Шайлообек Дүйшеев
Жинди кашка
Корстон боло бакылдап. Кара жерди
Бут алдына баскансып айгай салды,
- Бу жиндини акыры мага берди!
Атып чыктым мен үйдөн сүйүнгөндөн,
Атып чыктым бактыма бүгүн келген.
Кашка ат үчүн каалаган жерге чейин,
Качпас элем ошондо жүгүргөндөн.
- Бу жиндини акыры мага берди,
Буюргандай колума сала берди.
«Энесинин, эми ага чыккан жерин,
Эстетемин», — деди акем, - «аган энди!»
«Бу жиндини акыры мага берди!..»
Буулуп турган көз жашым жаба берди.
Карайладым табалбай ушул азыр,
Казык кылып акемди кагар эрди.
Көңүл эмне, көрк эмне элебеген,
Көңдөй акем көзгө «атты» жебе менен.
Көпөлөктөй колумду коюп алып,
Көкүлүнөн сылайын деген элем....
Калайман күн таң эртең башталды маа,
Карек-карек ал аттан жаш тамды маа.
Карек-карек жаш кулап, ат да кулап,
Кашайгыр ай, саларда ат чалгыга.
Жинди Кашка кошкуруп тоготподу,
Жини кармап эчкимди жолотподу.
А акемдин ашатып, ызырынган,
Ачуу сөзү, союлу сороктоду.
Жинди Кашка каамытты салдырбады,
Жигиттерге далдайган алдырбады.
Кошаяктап жаныбар тура калып,
Кош арканды чарт үздү чандырдагы.
«Тарт, тарт бекем! Керекпи, жаза мына,
Тарамышын казыкка матагыла!
Түйө байла, шыйрагын чие байла,
Түкүрдүм мен эшектин атагына!»
«Дегеле кой, деп койсо Кашка, Кашка,
Делбе энеңди!... Кендирди ташта, ташта?»
Балык боор өрүлгөн камчы менен
Басып алды түгөт ай, башка, башка!
Азыр билип акемдин айбандыгын,
Аттын башын айланды кайран кылым.
Аттын башын азаптан куткаралбай,
Аласалып жер тытты арман-муңум.
Мелт-калт жаткан талаа түз акты жашка,
Мени чапса ээ, чапканча атты башка.
Тыйпыл болуп кечээги эркиндиги,
Тыбырчылап тозокто жатты Кашка.
Аттиң дүйнө... Сай-сөөгү кычыроодо,
Асманынан булуту бытыроодо.
Азаттыгы адашып көзүндөгү
Айнек болуп туякта бычыроодо.
Аттиң дүйнө... Кол-буту байланууда,
Адыр-түздөр карекке арбалууда.
Алакандын отундай көзөнөктө,
Азаттыгы чыркырап айланууда.
«Кат каамытты! Арканды чечкин эми,
Казат өлгүр! Жакшы эле эзгиледи.
«Кана эмесе, акырын тургузгула,
Кара чочко, ну давай, кеттик эми!»
Адеп тизгин какканда ат каргыды,
Алып учту акемди, ат чалгыны.
Алып учту баягы бакты көздөй,
Алоолонгон өрт окшоп Кашка айгыр бу.
Азынаган тагдырды, аккан жылды,
Алып учту тоолорду, асман, кырды.
Кара жерди каңтарып жиберчүдөй,
Кара буурул өрт окшоп Кашка айгыр бу.
Ат чалгынын тиштери тепкиленип,
Арткы буттан кан түтөп, кескиленип.
Акем барат алласы ооздон түшүп,
Атты тарткан колдору эшкиленип.
Ат чалгынын тиштери араа болуп,
Аттын каны диркиреп салаа болуп.
Жик-жигинен сөгүлүп акем барат,
Жинди Кашка сойчудай балаа болуп.
Карабастан дөң менен аңды, жинди,
Кара чийден сай ылдый салды, жинди.
Карса-күрсө таш кулап, чалгы кулап,
Кара туман чаң уюп, калды, жинди.
Караң-кураң элестер зуу дей түштү.
Карап турган кишилер дуу дей түштү.
«Ай соо болбой калды го» деген сөзден
Алактаган жүрөгүм шуу дей түштү.
Жетип келсек, ат чалгы аңтарылган.
Дөңгөлөктөр чачырап, майтарылган.
Алты саны аманын билбейм, билбейм,
Акем жатат колу артка каңтарылган.
Кара туман чан жолду тосо жылып,
Кара бакты баягы кошо жыгып.
Жиниккенден жин агып омуроого,
Жинди Кашка ал жатат очорулуп.
Анан көрдүм бир укмуш ыргак тунган,
Айдөөштөгү үйүлгөн кургак кумдан.
Акем эмес, Кашка аттын башын желеп,
Ак келинди буркурап ыйлап турган....
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.