Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Редакциянын эски, дасыккан машинисткасы Айша апа бир кезде айрым тамгаларды, кээде бүтүн сөздөрдү баспай калып, оркойгон каталарды кетирчү болду. Алгач бул кокустуктар анда-санда гана кезиксе бара-бара мындай каталар көбүрөөк кайталана баштады. Ката кеткенин сезип ал, басылып бүтө жаздап калган барактарды чыгарып, себетке ыргытат, кайрадан басып, тексттин жарымына жете электе бир тамганын ордуна башка бир тамганы басып койгонун байкап, буга катуу бушайман болот. Мурда ал өзү баскан барактарды окуп чыкчу да эмес, редакциянын кызматчыларынын быты-чыт болгон, ал тургай кээде өзүлөрү да окуй албаган ийме-чийме кол жазмаларын да катасыз басып берчү. Эми биринчи бетке кетчү жооптуу материалдарды такшалган Айша-апага бербей, машбюрого кечээ эле келген Гүлсүнгө беришет. Бул көрүнүш картаң машинистканын кабыргасын майыштырып, бушайман кылып, күнүчүлүк туудурду. Муну сезген Гүлсүн чыйратылган абалды бир аз жумшартуу максатында балдарынын күлкүлүү окуяларын сүйлөп, кол жазмалардын бирөөн тандап алып: «О-о, муну басуу менин колумдан келбейт», – деп Айшага кандайдыр бир кырдаалда жасакерленгенсийт. Бирок муну жаш келин атайын жасап жатканын Айша-апа байкап коет. Бир караганга эки аял мээримдүү мамиледе жашагандай сезилгени менен, алар отурган кичинекей бөлмөдөгү ахыбал күндөн-күнгө чыйралып, курчуй берди.
Бир жолу Айша кызматка эртерээк келип, кече кечинде басып койгон материалдарды Гүлсүн окуп чыкканын байкады. Барактардын ар бир бетинде тескери басылган тамгаларды кара карындаш менен оңдоп коюптур.
Айша машинкасына барып отурду да, баш көтөрбөй, көпкө чейин басты. Анын арык, катуу манжалары роялда жакшы билген сонатасын ойноп жаткандай шакылдады.
– Чарчадым! – деди Айша-апа бир кезде.
– Акчага басып жатасызбы? – деди Гүлсүн, өзүнүн машинкасын чакылдата берип.
– Андайдын мага кереги эмне? Жалгыз баш кемпирге канча акча керек дейсиң? Айлыгым жетет. Эртеден кечке чейин баягы эле: «чака-чак, чака-чак». Кайда барбайын ушул дабыш кулагымдан кетпейт. Поезд өтүп бара жатса да дөңгөлөктөрү кадим машинкадай чакылдагансыйт. Музыка ойноп жатса да барабандары мунун тамгаларындай такылдайт, – деди Айша-апа.
Жаш машинистка ишин токтотту, анткени көп сүйлөбөгөн, токтоо апанын мындай кызуу кан сүйлөгөнүн эч качан уккан эмес.
– Эс албайсызбы? – деди Гүлсүн.
– Чики-чик-чики-чик, – деди анын «Мерседеси».
– Мен да ошону ойлоп жүрөм, жашым да небак келип калды! – Чака-чак-чак – чака-чак-чак, – Айша апанын машиникасы катуулай такылдады.
Жаш келиндин ага жөн гана айылга же курортко барып эс алсаңыз деген кеңешин картаң аял, тетири түшүнүп, ыза болду…
– Айша апа, сиз мени туура түшүнгөн жоксуз, – деп Гүлсүн актанууга аракет кылды.
– Айырмасы кайсы, – деди Айша апа ызалуу күлүмүш этип, – баары бир эртедир кечтир пенсияга кетиш керек да.
– Менин кайненем алтымыштан ашты, бирок, дагы эле иштеп жүрөт, – деди Гүлсүн. Чики-чик. – Чики-чик, – деди анын машинкасы.
Айша апа жооп берген жок, машинкасы: така-так-так-така-так-так, – деп такылдай берди.
Машинкалар үн алыша тарсылдайт, алар басыла калганда дубалдагы саат өткөн-кеткен убакытты санап жайбаракат чыкылдаганы угулат.
Бир мезгилде сааттын жез тегерек чайкалмасы селт этип «Баң! Баң! Баң! – деген үн бөлмөгө жайылып, түшкү дем алыш башталганын белгиледи. Гүлсүн дароо ишин токтотту, кичине күзгүсүн ачып, эрдин бир аз боеп эпке келтирди, столунан бөтөлкөдөгү айранын, кагазга оролгон тамак-ашын алып, Айша-апанын барагын басылып бүтөрүн күтүп калды. Бирок, картаң машинистка сааттын какканын укпай калгансып, иштей берди.
– Айша апа, дем алыш, – деди Гүлсүн акырын.
– Бар, бара кой, садагасы! Балдарың бар эмеспи! Мен кийинчирээк чыгам, – така-така-так, – така-так-так-так.
Гүлсүн ийнин куушурду да сыртка чыкты.
Айша машинканын тамгаларын сабап отуруп, жаш кабарчы алып келген баракты басып бүтүрдү да редакторго кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.