аңгеме
Аман Саспаев: Татым туз
– Келгинбай абышканын үйү ушубу?
– Ооба, айланайын, – деп байкуш чал ордунан тура калды. Анын үйүн кийинки жылдары эч ким мындай сурамжылап келген эмес.
– Карылык курусун, кайсы бала элең, балам?
– Жапаров болом.
– Баса, кыргызсыз го…
Келген жигит төш чөнтөгүнөн бир сүрөт сууруп чыгып чалга сунду:
– Тааныбайсызбы?
Шордуу чал сүрөттү көрө коюп өкүрүп ыйлап жиберди. Ал Эшболдун сүрөтү болучу. Эсинен адашкан абышка сүрөттү карап алып, жаш баладай башын көтөрүп ыйлай баштады.
– Ыйлабаңыз аке, майор Келгинбаев Эшбол азыр комиссар. Гоминданчылардын сазайын берип жүрөт. Майдандан бери жүрөрдө ушул сүрөтүн берип салам айткан эле. Атам тирүү болсо, сүрөтүмдү ошол кишиге тапшыр. Эгер жок болсо, энем бардыр ошол кишиге тапшыр» деп табыштаган, – деди Жапаров. Абышканын алжый баштаганына байланыштуу, баласына деген сагынычы башын туман чалган аскадай далдааланган эле, азыр болсо бир керемет жел чыгып, туманды түрдү да чалдын жүрөгүндөгү сагынычты айдан ачык көрсөтө баштады. Мурда үмүтсүз эле, азыр үмүт менен ишенимди колуна катар түшүрүп, бул сезимди шордуу чал кетире алгыс даражага жетти.
– Аксакал, – деди жигит жайлап, – кана, көп алагды болбоңуз.
Балаңыздын тирүү экенине кубаныңыз. Мен дагы Эшбол өңдүү гоминданчылар жагынан кармалгандардын биримин. Ичинде Эшбол бар он чакты күнөөкөрдү бутуна кишен, колуна козу салып айдап бара жатканда үч черикти өлтүрүп, кишендерди чагып тоого качып кеткенбиз. Кийин барып көтөрүлүшчүлөргө кошулдук. Ошентип, эми гоминданчылардан өч алып жүрөбүз. Биздин жагдай ушул. Кош болуңуз! Келгинбай чал шашкан бойдон Жапаровду шап колдон кармай алды:
– Оозуңан айланайын, туз даам ооз тийип кет. Кайра айланып келээриңе жакшы.
Мууну калчылдаган абышка жегидей бирдеме караштыра жүрүп суроо бере баштады:
– Эшен бир келип кетпейт бекен?
– Азырынча келе албайт.
– Урууң кайсы балам? И, биздин көлдүк турбайсыңбы.
– Эшен менин тирүүмдө бир келип көрүнүп коюп кетсин, – деп жатып жигитке токоч ооз тийгизди. Бирок, баласынын көөнүн улап, кемпири жөнүндө ооз ачпады. «Ата-энең аман-соо экен дегин жалгызыма…» Анан жоокерди узата чыкты.
«Оо, касиеттүү жеримдин тузу, Эшенимди колдоп тирүү сактаган тура! Өлгөнүм тирилип, өчкөнүм жанганы чын болсо экен! Оо, касиеттүү жеримдин тузу, эми жалгызымдын өз элине аман-эсен кошо гөр», деп байкуш абышка жалгыз үйдө курун мойнуна чалып, эки колу менен жакасын муунта кармап, узак күңгүрөндү…
Ордунан тургандан кийин, кайгысына орток боло жүргөн кошунасын мындай кубанычтан куру калтыргысы келбей, Келгинбай уйгур чалдын үйүн көздөй басты.
* * *
Айлар өтүп жатты.
Жемек-ичмек, кийим-кечекке кенеле түшкөн эл жаңырууда. Нөшөрлүү кара булуттай каптаган караңгылык сөгүлдү. Боштондук менен коюндашкан калың букара колдоруна курал алып майданды көздөй агылды. Боштондук үчүн эр азамат майданда канын төктү. Гоминданчылар бекем орногон Жынхы деген жерде эсепсиз кан төгүлдү. Улуттук армия калктын боштондугу үчүн бир адым чегинбестен илгериледи. Акыры үрүмчүнүн чоң дарбазасы ачылып, Жынхы Гоминданчылардан тазаланды. Мына ушул чоң кыргында биздин Эшбол да курман болду. Эл боштондугу үчүн күрөшүп, боштондук чек арасын Жынхыга чейин жеткизишти да өзү ошол жерде түбөлүк кароолдо калып койду. Эшболду бүткүл батальон узатып, көмдү. Ондогон мылтыктан ок атып, комиссарга катуу кайгыргандык билдиришти. Шордуу чал баласы жөнүндөгү шум кабарды укканда эсинен танып, кулап түштү. Кошунасы суу бүркүп эсине келтиргенде, адам көргүс түргө кирип, алдастап ордунан тура калды.