Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
– Ур-ра-а-а! – деп кыйкырды балдар.
Айша-апанын көздөрүнөн жаш мончоктоду.
Атаганат, эски үйлөрдү бузбагыла деп буйрук бере турган алы болсочу!
Жаңы үйлөр курулсун, эски үйлөрдү бузбай эле койсо гана. Бирок, аттигиң ай, эскини кыйратмайын, жаңыны кура албайсың да! Турмуштун эзелтен бери келе жаткан ыгы ушундай эмеспи.
***
Айша-апа «Тынчтык проспектисинен» ысык-муздак суусу, эки үй-бүлөлүк ашканасы бар жаңы квартирага көчтү. Биринчи күндөрү жаңы турагына көнө албады, кээде түн ортосунда ойгонуп, өзүнүн кайда жатканын түшүнбөйт, анан жаңы үйгө келгенин эстеп, көпкө дейре көз ирмебей жатат.
Берки эки бөлмөгө Медер Рысалиевдин үй-бүлөсү кирди. Өзү отуздар чамасындагы абдан сылык, кийим-кечесине тыкан, келишимдүү жигит экен. СМУда прораб болуп иштейт экен. Аялы Бурул күйөөсүнөн беш жаш кичүү, ал эртеден кечке үй-оокаты, балдары менен алек. Бара-бара чоң үй-бүлөнү башкарган балпайган байбиче болчудай. Азырынча беш жашар Анар менен үч жашар Гүлнар деген эки кызы бар. Кыздары эрте ойгонушуп кыңкыстап, таттуу-паттуу сурашып, ашканага жүгүрүшүп, ваннанын чынжырын тартышып, үй ичин ызы-чууга толтурушат. Ага күрүлдөп-шырылдап унитазга аккан суунун шары кошулат.
Биринчи күндөрү кошуналар ашканадан гана кезигишчү, кийинчирээек эки аял ынтымакташып кетишти. Кечки тамакка Бурул палоо басса, же башка бир түзүк тамак бышырса, ооз тийиңиз деп тарелкага толтура салып Айшага жиберет, кезегинде Айша да ага «досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла» кылып жооп кайтарат.
Жаңы үйдө муздак суу, ысык суу, газ, буу жылыткыч болгон соң Айша толгон-токой үй түйшүгү жумуштарынан бошоду. Ал жай туруп, нанүштө жасайт да, кайсы бир китепти алып, паркка кетет, үйүнө кеч кайтат.
Кээде Айшаныкына Бурул кирип, көпкө дейре наркы-беркини кобурашат. Энеси ээрчип кирген Гүлнар менен Анар столдогу бир нерселерди кармалашат, күмүштөлгөн рамадагы уулунан портретин, бир кезде Кара деңизден алып келген чоң үлүлдү талашып чырылдашат. Терезенин үстүндө илинип турган картинаны алып бар дешет. Ал картинадагы түндүк уюлдагы калың муздарды талкалап кетип бара жаткан кеменин сүрөтү бар. Ал картина плакатка же болбосо конфет орогон кагаздагы сүрөттөй жөнөкөй гана арзан нерсе болучу, бирок Айша аны эч качан таштабай дайым көрүнүктүү жерге илип койчу, анткени аны бир кезде уулу копилкага чогулткан акчасына сатып келген.
Анар менен Гүлнар эски патефонду ачабыз деп чатак салышат. Энеси аларды урушуп колго чабат. Алар бир аз тынчыйт да, кайра чукчуңдашат. Бурул ар түрдүү укумуштуу окуяларды кеп салууну жакшы көрөт. Бир күнү Бурул үстүңкү кабатта жашаган Борис Абрамович Нагорный деген жалгыз бой еврей абышка жөнүндө айтып берди. Ал чачтарач болуп иштеп жүрүп пенсияга чыгыптыр. Жакында ошол чал алтын дүкөнгө барып эң кооз саат сатып келиптир.
Айша ал сөзгө көп ишенбей күлдү. Бирок дем алыш күндүн биринде абышка балконуна эки орундук алып чыкты да үстүнө пил сөөгүнөн оймолоп-чиймелеп жасалган, алтын табагын эки кичинекей жылаңач бала көтөрүп турган чоң саатты койду. Бул сонун буюмдун баасы бар болгондо эле эки-үч миң сом болуш керек. Эртеси абышка ошол саатты балдар бакчасына алпарып, «Бул менин белегим, балдар бийлеп, ойногон залга коюп койгула. Дүйнөдө дагы бир адам жашап өткөн экен деп кийин айта жүрүшсүн», – дептир.
Бурул ушуга окшогон окуяларды айтып, эшиктин коңгуроосу угулганча отура берчү. Күйөөсү Медер көп учурда кечигип, жолдоштору менен келет, кеч болгонуна карабастан, аялына тамак жасатат. Кээде Бурул эрин күткөндөн тажап, балдарын ээрчитип өз бөлмөсүнө кетет.
Бир күнү коңгуроо түнкү саат экиде шыңгырады. Аялы катуу уктап калган окшойт. Эшикти Айша ачты. Медер өтө сылык рахмат айтып, кыңая карап дем алды. Анын аркасынан кимдир мас бирөөнүн шляпасы көрүндү. Айша: «Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес» – деген сөдөрдү кобурап өз үйүнө кирип кетти. Бир нече мүнөттөн кийин коңшу бөлмөдөн суранган, анан талап кылган, анан сөгүнгөн сөздөр угулуп, аялдын кейип-кепчигени, бышактаган дабышы чыкты. Анар менен Гүлнар ойгонуп, үн алыша ыйлай баштады. Бир кезде кыздардын үндөрү өчтү, калыбы, аларды башка бөлмөгө алып кетишти окшойт, анан шоокум ашканадан угулду. Бурул тамак ысытып, закускага эт кууруй баштады окшойт. Медер Айшанын эри Мукашка кандайдыр бир окшоштугу бар. Ал дагы Медер сыяктуу зымпыйган, ичинен кайрып, кишиге оңой менен сырын ачпаган туюк адам болчу. Мукаш бир аз ачыгыраак болуп, ички сырынын чет-бучкагын билдиргенде Айша анын үй-бүлө турмушун бузганы жүргөнүн сезет эле го, аны ал бойдон баш тарттырыш үчүн, бардык аракетин жасамак. Баса, болор иш болгондон кийин Мукаш чөк түшүп кечирим сурап ыйлаганда аны үйгө кийирбей койгону туура болдубу?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.