҮШТҮГҮМ.

Аба,

Суудай керек бизге

Биримдешкен күч бүгүн.

 

Оң жак ыптам ТҮНДҮК болсо,

ТҮШТҮК менин сол жагым,

Сол жак ыптам жабыркаса,

Кошо сыздайт оң жагым.

 

Эрегишти сууга сал да,

Эртеңкиңе бол, камын,

Биле элекмин,

Көрө элекмин,

Ынтымактан ашкан айкын жол барын.

 

Кылдай иштен кыйкым издеп,

Кысталышта чыр чыгарган Чубагың…

Чубакчылык качан калат, чунагым?!

Тарыхыңды билбей турсаң,

Билгендерден сурагын.

 

Атуул десем бир көрсөтөр,

Атажуртка төбөсүн,

Эгеменге жеткен элди

Эмне экиге бөлөсүң?

 

Кыргыз туруп кыргыз бөлгүч,

Сен эми,

Бир денемди

Эки бөлгүң келеби?!

 

Оң көзүмдү олуп салып,

Олок кылгың келеби,

Оң бутумду жулуп салып,

Чолок кылгың келеби?!

 

Бир бөйрөгүм оюп салып,

Майып кылгың келеби,

Канатымды кайрып салып,

Карып кылгың келеби?

Түбү кандуу бөлүнүүнүн

Түшүнсөңчү сен эми!

 

Бөлө турган нерсе сенде аз беле?

Бөлгүч болсоң,

Жаргыч болсоң анча эле,

Атаңды бөл апаңдан,

Жеңеңди бөл агаңдан,

Жээниңди бөл тагаңдан.

Бөл жездеңден эжеңди!

Бөрү жегир,

Бөлбө экиге сен элди,

Бөлбө бөтөн денемди!

 

Бөлүнүүдөн барбы, кыргыз, тапканың?

Эл бөлгүчтөр далайлардын

Ташка жайган талпагын.

Унуттуңбу,

Бөлүнүүдөн

Не болду эле,

ЖАМАНГАРАН,

ЖАЙЫЛ менен ТАЛКАНЫН?!

Кербезденбей,

Кесир кылбай,

Келечекти ойлогун,

Унуттуңбу,

Бөлүнүүдөн

Не болгонун ОРМОНУН?!

Кана, айтчы,

Качан калат

Кармашканың,

Кастыгың.

Жанга батат,

Кары туруп жаштыгың,

Бийик туруп пастыгың,

Соп-соо туруп мастыгың.

Унуттуңбу,

Ырксыздыктан,

Ынтымактын жогунан

Не болгонун

БАЛБАЙ,

НУСУП,

ТАЙЛАГЫНдын тагдырын?!

 

Андан бери өтсө дагы аз кылым,

Азыр минтип оңолалбай жаш кылым,

Жатса өксүп,

Неге сага сабак болбойт,

Коогалаңы АКСЫНЫН?!

 

Бул кооганы

Кое албаймын эске албай,

Кемикте да,

Керкиңде да,

Аркыңда да,

Беркиңде да кеп бардай.

 

Эй, калайык!

Ачык айтаар жүйөө бар:

Ажоңдо да,

Кожоңдо да күнөө бар.

Коогалаңды салып коюп,

Колтугуңа суу бүркүп,

Колун отко кактап

турган бирөө бар.

 

Не билбейсиң,

Не сезбейсиң ушуну.

Айтчы,

Сенин атуулдугуң ушубу?

Уюткулуу журтту бузба,

Урат элдин кусуру!

 

Иш бүткөн соң,

Тиштеген кеч бармагын,

Инилерим,

Идиректүү балдарым?

Бир адамга катылам деп,

Бийлигиңе асылам деп,

Элге бүлүк салбагын.

Отуз өлчөп,

Он толгонуп,

Ойлон иштин ар жагын.

О, калайык!

Тирешүүдөн окко учту го балдарың.

Эл бөлгүчтү ээрчиймин деп,

Узун элдин убалына калбагын.

04.11.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.