Касым КАИМОВ

АНАРБАЙДЫН КӨПҮРӨСҮ

Касым КАИМОВ

– Бул маспы? – деп ойлоду абышка. – Мас болсун, соо болсун, мунусу туура эмес. Мындан ары унчукпай коюуга чыдабай, таягын булгалап, жигитке кыйкырды.

– Ай, бала, токтот!

Ак топуга эмне болду? – деп жигит моторду басып, кулак түрдү.

– Токтот дейм, токтот! – деген сөздү укту.

Менде бир эле начальник бар.

Жигит моторду кайрадан от алдырды. Абышка анын чымчыкейин түшүнбөгөндөй дале таягын сороктотуп, бирдеме айтып жаткансыды. Андан оңой кутулуу үчүн жигит начальникке карай кол жаңсады. Ак топу ишараатты жакшы түшүнгөнсүдү. Бөжөңдөй басып инженерге жетип барды.

– Балам, көпүрө сала турган жерди эмнеге басайтасың?

Инженер аны аң-таң тиктейт.

– Сизге эмне керек, ата?

– Катуулап айтчы? – Абышка ага кулагын тосуп суроосуна суроо укту.

– Сизге эмне керек, ата?

– Көпүрөнүн бийиги жакшы эмеспи. – Абышка аны кеңешке чакыргысы келип, кулагын кайрадан тосту.

– Ооба, бийиги жакшы.

Абышка жанына кылчайса, инженер жигит кеп-кеңеш бүткөндөй кетип баратыптыр.

Аңгыча бульдёзор жээкти оңурайта казды да, жөнөп кетти. Ошол жерге башка жумушчулар келишип, чуңкурду таш, цемент менен кайрадан толтурушту. Мына эми көпүрөнүн жерпайы бекем жана бийик болду. Абышка баятан бери бекер убараланып, балдарга бөөдө жаман көрүнгөнүн түшүндү.

– Азаматтар! – деди аларга ыраазылыгын билдирип.

Көпүрөнүн бийиктигинен көңүлү тынса да, ал ушул жерде дале айланчыктап жүрдү. Аны беймаза кылган дагы бир бүдөмүк суроо калды. Жин ургандай алабармандап жаткан ташкын тартыла электе түркүктү кантип орнотушат?

Булар эргишип калышты, суунун өжөрлүгү жеңер бекен же балдардын күчү жеңер бекен? – деп ойлойт абышка. Муну өз көзү менен көрүү өмүрдө унутулбай турган зор окуя, учтан түпкө чейин арзып айтар жомок эмеспи.

Ал ошол күндү, саатты саргая күттү.

Карыя жээктен алыс кетпей, мандаш урунуп, көпүрөнү тиктеп ойго батып отурат. Адамды таң калтыруучу укмушту өз көзү менен көрүүгө не жетсин?

Жумуш созулуп бараткансыйт. Күн таптуу. Карт дене магдырайт, талыкшыйт. Ал карылыкка жеңдирип, уйкуга алдырбас үчүн чымырканат, таягына мүлжүйгөн ээрдин такайт. Бирок алсыз көз түнөргөнсүп кирпиктери бири-бирине жабышып баратат...

Ал чоочугандай селт этет. Көпүрө жакты карайт. Аркайган узун темирлер жээктин эки жагына арта салынып калган. Атакей, бул эмнеси?

Карыя калчылдап ордунан туруп, жээкке жакындайт.

Ооба, түркүгү жок темир көпүрө! Түркүгү жок көпүрө да

болчу беле?

Көргөнүңдөн көрбөгөнүң көп деген ушул! – Ал жакасын карманат. – Адамзат илээге толгон экен?! Баракелде, балдарым?! – Ал жакасын карманды. – Ушуну көрбөй өлсөм арманда кетмек экенмин.

Ал курулушчулардын жанына келип: «Баракелде, балдарым!» – деди угуза. Суунун шары аларга сөз угузбады. Курулушчулар иштерин уланта беришти. Калган жумуш абышканы кызыктырбады. Аркайган темирлердин үстү эмне менен жабыларын, калган жумуштар кантип бүтөрүн айттырбай билди.

Өрөөндөгү биринчи темир көпүрө. Акылга сыйбаган мындай илээ кайдан чыкканын билгиси келип, айланасына көз жүгүрттү. Колуна балта, чот кармаган бир да киши жок. Айлананын баары темир, чоюн. Темирлерди кыймылга келтиргендер, иштеткендер кадимкидей эле башы кара, буту айры кишилер. Адам жана темир. Темир жана адам.

Таякка өбөктөгөн абышка көздөрүн жумду... Бир нерсени эстегендей болду. Көпкө турду…

Курулуш иши күнү-түнү жүрүп жатты. Баягы ак топулуу, чычайган аппак муруттуу абышка жээкке келбей калды. Анын келген-келбегени менен эч кимдин жумушу болбоду.

* * *

Курулуш жумуштары аяктады. Жумушчулар менен адистер кетүүгө камынышты. Көпүрөнү өткөрүп алуучу комиссияны күтүштү. Ошол учурда айыл тараптан келаткан атчан киши көзгө урунду. Аны көзгө чалдыктырган артынган кымызы, өңөргөн козусу. Жакындап келген атчан – баягы ак топулуу болуп чыкты. Бирок азыр башына кийгени ак калпак, үстүнө төө жүнүнөн жасалган жука саргыч чепкен. Ал кийими өзгөрүп, өзү да ат үстүндө олбурлуу. Аны менен атайын таанышпаган кишилер чычайган аппак мурутунан улам анын баягы ак топу экенин божомолдошту.

04.11.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.