Султан РАЕВ
Аял
(Аңгеме)
— Ты-сс!.. Акырын…
— Ким?
— Коңшубуз…байкап калбасын… Т-сс! Акы-рын бас-сс… Бутуңун учу менен. Жөтөлбө! Ме, байпагыңды… керебеттен аста тур. Кычырайт… кычыратпа!... Тыс-сс!... Акырын бас. Бутуңун учу менен…
— Коңшунбу?..
— И-иэ. Жөтөлбө дейм?! Байкап калат. Турдуңбу?.. Бер колуңду. Артымдан акырын жүрө бер. Абайла, шифанер… Урунуп алба.
— Байпагымды…
— Кие элексиңби? Кий.
— Караңгыда эч балээ көрүнбөйт… Кийдим. Каяккаа басайын?
— Бер колуңду. Ии… мындай бас. Солго… Шифанерден этият бол. Урунуп алба. Ии… акы-рын.
— Батникеңчи?.. Ка-на?.. Каерге койдун эле?
— Быякта. Мындайраак бас-саң… Ии, мына бутума урунду. Ты-сс-сс!.. Таптынбы?
— Таптым. Бирөөсүнүн боосу жок го. Түшүп калганбы? Свети жандырсаң? Көрүнбөй атат…
— Жо! Жандырба! Тиги байкап калат.
— А таптым мына!...
— Эшигин ачып атат. Кирип кетсин…
— Тешиктен карайынбы?..
— Кара … Акырын эшиктин түбүндө мусор чака бар. Тээп алба.
— У-х! аз калды. Тээп ала жаздадым.
— Карачы?.. Эмне кылып турат?..
— Эшикти…
— Бир саат ачабы? Кибиреген десе! Жанатан бери эле ачалбай…
— Ключу түшпөй
— И-ий! Эстен чыкканын көр! Аялы ключту мага калтырып кетпеди беле?«Күйөөм келсе берип кой» деп. Эми кантем?! Өлдүк го!... Жанале званит эткенде ачпай. Сен да…сен болбосоң…
— Кайдан билдим анысын?
— Мен да ким деп койбопмун… Турабы?..
— Турат… Түкүрдү. Саатын карады. Дагы карады…
— Колунда бирдемеси бар бекен? Же жокпу?
— Азыр… азыр…Көрүнбөй калды. А мына көрүнө баштады… буту… плащы… өзү… Пай-пай! Кабагын! Сүрдүүсүн кантесиң! Тим эле соттой. Каерде иштейт бу? Чоңбу?.. Колунда кара дипломат бар… Быякты карабатат…
— Ты-сс! Жап оозуңду! Угуп калбасын.
— Ким болуп иштейт бу?.. «Шишкадай» кейпи бар. Гоголдун эле шаар башкаруучусу, тооба!
— Илимдин кандидаты… Академияда иштейт. Философ! Диссертациясынын аты «Үй-бүлө турмушунун этикасы»…
— Пай-пай-пай! Оңой киши эмес көрүнөт. Казы да, казангаптай мээ да бар бекен. Важный птичка! Маңдайы кудум эле Сократтыкы. Түкүрдү дагы!... Эмине бу –төөбү?.. Улам эле түкүргүдөй…
— Акырын угуп калат. Кулагы сак. Анан калса узун.
— Мектепте жакшы окуса керек. Мугалимдери чоё берип…
— Акы-рын угат. Карасаң, чын эле кулагы узун бекен?..
— Кулагы көрүнбөйт го? Шляпасы…
— Шляпасын атайлап баса киет. Уялат го, байкуш кандидат. Биздикине келгенде да баш кийимин албайт такыр…
— Сага да келип турабы?..
— Кээде-кээде… Аялы дежур болгон күнү. Аялы барда түк кирбейт. Андан өлгүдой коркот. Кызганчаагын кантесиң… Аялы да ушундай. Менден күйөөсүн кызганып өлүп калат, тим эле. Бышылган сабадай болгон бунусун бышырып жейт бекем?.. Ф-юу! Сен турганда, ыраспы?
— А-га…
— Эми качан келесиң? Сагынам го… Келесиңби? Же дагы жоголосуңбу? Аа?..
— Келем. Келбегенде. Сагынтып коюп кантип жүрөйүн?
— Чын элеби
— Чын…
— Чын болсо өөп кой. Дагы… Алты жолу. И, бир, эк-ки, үү-ч, ии… Таарындым!... Үчүнчүсү жакшы өөп да?! И-ии ушундай! Төрт, беш, алты. Моло-дец!
— Эми сен. О-го! Бир, эки алты, он, отуз! О-пэй! Болду! Аялыма да бирдеме калсын. Жаным…
— Айт-чы?.. Кимсиң сен мага?..
— Менби?.. Мен сенин… Эмне десем? Бир сөз менен айтканда сүйгөнүңмүн.
— Сен-би?!
— И, мен… Ушу мен…