Шота Руставели

Жолборс терисин кийген баатыр

Шота Руставели

Таймашып жеңе жүрдүм салышканды,
Бүркүттөй иле жүрдүм алышканды.
Найзасын калкан менен кагып салып,
Оодардым ат үстүнөн чабышканды.
Жатарда күндө сонун той өткөрөм,
Ал күндөр кайра келбес алыс калды.

Жыргал күн колдон аккан суудай болду,
Ичкен бал эми өзүмө уудай болду.
Бир кезде курбуң алтын чынар эле,
Тариэл — каны качкан куурай болду.
Э, курдаш, хандын ошол сулуу кызы,
Жүрөктөн кетпей турган убай болду.

Атамды таш боор өлүм өзүнө алды,
Кантейин, кайран атам өлүп калды.
Кайгылуу жарлык басып Индостанды,
Безгектей калтыратты Парсаданды...
Орноткон намыс туусу кулачудай,
Индостан душманына табаланды.

Гүлдүү кез уу ичинде туталанды,
Гүлгүндөй он беш жашым кусаланды.
Түшүрбөй бир жыл бою аза кийимин,
Жаш жаным аза үйүндө жараланды.
Парсадан жигитинен айттырыптыр:
«Кой, балам, ажал жетсе чара барбы».

«Мен атаң — сен эмнеге жетимсиң, — дейт,
Үстүңдөн аза кийими чечилсин, — дейт.
Жан жактан жарданышкан душмандарга,
Мына деп колго кармар сесимсиң, — дейт.
Сен эми ата ордуна Амирбар бол —
Баласы ата колун жеткирсин, — дейт.

Кантейин ата өлүмү жанга батты,
Он беш жаш амирликти колго алмакпы?
Чирийин кайгы ичинде десем дагы,
Жалынып хан нөкөрү колдон тартты.
Үшкүрүп аза үйүнөн чыккан кезде,
Колмо-кол өткөрүшүп өөп жатты.

«Жазмыштын кылганына барбы айла?
Таалайсыз мага окшогон жарты жанга.
Болоюн көп катарлуу аскер шери,
Бир колум татый алат душмандарга».
Жаккан жок алты ханга ушул сөзүм,
Амирбар болуп калдым Индостанга.

Жыйылып Индия эли бүт келишти,
Атама ошол күнү аш беришти.
«Биз элиң, биз журтуңуз», — деп калың кол,
«Бизди ал», — деп ат үстүндө теминишти.
Милдетин амирликтин айтып берип,
Индостан тең жарылып, бийлик берди.

Амири санат жетпес нечен миңдин,
Тагдыры нечен-нечен чечен тилдин.
Жолборстой алптуу кыраан баатырлардын,
Оң көзү экенимди эми билдим.
Ант берип кылкылдаган кол алдында,
Жай гана басып барып такка миндим».

Автандил муну укканда тиштеп эрдин,
«О, жалган тозок экен үстү жердин», —
Деп алып бир саатча карап турду,
Жаралуу кайгылуу өңүн Тариэлдин.
«Кайрылган канатыңды кайра оңдоп,
Учуруп мурадыңа жеткирермин».

Автандил сөзүн улап мындай деди:
«Тартса да уу тозоктун тегирмени,
Жетермин, бейиш кушун учурармын,
Бузармын кандуу капас термирлерди.
Кайрылар тай-тайлаган кандуу жаштык,
Күндөрү сенин ошол кезиңдеги».

Асмат куш, чарк айланган жердин жүзүн,
Эмесе, ойлоп-ойлоп көзүн сүзсүн.
Аңгыча эки шерге мындай деди:
«Бактысыз бизге жардам берүү үчүн,
Кол жыйсын, жары алдында шертин берсин,
Автандил көп кечикпей жолго түшсүн».

Тариэл эң акыркы сөзүн айтты:
«Э, досум, бул дүйнөдөн көңүл кайтты,
Махабат көлөмү асман деңиз экен.
Бирок да кол кыска да, өмүр тайкы...
Үшүтөт жүрөгүмдү кылчылдатып,
Жаркындуу болгон менен күндөр жайкы.

О, кайда, далай-далай жылдар өттү,
Эсимден чыгарыпмын досум көптү.
Бардыгын айтып берүү кандай кыйын.
Бул дүйнө дайым мага уусун төктү.
Айла жок тагдыр күчү зор болгон соң,
Кантейин көл түбүнө көңүл чөктү.

Махабат — өпсөң таттуу бала тура,
Тагдыр куш мел-мел эткен талаа тура.
Бул дүйнө бир өң эмес, ала тура,
Махабат — жүрөктү эзген жара тура.
Ашыктык алоолонуп күйсө дагы,
Тагдырга мунун баары даба тура»…

(биринчи бөлүмдүн аягы)

Которгон: Алыкул Осмонов

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.