Шайлообек Дүйшеев

Жинди кашка

Шайлообек Дүйшеев

Бүгүн көрүп дүйнөнүн толбос жерин.

 

Жаман менен жакшынын түсү кандай,

Жаным быт-чыт..  үзүлүп-үзүлалбай

Жеңеме окшош жанагы келинди мен,

Жерип турдум ошондо түшүналбай.

 

«Жыргалым ай!..» дегени. «Күткүн мени?...»

Жыпжылаңач сөздөрдүн бүткүл деми.

Баштан-аяк оролуп... Ак келиндин

Бак... Башкарма элестеп үстүндөгү

Бул жашоодон бир жакка качкым келип,

Бук-дартымды бирөөгө айткым келип.

Бара жаттым аттиң ай, колдон келсе,

Башкарманы аябай жанчкым келип...

 

                   ***

 

Анда баары Ай, Күндөй толук эле,

Апабыздын нанына тоюп эле.

Эртең эмне болорун элебеген,

Эс-дартыбыз бир гана оюн эле.

 

Чабылган чөп. Эгини бышып эле

Чатагы жок. Күнү да ысып эле

Чарба иштери өзүнчө бүтө берген,

Чарчабаган мезгил да кызык эле.

 

Акем, акем... Ашкан бир кежир эле,

Арабасын аттарга чегип эле.

Сөөктөн өткөн сөз менен башкарманы

Сөгө берчү жумуштан келип эле.

 

Акем, акем... Ал дагы үмүт кезген,

Аңгил-дөңгүл дооранын сүрүп кеткен.

Актив болуп колхоздун четин чоюп,

Апыраңдап жүргөндө күйүп кеткен.

 

Айыл ишин жапжалгыз бүтүргөнсүп,

Аны дагы, муну да түшүнгөнсүп.

Жалкоо кежир, ызакор бул акемди,

Жалгыз гана башкарма түшүргөнсүп.

 

Адегенде ашатып башын сөкчү,

Андан кийин ал минген атын сөкчү.

Ай акем ай, акем ай ичип алса,

Арманына аралаш жашын төкчү

 

-Ой Кудай ай, оюума койсончу, - деп,

Ооматыма кайрадан консомчу» - деп.

Башын муштап ийчү эле, жок дегенде,

«Башкарманын катыны болсомчу» - деп.

 

«Ай аттиң ай, каерден ак бастым, - деп,

- Аргымакты каерден аксаттым» - деп.

Азып-бозуп ийчү эле, жок дегенде,

«Аты болуп калсамчы акмактын» - деп.

 

«Башкарманын катыны...» дегенде мен,

Балит жерди баскансып денем менен.

Бактын түбү... Баягы аппак келин,

Бактын түбү элестеп... элеңдегем.

 

Жаткан өңдүү ким бирөө кордогонсуп,

Жалт карасам жеңемди коргогонсуп.

Жеңил гана ууртунан күлүп койчу,

Жеңем, жеңем эчтеке болбогонсуп.

 

Акем болсо өткөнүн эстеп коюп,

Алдындагы арактан тез-тез согуп.

Кийми менен бир маалда кулап түшчү,

Ким бирөөнүн түбүнө жетмек болуп....

 

                   ***

 

«Арыз!» —дешти, аңгыча «Арыз» — дешти,

«Айылыңар өлкөгө карыз» — дешти.

Башаламан, ызы-чуу, анан бир күн,

Башкарманы кайдадыр алып кетти.

 

«Жегич!» — дешти, аңгыча «жегич» — дешти.

Жерге сепкен эгин-чөп кемип дешти.

Тергегени апкетти деп айтышты,

Тергөөчүлөр билбедим, не издешти?

 

Жел каякка желписе ага берген,

Жетелеген жагыңа бара берген.

Эл дегенин — суу экен сурагы жок,

Эл дегениң — сай экен кала берген.

 

Мезгил болсо чамынып, долуланып,

Мекен калып, үй калып, жолу калып.

Мекенинен айдалган башкарманын,

Мектебинен балдары кодуланып.

 

Булаңдаган бут кетти, өтүк кетти,

Булут айдап будуң - чаң өтүп кетти.

Булуңдагы айылына «душман» болгон,

Бул үй-бүлө акыры көчүп кетти.

 

Кирип-чыгып короосун айланышкан,

Кишилерди караймын майланышкан.

Текебердүү бу тагдыр кайда барат,

Теги мунун теминип кайдан учкан?

 

Жарып өткөн жүрөктүн тигиштерин,

Жараканын биригер-бирикпесин.

Билбей турам. Бул айыл кайда ыргыткан,

Бир кездеги теңирдей бийик кезин?

 

Калк деген да картайып, алжыганын,

Каада-салтын карактап, айныганын.

Каным өтүп ичимден карап турдум,

Кайышындай тилинип канжыганын....

 

                   ***

 

Ажыраткан бирди өзгө, бирди жатка,

Алактаган да бир күн тийди башка.

Алай-дүлөй түшүрүп акем келди.

Акем менен бир келди Жинди Кашка.

 

Колдо камчы. Койгулап аба-желди,

21.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.