Касым КАИМОВ

АНАРБАЙДЫН КӨПҮРӨСҮ

Касым КАИМОВ

Биздин өрөөнгө совет бийлиги орноду. Кара таман, ак ниет кедейдин баласы деп мени болуш шайламак болушту. Мен безилдеп качтым: «Эл башкарып көргөн эмесмин, билимим жок». Эл айтканыма көнбөдү. Акырында аргасыздан макул болуп, мындай деген шарт койдум:

– Андай болсо менин жардыгыма макул болосуңар. –Бул сөзгө алар муюшту. Болуш шайлагандагы биринчи жардыгым: «Эки өрөөндү түбөлүккө бириктирүүчү көпүрө салабыз?»

Эл чуу этип, менин сөзүмдү коштоп кетишти. Айтканды аткардык. Колума балтамды алып, элди баштап бардым. Тандап жыгач кесип, ташты, кумду сандал менен ташып, көпчүлүк коёбу, мурун бул өрөөндөгүлөрдүн эч кимиси көрбөгөндөй чоң көпүрө салдык. «Тексиз болуш өз жосунуна түшүп, жыгач көтөрүп жүргөнүн көр» деп манаптар табалашты. Алар биздин көпүрөнүн маанисин түшүнгөн жок... Эл аны Анарбайдын көпүрөсү деп аташты. Ал чоң көпүрөнү эч ким буза албады, эл ынтымактуу жашап, өрөөн бүтүн бойдон турду.

Илгерки көпүрө үчүн эки кырсык болгон, бири – жаатташуу, экинчиси – суунун ташкыны.

Көпүрөнүн биринчи кырсыгы түбөлүккө жоюлду. Бирок экинчи кырсыктан элүү жыл өтсө да арылбай жүрдүк.

Эми акыркы кырсыктан, балдарым, силер куткардыңар.

Анарбай сакалын сылап, ойлоно калып, инженерге карады:

– Балам, сенин атың ким?

– Турар.

– Турарым, эмесе көпүрөнүн тарыхы ушундай!!!

Аңгыча оокат даяр болду. Сөз токтоду. Козунун эти желип бүткөндөн кийин абышка кайрадан сөзгө кирди.

– Акыркы сөзүм калды. Макул десеңер оокатка бата кылуудан мурун акылдашалы, кеңешели.

– Биз макулбуз, ата!

– Эмесе, айтайын дегеним мындай: мурунку көпүрөлөрдүн баары бири-бирине окшош, жыгач көпүрөлөр эле. Анын баары чынында Анарбайдын көпүрөсү болгон. Азыркыңар башка. Анарбайлардын колунан келмек түгүл, акылына сыйбас керемет! Ар нерсенин өз аты менен атаган жакшы! Силер менин сөзүмдү эп көрсөңөр, темир көпүрөнү Турардын көпүрөсү деп атайлы. Кана, Турар балам, тура калып бата сура!

– Аксакал, жаңылышасыз! – Турар чебеленип кетти. –Атты эл коет.

– Биз элбиз! – деди Анарбай! – Мына азыр бата кылып, көпүрөгө сенин атыңы коёбуз. Ошо бойдон элдин баары аны Турардын көпүрөсү деп атап калышат!

Калгандар эмне дээр экен дегенсип, Анарбай жанындагыларга карады. Алар чалдын сөзүнө күлүп турушкан эле. Анарбайдын каштары үрпөйүп, ызалана түштү:

– Мен силерге иштин жөнүн айтып жатам. Анарбай илимпоз бекен, темир көпүрө жасагандай билимдүү уста бекен? – кантип бет чыдасын? Болбойт мунуңар. – Ал Турарга өкүмдүү сүйлөдү.

– Тура кал, бата сура!

– Көпүрө Анарбайдыкы болуп кала берет.

– Сиздин демилгеңизди эл дайыма баалайт.

Туш-туштан аны жаалап жиберишти.

Алардын сөзгө көнбөсүн түшүнгөн соң, Анарбай шылкыйып отуруп калды. Бата суралбай, орундарынан турушту.

Анарбай менен таанышуу ыкластуу, ынтаалуу башталып, коштошуу оор болду. Абышка кабагын салаңдатып, кадимкидей убайымга түштү. Аны инженер Турар өзү атказды. Анарбай атка минип, бастырып кетер алдында жигиттерге акыркы жолу көз чаптырды. Алардын иреңи кубанычтуу эле.

Анарбай кеткенден кийин көпүрөнүн жазы темиринин бетине электр менен ширетилген жазуу пайда болду:

«Анарбайдын көпүрөсү. 1969-жыл»

04.11.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.